АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Ак-Жар айылдык кеңешинин VII чакырылыш кезектеги IX сессиясы
2023-жылдын 20-январындагы № 47
“Тилекматов Токтосун Ата- Таза- Суу муниципалдык ишканасынын, абоненттерге тарифин бекитүү жөнүндө”
Ак-Жар айылдык кеңеши Тилекматов Токтосун Ата- Таза- Суу муниципалдык ишканасынын жетекчиси С.Жакыповтун маалыматын угуп талкуулап, жана айылдарда өткөн элдик жыйындарды негиз кылып
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Тилекматов Токтосун Ата- Таза- Суу муниципиалдык ишканасынан таза суу пайдаланган кожолук үчүн айына;
Короого суу түтүгүн киргизгендерге - 150 сом;
Жалпы пайдалануудагы суу түтүктөрүнөн пайдалангандарга - 100 сом; өлчөмүндө төлөм алуусуна макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Жар айылдык кеңешинин “социалдык маселелер, жана билим берүү боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Ак-Жар айылдык кеңешинин төрагасы | Турдали уулу К. |