Загрузка документа…
КАТТА-ТАЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 7-апрели № 10/2
Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2022-жылдын 22-мартындагы №01-52/33 буйругун, Кара-Суу райондук мамлекеттик админстрациясынын 2022-жылдын 26-мартындагы Кыргыз Республикасынын Президентинин2022-жылдын 24-февральындагы «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» №54 Жарлыгын аткарууга алуу жөнүндө» №92 буйругун аткарууга алуу жөнүндө
Катта-Талддык айылдык кеӊешинин депутаттары күн тартибиндеги маселени кеӊири талкуулап чыгып Кыргыз Республикасында «үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Прездентинин 2022-жылдын 24-февральындагы ПЖ №54 Жарлыгын аткаруу боюнча эл арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүлгөн тартипте алып баруу керектигин, себеби бул адаттар кыргыз элинин калын катмарына каттуу сиӊип кеткендигин, ошондуктан бул жарлыкты аткарууда көп тоскоолдуктар жараларын, бул ишке диний уюмдардын, айыл өкмөтүнүн, жарандык коомдун өкүлдөрүн жана айылдык кеӊештин депутаттарын тартып, жана жапа тырмак киришкенде кана жыйынтык болоорун белгилешти.
Кыргыз Республикасынын Прездентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2022-жылдын 22-мартындагы №01-52/33 буйругун, Кара-Суу райондук мамлекеттик админстрациясынын 2022-жылдын 26-мартындагы «Кыргыз Республикасынын Прездентинин 2022-жылдын 24-февральындагы» Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө№54 Жарлыгын аткарууга алуу жөнүндө №92 буйругун, Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн буйрукарын, Кыргыз Республикасынын Прездентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2022-жылдын 22-мартындагы №01-52/33 буйругун №1-тиркемесиндеги райондук маанидеги шаарларда,айылдарда жана башка калктуу конуштарда үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын, ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө тийиштүү жобону жетекчиликке алып,аны аткаруу максатында Катта-Талдык айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2022-жылдын 22-мартындагы №01-52/33 буйругун, Кара-Суу райондук мамлекеттик админстрациясынын 2022-жылдын 26-мартындагы Кыргыз Республикасынын Президентинин2022-жылдын 24-февральындагы «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» №54 Жарлыгын аткарууга алуу жөнүндөгү» №92 буйругун аткарууга жана жетекчиликке алынсын .
2. Кыргыз Республикасынын Прездентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2022-жылдын 22-мартындагы №01-52/33 буйругун №1-тиркемесиндеги райондук маанидеги шаарларда,айылдарда жана башка калктуу конуштарда үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын, ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө тийиштүү жобонун үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүнүн тартиби боюнча 3-бөлүктүн:
3.3-бөлүкчөсүндө:- «үйлөнүү той ыктыярлары менен эки тараптык (кудалар) эсебинен 200 адамга чейин «Банкеттик кече» же конок тосуу менен «Салттуу той»формасында өткөрүлөт жана ысрапкерчиликке жол берилбейт.үйлөнүү тойунда ири бодо мал, же жылкы союга уруксат берилет. Бирок ашыкча сый дастарконду уюштурууга тыюу салынат» -бул талап аткарылбаган учурда 200 000 (эки жүз миӊ) сом айып пул салынат.
Меймандарга себет тартылбайт,тойго да себет көтөрүп келүүгө тыюу салынат.-бул талап аткарылбаган учурда 10 000(он миӊ)сом айып пул салынат.
3.4-бөлүкчөсүндө:»Кудалашуудан баштап үйлөнүү тойго байланышкан бардык иш чараларда (каада-салттарда) эки жаштын ата-энесинин өз ара макулдашуусу менен белгиленип өткөрүлүп, эки тараптын туугандарына,конокторуна,сый кийимдерди берүүгө тыюу салынат –бул талапты аткарылбаган учурда -30 000 (отуз миӊ)сом айып пул салынат .
Кыз жигитке жана алардын ата-энесине кана сый кийимдерди, белектерди берүүгө уруксат берилет.
3.5-бөлүкчөсүндө:-«Тойдон кийинки салттык отко кирүү,кыз көрдү,төркөлөтүү, ж.б.у.с. кечелер өз ыктыярлары менен эки куданын үй-бүлөсү арасында 12ден ашпаган адамдын катышуусунда өткөрүлөт.» -бул талап аткарылбаган учурда 30 000 (отуз миӊ)сом айып пул салынат .
