Редакцияот 31.07.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз VI сессиясы (сегизинчи чакырылыш)

2025-жылдын 31-июлу № 10

Жер аянтын муниципалдык менчикке берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-беренесине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын II бөлүмүнүн 34- беренесине ылайык Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Отуз-Адыр айыл аймагына караштуу Сары-Колот айылындагы № 1069 контурундагы 1,75 га жер тилкесинен 0,06 га муниципалдык менчикке берүүгө макулдук берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл өкмөтүнө тапшырылсын. (Э.Эшиев)

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.(Н.Жусупов)

 

Отуз-Адыр айылдык

кеңешинин тѳрагасы

 

Д. Атанов