Загрузка документа…
|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-октябрындагы № 690 токтомуна) |
Балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунун ТИПТҮҮ УСТАВЫ
1-глава. Жалпы жоболор жана укуктук статусу
1. Балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунун типтүү уставы (мындан ары - Типтүү устав) Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан жана балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунун негизги максаттарын жана милдеттерин, укуктук абалын аныктайт, башкаруу түзүмүн, башкаруу жана тең башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын, ошондой эле билим берүү процессинин катышуучуларынын укуктарын жана милдеттерин белгилейт.
2. Бул Типтүү устав балдарга кошумча билим берүүнүн мамлекеттик жана муниципалдык менчик формасындагы билим берүү уюмдары үчүн милдеттүү болуп саналат жана жеке менчик формасындагы балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмдары үчүн үлгү катары пайдаланылышы мүмкүн.
3. Балдарга кошумча билим берүүнүн мамлекеттик жана муниципалдык менчик формасындагы билим берүү уюму мекеменин уюштуруу-укуктук формасындагы коммерциялык эмес уюм болуп саналат. Балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунун ишинин мөөнөтү чектелбейт.
4. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары балдарга кошумча билим берүүнүн мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын уюштуруучулары болуп саналат.
5. Балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюму Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык юридикалык жак болуп саналат жана өзүнүн атынан мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарды алууга жана милдеттерди тартууга, келишимдерди түзүүгө, сотто доогер жана жоопкер болууга, ыкчам башкаруу укугунда обочолонгон мүлккө ээ болууга, негизги жана жүгүртүлүүчү каражаттарга, өз алдынча баланска, банктардагы алыш-бериш жана башка эсептерге, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөргө, штампка жана бланктарга ээ болууга укуктуу.
6. Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарынын ченемдерине ылайык балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюму юридикалык жактын же филиалдын статусу бар түзүмдүк бөлүмдөрдү түзүүгө, аларга обочолонгон мүлк берүүгө укуктуу.
7. Балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунун уставы төмөнкү главалардан турат:
1) жалпы жоболор жана укуктук статусу;
2) иштин негизги максаттары жана предмети;
3) башкаруу жана тең башкаруу органдары;
4) билим берүү процессинин катышуучуларынын укуктары жана милдеттери;
5) мүлкү жана финансылык-чарбалык иши;
6) эсепке алуу, отчеттуулук жана аудит;
7) кайра уюштуруу жана жоюу тартиби;
8) корутунду жоболор.
8. Балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунун уставы Балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюму жөнүндө типтүү жобонун жана Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актыларынын жоболорун эске алуу менен ушул Типтүү уставдын негизинде иштелип чыгат.
9. Балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунун уставында төмөнкүлөр милдеттүү түрдө көрсөтүлөт: мамлекеттик жана расмий тилдерде толук жана кыскартылган фирмалык аталышы, юридикалык дареги (жайгашкан жери), ошондой эле уюштуруучу (толук фирмалык аталышы, реквизиттери жана юридикалык дареги). Уюмда юридикалык жактын статусу бар түзүмдүк бөлүм же филиал болгон учурда уставда анын дареги кошумча көрсөтүлөт.
10. Балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюму уставды Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарына жана ушул Типтүү уставга ылайык өз алдынча иштеп чыгат.
2-глава. Иштин негизги максаттары жана предмети
11. Балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунун негизги максаттары билим алуучулардын жалпы инсандык маданиятын калыптандыруу, алардын жеке өзүн-өзү аныктоосун өнүктүрүү, жөндөмдөрүн ишке ашыруу, коомдогу социалдык жашоого адаптациялоо, жарандык аң-сезимин, жалпы маданиятын, Ата Мекенди сүйүүгө, адамдын укуктары менен эркиндиктерин, үй-бүлөнүн баалуулуктарын жана курчап турган жаратылышты урматтоого калыптандыруу, ошондой эле толеранттуулукка, эмгекти сүйүүгө, сергек жашоо мүнөзүн жана уюшкандыкты жактоого тарбиялоо болуп саналат.
12. Балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюму билим алуучуларды инсандын, коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыгында окутууну жана тарбиялоону жүзөгө ашырат, инсандын ден соолугун коргоону жана ар тараптуу өнүгүүсү, анын ичинде өз алдынча билим алууга жана кошумча билим алууга болгон керектөөлөрдү канааттандыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнү камсыз кылат.
13. Балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунун уставында иштин негизги жана кошумча түрлөрү, анын ичинде акы төлөнүүчү негиздеги иштин түрлөрү көрсөтүлөт.
Балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунун ишинин негизги түрлөрү Балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюму жөнүндө типтүү жободо каралган багыттар боюнча кошумча билим берүү программаларын ишке ашырууну камтыйт.
Иштин негизги түрлөрү билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен каражаттардын чегинде жүзөгө ашырылат.
Иштин кошумча түрлөрүнө билим берүү, маданий-агартуу, эс алуу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык көрсөтүлүүчү башка кызматтар кирет.
Иштин кошумча түрлөрү, анын ичинде акы төлөнүүчү негиздеги билим берүү кызмат көрсөтүүлөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана билим алуучулардын ата-энелери (мыйзамдуу өкүлдөрү) менен түзүлгөн келишимдердин негизинде ийрим иштеринин чектүү ставкаларынан тышкары ишке ашырылат.
Иштин конкреттүү негизги жана кошумча түрлөрүнүн тизмеги балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунун профилин, багытын, материалдык-техникалык базасын жана кадрдык потенциалын эске алуу менен аныкталат.
Акы төлөнүүчү негиздеги кошумча билим берүү кызмат көрсөтүүлөрү балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюму менен билим алуучунун ата-энесинин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде билим алуучулардын жана алардын ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) макулдугу менен көрсөтүлөт.
Топтордун толушу төмөнкүдөй:
- спорттук жана бий жамааттары - 15-30 бала;
- калган топтор - кеминде 10-20 бала;
- кичи топтор - 5-6 адам.
Зээндүү балдар менен сабактар жекече түрдө өткөрүлүшү мүмкүн.
Сабактардын узактыгы төмөнкүдөй түрдө белгиленет:
- 3 жаштан 6 жашка чейинки балдар үчүн - 30 мүнөт;
- 8 жаштан 18 жашка чейинки балдар үчүн - 45 мүнөт.
Топтордун ишине балдар менен бирге алардын ата-энелери (мыйзамдуу өкүлдөрү) шарттар жана топтун жетекчисинин макулдугу болгон учурда топтун негизги курамына киргизилбестен катыша алышат.
14. Балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунун уставында төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) билим берүү процессин уюштуруу тартиби;
2) иштин багыттары;
3) программаларды өздөштүрүүнүн формалары жана окутуунун тили;
4) топтордун (бирикмелердин) чектүү толушу, сабактардын, окуу жумасынын жана окуу жылынын узактыгы.
3-глава. Башкаруу жана тең башкаруу органдары
15. Балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунун жогорку башкаруу органы болуп уюштуруучу, эки же андан көп уюштуруучу болгон учурда - уюштуруучулардын жалпы чогулушу (мындан ары - уюштуруучу/уюштуруучулар) саналат.
16. Уюштуруучунун/уюштуруучулардын ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:
1) уставды бекитүү, ага өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү;
2) балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунун ишинин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо;
3) жоюу жана/же кайра уюштуруу жөнүндө чечим;
4) филиалдарды түзүү жана жоюу жөнүндө чечим;
5) башка башкаруу жана тең башкаруу органдарынын компетенциясына кирбеген иштин башка маселелерин чечүү.
17. Балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмун директор түздөн-түз жетектейт. Балдарга мамлекеттик жана муниципалдык кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунун директорун дайындоо конкурстук тандоонун жыйынтыктары боюнча 5 жылдык мөөнөткө жүзөгө ашырылат.
Балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунун директорун кызмат ордунан которуу жана бошотуу Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат. Директор жок болгон мезгилде анын милдеттери директордун окуу-тарбиялоо иши боюнча орун басарына, директордун окуу-тарбиялоо иши боюнча орун басары жок болгон учурда - балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунун педагогикалык курамынын мүчөлөрүнүн бирине жүктөлөт.
18. Балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунун директору кызматтык милдеттерине, эмгек келишимине жана балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунун уставына ылайык балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунун ишинин натыйжасы үчүн билим алуучулардын ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн), мамлекеттин жана коомдун алдында жеке жоопкерчилик тартат.
