Загрузка документа…
КАТТА-ТАЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 7-апрели № 10/8
Катта-Талдык айыл аймагына караштуу бала бакчаларда ата-энелердин балдардын тамак-ашына төлөмдөрүн көтөрүү жөнүндө
Катта-Талдык айылдык аймагына караштуу балдар бакчаларында ата-энелердин балдардын тамак- ашына төлөмдөрүн 750(жети жүз элүү) сомдон 1000(миӊ)сомго көтөрүү жөнүндөгү бала бакчалардын башчыларынын билдирүүсүн угуп,талкуулап Катта-Талдык айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Катта-Талдык айылдык аймагына караштуу «Татына», «Жаш Канат», «Жоогазын гүлү», «Эркетай бала», жана «Көгүлтүр асман» балдар бакчаларындагы ата-энелердин балдардын тамак-ашына 1 айлык төлөмдөрү 2022-жылдын 1-майынан баштап 1000(миӊ) сомго бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы,бюджет,экономика жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын .
Катта-Талдык айылдык кеӊешинин төрагасы: | А. А. Муратов |