3.6-бөлүкчөсүндө:- «Кыз узатууда 10-15 тен ашык түрдүү кийим-кече,күйө баласын 40 күн багуу, ар майрам сайын күйө балага баалуу белектерди берүүгө тыюу салынат.»- бул талапты аткарбаган учурда -50 000(элүү миӊ)сом айып пул салынат.
3.7-бөлүкчөсүндө- «Кыз тарапка той алып барганда 12адам,күйөө жолдоштор 10дон ашпоосу керек.- бул талапты аткарбаган учурда -50 000(элүү миӊ)сом айып пул салынат.
3.8.-бөлүкчөсүндө – «Жарандык актыларды каттоо органдарда никени мамлекеттик каттоодон өткөрүү салтанатында 3 төн ашуун транспортту колдонууга тыюу салынат »- бул талапты аткарбаган учурда -50 000(элүү миӊ)сом айып пул салынат.
3.9.-бөлүкчөсүндө:- «Жашы жете элек кыздарга молдо тарабынан нике кыюга тыюу салынат.»-бул талап аткарылбаган учурда -20 000(жыйырма миӊ)сом айып пул салынат.
4-бөлүктүн 4.1.-бөлүкчөсүндө:-«Маркумду эскерүү ырым-жырымдары райондук маанидеги шаарларда ,айылдарда жана башка калктуу конуштарда калыптанып калган жергиликтүү эрежелер жан тартип боюнча киргизилген чектөөлөрдү жана тыюуларды бекем сактоо менен өткөрүлөт.»
4.2.-бөлүкчөсүндө:-«Маркум чыккан (азалуу)үйдө алгачкы үч күн ичинде эч кандай жандык союлбайт, келгендерге дастаркон жайылбайт,тамак-аш берилбейт.»-бул талап аткарылбаган учурда -200 000(эки жүз миӊ) сом айып пул салынат.
4.3.»Сөөк коюу жана аза күтүү ырым-жырымына ири бодо мал,жылкы союга тыюу салынат»-бул талап аткарылбаган учурда -300 000(үч жүз миӊ)сом айып пул салынсын.
4.4.»Маркумга атап үчтүк,бейшембилик,кырктык,жылдык,айттыгын белгилөөгө жана дастаркон даярдоого тыюу салынат.»-бул талап аткарылбаган учурда -100 000(жүз миӊ)сом айып пул салынат.
4.5.»Сөөк коюуда жана аза күтүүдө кийит кийгизүүгө (баш кийим,чепкен,көйнөк ж.б.у.с.)»маркум өткөн жерде кандайдыр бир кездемени кичинекей бөлүкчөлөргө айрып,»жыртыш»таратып берүү,майда барат буюмдарды (чыны,табак,дастаркон,самын,жип,чай,ж.б.у.с.) таратууга тыюу салынат –бул талап аткарылбаган учурда -10 000(он миӊ)сом айып пул салынат.
Кабыр казгандарга берилүүчү кызмат акы жергиликтүү комиссиянын макулдугу менен чектелет».
4.6. – бөлүкчөсүндө: - «Кабырдын үстүндө күмбөз жана башка нерселерди тургузуу шариятта жок нерсе болгондуктан тыюу салынат» - бул талап аткарылбаган учурда – 100 000 (жүз миӊ) сом айып пул салынат.
4.7. – бөлүкчөсүндө: - «Аза күндөрү бүткөндөн кийин сөөк чыккан үйдө атайын бир күндү белгилебей ошол үйдүн экономикалык абалына жараша, карыз албастан каалаган убакта бир жолу кайрымдуулук иретинде куран окутууга уруксат берилет».
3. Ушул токтомду аткаруу жана иш жүзүнө ашыруу айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 28-мартындагы№43 буйругунун негизинде түзүлгөн комиссияга жүктөлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеӊештин Мыйзамдуулук, укук, мандат, тартипти чыӊдоо, кеӊештин ишин, депутаттык этика, коомдук уюмдар боюнча комиссияга милдеттендирилсин.
Катта-Талдык айылдык кеӊешинин төрагасы: | А. А. Муратов |