Директор жеке жана юридикалык жактарга жайларды, жабдууларды жана инвентарды мыйзамсыз бергендиги, ошондой эле билим берүү уюмунун мүлкүн ижарага берүүдөн түшкөн каражаттарды максатсыз пайдалангандыгы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
19. Балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунун директорунун ыйгарым укуктары Балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюму жөнүндө типтүү жободо белгиленген. Уюштуруучу/уюштуруучулар Кыргыз Республикасынын жарандык укуктук мамилелер жана билим берүү жаатындагы мыйзамдарынын ченемдерине каршы келбеген кошумча укуктарды жана милдеттерди жүктөөгө укуктуу.
20. Балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунда өз алдынча башкаруу органдары болуп төмөнкүлөр саналат: кызматкерлердин жалпы чогулушу, көзөмөлчүлүк, педагогикалык жана методикалык кеңештер, ата-энелер комитети жана окуучулардын өз алдынча башкаруусу.
21. Кызматкерлердин жалпы чогулушунун (мындан ары - жалпы чогулуш) курамына балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунун бардык кызматкерлери же негизги иштеген жери боюнча иштеген кызматкерлер гана кирет. Жалпы чогулуш директордун, педагогикалык кеңештин, башка тең башкаруу органдарынын демилгеси боюнча же жалпы чогулуштун мүчөлөрүнүн кеминде төрттөн биринин демилгеси боюнча зарылдыгына жараша, бирок жылына 1 жолудан кем эмес чакыртылат.
22. Кызматкерлердин жалпы чогулушунун ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:
1) балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунун ишинин негизги багыттарын, аны өнүктүрүү келечектерин аныктоо;
2) Ички эмгек тартибинин эрежелерин бекитүү;
3) балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунун кызматкерлери менен эмгек мамилелерин жөнгө салуучу локалдуу актыларды кабыл алуу (эмгекти коргоо жөнүндө жана этика боюнча комиссия жөнүндө жобо);
4) кызматкерлерди (материалдык эмес мүнөздөгү) жана билим алуучуларды сыйлоо чараларын кароо;
5) кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугунун критерийлерин жана көрсөткүчтөрүн аныктоо;
6) кызматкерлердин эмгегин уюштуруу жана кесиптик өркүндөтүү үчүн оптималдуу шарттарды түзүүгө көмөктөшүү;
7) балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунун ишин өнүктүрүү боюнча демилгелерди колдоо;
8) балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунун уюштуруучусу жана/же администрациясы тарабынан аныкталуучу, Кыргыз Республикасынын жарандык укуктук мамилелер жана билим берүү жаатындагы мыйзамдарынын ченемдерине каршы келбеген башка ыйгарым укуктар.
23. Балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунун уставында жалпы чогулуштун ыйгарым укуктарынын мөөнөтү, түзүмү жана анын иштөө тартиби кошумча көрсөтүлөт.
24. Көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын, балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунун ишинин ачык-айкындуулугун, ошондой эле бюджеттен тышкаркы каражаттарды натыйжалуу пайдаланууну жогорулатууга көмөктөшүү максатында көзөмөлчүлүк кеңеши түзүлөт.
Көзөмөлчүлүк кеңештери жеке жана юридикалык жактардын ыктыярдуу төгүмдөрүнөн жана кайрымдуулуктарынан, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка түшүүлөрдөн түзүүчү финансылык жана башка материалдык каражаттарды ыктыярдуу негизде тарта алат.
25. Көзөмөлчүлүк кеңешинин ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:
1) уюштуруучу/уюштуруучулар тарабынан балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмун өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгууга жана кабыл алууга, ошондой эле кошумча билим берүүнүн сапатын жогорулатууга көмөктөшүү;
2) балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмун өнүктүрүүгө гуманитардык жардамды (инвесторлорду, меценаттарды) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген каржылоонун башка булактарын тартуу;
3) балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюму үчүн тартылган бюджеттен тышкаркы каражаттардын чыгымдарынын сметасынын аткарылышын көзөмөлдөө;
4) учурдагы жана келечектеги милдеттерди чечүүгө, балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмун өнүктүрүүгө жана натыйжалуу иштешине көмөктөшүү.
26. Балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунда окуу-тарбия процессин өнүктүрүү жана өркүндөтүү, мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу жана чыгармачылыгын өстүрүү максатында педагогикалык кеңеш түзүлөт. Педагогикалык кеңештин курамына балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунун бардык педагогикалык кызматкерлери кирет. Педагогикалык кеңештин төрагасы болуп балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунун директору саналат. Педагогикалык кеңеш зарылдыгына жараша балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунун директору тарабынан чакыртылат.
