Редакцияот 31.07.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз VI сессиясы (сегизинчи чакырылыш)

2025-жылдын 31-июлу № 11

Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин 13.09.2022-ж XXVIII сессиясынын №2 Токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын II бөлүмүнүн 34-беренесине ылайык Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин 13.09.2022-ж XXVIII сессиясынын №2 Токтомуна өзгөртүү киргизилсин.

2.Отуз-Адыр айылында 120 орундуу “Алтын балалык” атындагы балдар бакчасы 10 сааттык иш тартибинде ачылсын

3.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.(Э.Эшиев)

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин административдик иштер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Отуз-Адыр айылдык

кеңешинин тѳрагасы

 

Д. Атанов