Загрузка документа…
КАТТА-ТАЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 7-апрели № 10/9
Катта-Талдык айыл өкмөтүнө караштуу Баш-Булак айылынын 1974-жылы, Кызыл-Ордо айылынын 1994-жылы жасалган башкы планына өзгөртүлгөн жер тилкелеринин башкы планын бекитүү жөнүндө
«Ошпроекстрой» тарабынан башкы планы иштетилип чыгып Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн Баш-Булак айылынын 1994-жылы, Кызыл-Ордо айылынын 1974-жылы жасалган башкы планына өзгөртүлгөн жер тилкелерин башкы пландарын Катта-Талдык айылдык кеӊешинин кезектеги Х сессиясында угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Катта-Талдык айыл өкмөтүнө караштуу Баш-Булак айылынын 1994-жылы, Кызыл-Ордо айылынын 1974-жылы жасалган башкы планына өзгөртүлгөн жер тилкелерин «Ошпроекстрой»тарабынан иштелип чыгарылган башкы планы бекитилсин
2. Мындан ары Баш-Булак айылынын 1994-жылы, Кызыл-Ордо айылынын 1974-жылы жасалган башкы планына өзгөртүлгөн жер тилкелерин бөлүштүрүү жер кодексинин 13-статьясынын 3-пунктуна ылайык ушул бекитилген башкы пландын негизинде Катта-Талдык айыл өкмөтү иш-чара жүргүзүүгө жетекчилигине алсын
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн жер жана агрардык реформа боюнча адисине тапшырылсын .
Катта-Талдык айылдык кеӊешинин төрагасы: |
А. А. Муратов |