27. Педагогикалык кеңештин ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:
1) балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмун өнүктүрүүнүн негизги багыттарын ишке ашыруу;
2) тарбиялоонун жана окутуунун жаңы инновациялык методдорун киргизүү маселелерин кароо;
3) методикалык кеңештин отчетторун угуу;
4) окуу жана тарбия иштерине талдоо жүргүзүү;
5) балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунун жарым жылдык жана жылдык ишинин жыйынтыктарын чыгаруу;
6) педагогдордун квалификациясын жогорулатуу системасын өнүктүрүү, алардын чыгармачылык демилгелерин өнүктүрүү боюнча сунуштарды киргизүү;
7) педагогикалык жана башка кызматкерлерди сыйлоого көрсөтүү;
8) балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунун уюштуруучусу жана/же администрациясы тарабынан аныкталуучу башка ыйгарым укуктар.
28. Билим берүүнүн системалуулугун камсыз кылуу, педагогдордун квалификациясын жогорулатуу, кесиптик сапаттарды калыптандыруу жана балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмдарында алардын кесиптик чеберчилигин жогорулатуу максатында методикалык кеңеш түзүлөт.
Методикалык кеңештин курамына директордун окуу-тарбия иши боюнча орун басарлары, балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын иш багыттары боюнча бөлүмдөрдүн башчылары жана методисттер кирет. Балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунун директорунун чечими боюнча методикалык кеңештин курамына ийримдердин жетекчилери киргизилиши мүмкүн.
Методикалык кеңештин курамында иштин ар кандай багыттары боюнча секциялар түзүлүшү мүмкүн.
29. Методикалык кеңештин ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:
1) билим берүү жана тарбиялоо процессинде окутуунун жана тарбиялоонун заманбап методикаларын, формаларын, каражаттарын жана методдорун, жаңы билим берүү технологияларын пайдаланууга көмөк көрсөтүү;
2) методикалык иштин негизги багыттарын иштеп чыгуу;
3) балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунун методикалык бирикмелеринин ишин координациялоо;
4) педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу, алардын чыгармачылык демилгелерин өнүктүрүү боюнча иштерди уюштуруу;
5) инсанга багытталган педагогикалык ишти өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү, педагогдун өз алдынча билим алуусу, өзүн-өзү өркүндөтүүсү жана өзүн-өзү өнүктүрүүсү үчүн шарттарды камсыз кылуу;
6) балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунун уюштуруучусу жана/же администрациясы тарабынан аныкталуучу башка ыйгарым укуктар.
30. Билим берүү процессин уюштурууда педагогикалык жамаатка жардам көрсөтүү, ошондой эле балдарды социалдык жактан колдоо максатында балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунун ата-энелер комитети түзүлөт.
31. Балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунун ата-энелер комитетине иштин багыттары боюнча ар бир бирикмеден билим алуучулардын ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) ичинен өкүл шайланат.
32. Ата-энелер комитетинин ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:
1) билим берүү процессин ишке ашыруу, билим алуучулардын өмүрүн жана ден соолугун коргоо, инсандын эркин өнүгүүсү үчүн шарттарды өркүндөтүү;
2) билим алуучулардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо;
3) жалпы мектептик иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү;
4) билим берүү процессин өркүндөтүү маселелери боюнча башкаруу жана тең башкаруу органдары, администрация менен кызматташуу;
5) балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунун материалдык-техникалык базасын чыңдоого катышуу;
6) ата-энелер коомун балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунун ишине активдүү катышууга тартуу;
7) балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунун уюштуруучусу жана/же администрациясы тарабынан аныкталуучу башка ыйгарым укуктар.
33. Балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунда ыктыярдуу негизде окуучулардын өз алдынча башкаруу органдары жана окуучулардын уюмдары да түзүлүшү мүмкүн. Балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюму окуучулар уюмдарынын өкүлдөрүнө зарыл болгон маалыматтарды берет жана алардын билим алуучулардын кызыкчылыктарына тиешелүү маселелерди талкуулоодо башкаруу жана тең башкаруу органдарынын жыйналыштарына катышуусуна жол берет.
