Редакцияот 31.07.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз VI сессиясы (сегизинчи чакырылыш)

2025-жылдын 31-июлу № 15

Отуз-Адыр айыл аймагына 2025-жылга “Дем берүүчү гранттардын” эсебинен айылдардын инфраструктурасын кɵтɵрүүгɵ долбоор тартуу жɵнүндɵ

Кара-Суу районунун  Отуз-Адыр  айыл аймагына караштуу  Кара-Дɵбɵ айылындагы ички А.Сарыбаев кɵчɵсүнɵ асфальт тɵшɵɵ долбооруна Дем берүүчү (үлүштүк) грант алуу үчүн даярдалган долбоорду талкуулап, ɵздүк салым катары 2025-жылдын жергиликтүү бюджетинен акча каражатын бɵлүп берүү максатында Отуз-Адыр айылдык кеӊеши 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Кара-Дɵбɵ айылындагы А.Сарыбаев кɵчɵсүнɵ асфальт тɵшɵɵ” долбоору жактырылсын 720000 (жети жүз жыйырма миң) сом акча каражаты ɵздүк салым катары бɵлүнүп берүүгө макулдук берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнѳ жүктѳлсүн. (Э.Эшиев)

3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Отуз-Адыр айылдык кеңешинин бюджет жана экономика жана инвестицияларды тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

 

Отуз-Адыр айылдык

кеңешинин тѳрагасы

 

Д. Атанов