АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Ак-Жар айылдык кеңешинин VII чакырылыш кезектеги IX сессиясы
2023-жылдын 20-январындагы № 48
«Какыр айылынын жаңы көчөсүнө наам берүү жөнүндө”
Ак-Жар айылдык Кеңеши татыктуу инсандардын наамын көчөлөргө берүүнү дайыма колдоп келет. Ушул максатта 2022-жылдын 21-декабрындагы Какыр айылынын түштүк-батыш тарабынын жаны чегиндеги көчө жашоочуларынын жалпы чогулушунун протоколунун негизинде
Токтом кылат
1. Какыр айылынын түштүк-батыш тарабындагы, жаңы чектеги көчөсүнө, көчө жашоочуларынын жогорудагы протоколунун негизинде, Какыр айылында туулуп жашап өткөн Шерматов Кудайбердинин наамы берилсин. Мындан ары ал көчө “Шерматов Кудайберди атындагы көчө” деп аталсын.
2. Шерматов Кудайбердинин балдарына, тууган уруктарына, көчөдөгү көрсөтмө такталарын илүү, жана көчөнүн шарттарын жакшыртуу маселелери сунуш кылынсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “ Социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына жана Какыр айылынын айыл башчысына тапшырылсын.
Ак-Жар айылдык кеңешинин төрагасы | Турдали уулу К. |