КАРА-БҮРГӨН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин кезектеги 14-сессиясы
2025-жылдын 18-августу № 14/4
Ак-Чий жана Жаңы-Тилек айылдарынын тургундарынын 2025-жылдын 9-апрелинде №10 жыйынында кабыл алган жазгы талаа жумуштарына, сугат, чөп чабык жана жайыт пайдалануу тартибине байланыштуу сунуштарын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык, 2025-жылдын 9-апрелиндеги №10 Ак-Чий жана Жаңы-Тилек айылдарынын тургундарынын жалпы жыйынында кабыл алынган чечимдерди карап чыгып, жазгы айдап-себүү, чөп чабуу өнөктүгү жана жайлоого көчүп-конуу мезгилине байланыштуу айыл тургундарынын сунуштарын, айыл турмушунун шарттарын эске алуу менен Кара-Бүргөн айылдык кеңеши ТОКТОМ кылат
1. Төмөнкү сунушталган тарифтер жана тартиптер2025–2026-2027-жылдар аралыгындаАк-Чий жана Жаңы-Тилек айылдарынын тургундарына колдонууга сунуш кылынсын.
Айдап-себүү иштери (1 га үчүн):
Жер түрү | Айдоо | Малалоо | Себүү | Жалпысы | Күйүүчү май |
Мурун айдалган жер | 2100 сом | 800 сом | 800 сом | 3700 сом | 45 литр |
Жаңы айдалып жаткан жер | 2100 сом | 800 сом | 800 сом | 3700 сом | 45 литр |
· Шакап салуу – 100 сом жана 3 литр күйүүчү май
Чөп чабык иштери:
Кызмат | Акысы |
Жатка (1 га) | 1300 сом жана 10 литр күйүүчү май |
Пресс (1 даана) | 15 сом жана 10 литр күйүүчү май |
Бадачы акысы жана жайыт пайдалануу тартиби төмөнкүдөй сунушталсын:
Бада акысы (жылдык):
Мал түрү | Акысы |
Ири мүйүздүү мал | 500 сом |
Майда жандык (кой, эчки, козу, улак) | 80 сом |
Жылкы | Жылкы ээлери өз ара сүйлөшүү жолу менен чечет |
Жайыт акысы (жылдык) бекитилсин.
Мал түрү | Акысы |
Жылкы | 100 сом |
Уй | 100 сом |
Топоз | 100 сом |
Кой, эчки | 20 сом |
Мал жоготууга байланыштуу жоопкерчилик:
Мал түрү | Бадачы төлөй турган сумма |
Козу | 8 000 сом |
Кой | 12 000 сом |
Торпок | 35 000 сом |
Уй | 60 000 сом |
Кулун | 30 000 сом |
Жылкы | 75 000 сом |
Эгерде мал оорудан же табигый кырсыктан өлсө, ал далил менен тастыкталса, бадачы жоопкерчилик тартпайт.
Көчүп-конуу мөөнөтү төмөнкүдөй сунушталсын:
· Орто жайлоолорго көчүү – Ар жылдын 1-майына чейин
· Сырт жайлоолорго – Ар жылдын 1-июнунан 1-октябрына чейин
· Мал 1-октябрга чейин сырткы жайлоолордо кармалышы сунушталат.
Орто жайлоолордо кароосуз калган мал үчүн чаралар:
· Ар жылдын 01-июндан тартып орто жайлоолордо калган жана кароосуз жүргөн малдар дыйкандар тарабынан камакка алынат.
· Айып салуу:
Мал түрү | Айып өлчөмү |
Бодо мал | 1000 сом / башына |
Майда жандык | 50 сом / башына |
2. Кабыл алынган тартипти жана макулдашууларды бузган учурларда тиешелүү тараптар Кыргыз Республикасынын “Бузуулар жөнүндө” мыйзамынын негизинде жоопко тартылары эскертилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдетин жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеӊештин төрагасы | Б. Кемелов |