Загрузка документа…
КАТТА-ТАЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 7-апрели № 10/3
Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн аймагындагы Жаӊы-турмуш айылынын жарандарынын суроо-талаптарынын канаттандыруу үчүн. Мектеп, бала-бакча,тейлөө-үйү,кичи футбол аянтчасын куруу үчүн жер тилкесин ажыратып берүү жөнүндө
Катта-Талдык айылдык кеӊешинин депутаттары «Кыргыз мамжердолбоор» институтунун Ош облустук жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын 2022-жылдын 15-марттагы №01-8/5-04-06/159 чыгыш саны менен берилген корутундуусунун негизинде Кыргыз Республикасынын .Жер кодексинин 13-беренесинин I-бөлүгүнүн 3-бөлмүмчөсүнүн жана Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик админстрация алдындагы башкаруу органдары жөнүндө мыйзамынын 34-беренесинин 1-бөлүгүнүн талаптарына ылайык Катта-Талдык айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн Жаӊы-Турмуш айылындагы №23 контурундагы 3,50га кайрак айдоо жер аянттын «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан Социалдык объектилер жерлерине категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Катта-Талдык айыл өкмөтүнө тапшырылсын .
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Катта-Талдык айылдык кеӊешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Катта-Талдык айылдык кеӊешинин төрагасы: | А. А. Муратов |