Редакцияот 31.07.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз VI сессиясы (сегизинчи чакырылыш)

2025-жылдын 31-июлу № 5

Айылдык даарыгердик бөлмөсүнүн имаратын милиция бөлүмүнө берүү жөнүндө

Отуз-Адыр айыл аймагындагы бош турган айылдык даарыгердик бөлмөсүнүн имаратын натыйжалуу пайдалануу, жергиликтүү калкка кызмат көрсөтүүнү камсыз кылуу максатында, колдонулбай турган имаратты Отуз-Адыр айылынын милиция бөлүмүнө 3 (үч) жылдык убактылуу мөөнөткө берүүнү. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 18-беренесине ылайык Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айылдык даарыгердик бөлмөсүнүн имаратын милиция бөлүмүнө берүүгө макулдук берилсин

2.Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүнүн башчысына милдеттендирилсин

3.Бул токтомду кɵзɵмɵлдɵɵ Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеӊешинин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктɵлсүн.

 

Отуз-Адыр айылдык

кеңешинин тѳрагасы

 

Д. Атанов