34. Балдарга кошумча билим берүү уюму жамааттын жалпы чогулушу, көзөмөлчүлүк, педагогикалык жана методикалык кеңештер, ата-энелер комитети жана окуучулар уюмдары жөнүндө жоболорду иштеп чыгат жана бекитет.
4-глава. Билим берүү процессинин катышуучуларынын укуктары жана милдеттери
35. Билим берүү процессинин катышуучуларына төмөнкүлөр кирет: билим алуучулар, педагогикалык кызматкерлер, балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунун окуу-көмөкчү жана башкаруу персоналы, билим алуучулардын ата-энелери (мыйзамдуу өкүлдөрү).
36. Балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунун уставында Кыргыз Республикасынын эмгек мамилелери жана билим берүү жаатындагы мыйзамдарынын ченемдерине ылайык балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунун, билим алуучулардын, педагогикалык кызматкерлердин жана билим алуучулардын ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) укуктары жана милдеттери көрсөтүлөт.
37. Окутуунун достук жана коопсуз чөйрөсүн түзүү, балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюму менен ата-энелер коомчулугунун ортосунда, балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюму менен билим алуучунун ата-энесинин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) ортосунда өз ара аракеттенүүнү күчөтүү үчүн келишим түзүлөт.
Балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунун уставында келишим түзүү тартиби, аны узартуу жана бузуу шарттары көрсөтүлөт.
5-глава. Мүлкү жана финансылык-чарбалык иши
38. Балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунун мүлкүн жана финансылык ресурстарын түзүү булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) республикалык жана жергиликтүү бюджеттер;
2) балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын уюштуруучуларынын каражаттары, ошондой эле жеке жана юридикалык жактардын, чет мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын салымдары;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган бюджеттен тышкаркы иштерден киреше алып келүүчү балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунун өздүк каражаттары;
4) жеке жана юридикалык жактардын, анын ичинде чет өлкөлүк жактардын ыктыярдуу салынган каражаттары, кайрымдуулуктары жана максаттуу төгүмдөрү;
5) кредиттер жана гранттар;
6) билим берүү уюмун өнүктүрүү үчүн каржылоонун кошумча булактары катары тартылуучу ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрдүн) ыктыярдуу каражаттары;
7) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарынын алкагындагы келишимдик мамилелердин негизиндеги юридикалык жана жеке жактардын каражаттары;
8) билим берүү уюмунун өзү тарабынан окуу жана көмөкчү чарбаларынын эсебинен, анын ичинде ижара негизинде алынган каражаттар;
9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактар.
39. Балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунун уставдык ишин камсыз кылуу максатында уюштуруучу/уюштуруучулар Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте ага имараттарды, курулмаларды, жабдууларды жана башка зарыл мүлктү ыкчам башкаруу укугунда бекитип берет.
40. Балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюму тиешелүү ченемдик укуктук актыларда аныкталган тартипте киреше алып келүүчү ишке укуктуу.
Балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунун уставында киреше алып келүүчү жана кызматтарды көрсөтүү жана билим берүү жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине каршы келбеген каржылоо булактары, иштин түрлөрү көрсөтүлөт.
6-глава. Эсеп, отчеттуулук жана аудит
41. Балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунун уставында бухгалтердик эсеп жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эсепке алууну жана отчеттуулукту жүргүзүү тартиби көрсөтүлөт.
7-глава. Кайра уюштуруу жана жоюу
42. Балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунун иши жоюу же кайра уюштуруу (бириктирүү, кошуу, бөлүү, бөлүп чыгаруу, өзгөртүп түзүү) түрүндө токтотулушу мүмкүн:
1) уюштуруучунун/уюштуруучулардын чечими боюнча;
2) сот органдарынын чечими боюнча.
43. Балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмун кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
44. Балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунун ишин токтотууну каттоо датасы болуп каттоочу органдын тиешелүү буйругу чыккан дата таанылат.
45. Балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунун иши менен байланышкан документтер ал жоюлган учурда "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.
8-глава. Корутунду жоболор
46. Уюштуруучунун/уюштуруучулардын чечими боюнча балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунун уставына жарандык укук мамилелери жана билим берүү жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
47. Бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор юридикалык жактарды каттоо/кайра каттоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте юстиция органдарында катталууга тийиш.
48. Балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунун уставында көрсөтүлбөгөн ишинин маселелери Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат.