Загрузка документа…
КАТТА-ТАЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 7-апрели № 10/10
Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн аймагынын Баш-Булак айылындагы курулушу бүткөн балдар бакчанын имараты жөнүндө
Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн аймагынын Баш-Булак айылындагы балдар бакчанын имаратынын курулушу бүткөндүгүнө байланыштуу Катта-Талдык айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн аймагынын Баш-Булак айылындагы 90 орундуу 3 тайпалуу балдар бакчанын имаратынын курулушу бүткөндүгүнө байланыштуу айыл өкмөттүн муниципиалдык менчиги катары баланска алуу жагы сунушталсын
2. