Редакцияот 03.11.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКCИЗ XV СЕССИЯСЫ

2025-жылдын 3-ноябры №77/15-6

Токмок шаарынын муниципалдык менчигиндеги

автотранспорт каражаттарды жана жабдууларды эсептен чыгарууга

Токмок шаарынын мэриясына макулдук берүү жөнүндө

 

Токмок шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 27-октябрындагы кириш №01-07/191 катынын жана Токмок шаардык кеңешинин Ишкердикти, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу комиссиясынын 2025‑жылдын 27-октябрындагы отурумунун №17 протоколунун негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын, Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Токмок шаарынын муниципалдык менчигиндеги автотранспорт каражаттарды жана жабдууларды тиркемеге ылайык эсептен чыгарууга, аукцион аркылуу сатуу жолу менен, Токмок шаарынын мэриясына макулдук берилсин.

2. Бул токтом Токмок шаардык кеңешинин сайтына жарыялансын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Токмок шаардык кеңешинин Ишкердикти, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

М.Т.Тынайбеков

 

 

Токмок шаардык кеңешинин

2025-жылдын 3-ноябрындагы

№77/15-6 токтомуна тиркеме

 

№

АКынын,

жабдуунун

аталышы

АКынын,

жабдуунун

каттоо номери

АКынын,

жабдуунун

чыгарылган жылы

Чарба жүргүзүүдө

АКынын,

жабдуунун абалы

1.

ВАЗ 21053

0122 ST

1994-ж.

“

 

 

 

 

 

Токмок Водоканал”

муниципалдык ишкана

Техника өзүнүн физикалык ресурсун иштетти

“Оценка плюс” ЖЧКсы, каттоо.№0073/2, 05.09.2025-ж.

2.

ГАЗ САЗ

3511

2392 ST

1993-ж.

Техника өзүнүн физикалык ресурсун иштетти

“Оценка плюс” ЖЧКсы, каттоо.№0073/2, 05.09.2025-ж.

3.

ГАЗ 53 АНМ

330 ST

1971-ж.

Техника өзүнүн физикалык ресурсун иштетти

“Оценка плюс” ЖЧКсы, каттоо.№0073/2, 05.09.2025-ж.

4.

КамАЗ

353212

0917 ST

1988-ж.

Техника өзүнүн физикалык ресурсун иштетти

“Оценка плюс” ЖЧКсы, каттоо.№0073/2, 05.09.2025-ж.

5.

Mitsubishi

Carisma

30 92 ST

2003-ж.

Техника өзүнүн физикалык ресурсун иштетти

“Оценка плюс” ЖЧКсы, каттоо.№0073/2, 05.09.2025-ж.

6.

Ширетүүчү

агрегат

(САГ)

№524103

1979-ж.

Жабдуунун абалы мындайча бааланат: “Бул жабдууну сатууга

рационалдуу перспективалар жок, аны сатуу мүмкүнчүлүгү болгону

анын негизги материалдарынан алынуучу наркка (скраптык баага) гана

каралган”.

Оценка плюс” ЖЧКсы, каттоо.№0073/2, 05.09.2025-ж.

7.

Жылмалуучу

генератор

19-68 ST

1989-ж.

Жабдуунун абалы мындайча бааланат: “Бул жабдууну сатууга

рационалдуу перспективалар жок, аны сатуу мүмкүнчүлүгү болгону

анын негизги материалдарынан алынуучу наркка (скраптык баага) гана

каралган”.

“Оценка плюс” ЖЧКсы, каттоо.№0073/2, 05.09.2025-ж.

Кыскартуу: АК – автотранспорт каражаты.

 

 

Токмок шаарынын

Муниципалдык менчик

башкармалыгынын

начальнигинин у.м.а.

 

 

 

Э.С.Иманалиев