АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Ак-Жар айылдык кеңешинин VII чакырылыш кезектеги IX сессиясы
2023-жылдын 20-январындагы № 46
“Ак-Жар айыл өкмөтүндөгү бала бакчаларында ата-энелер төлөмү жана кошумча план алуу жөнүндө”
Ак-Жар айылдык кеңеши бала бакчаларда ата-энелердин төлөмүн көтөрүү боюнча ФЭБ башчысынын милдетин аткаруучу Г.Токтосунованын маалыматын угуп, талкуулап, ата-энелер чогулуштарынын протоколун негиз кылып
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ак-Жар айыл өкмөтүндөгү бала бакчаларда ата-энелер төлөмү 2023-жылдын январь айынан тартып 800 (сегиз жүз) сомдон төлөм кабыл алуусуна макулдук берилсин.
2. Кошумча жеткирилген акча каражаты Ак-Жар айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн бала бакча бөлүмүнүн 22181100 беренесине 500,0 миң сом кошумча план алууга макулдук берилсин.
3. Токтомдун аткарылышы Ак-Жар айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын милдетин аткаруучу Г.Токтосуновага милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “Бюджеттик жана экономикалык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ак-Жар айылдык кеңешинин төрагасы | Турдали уулу К. |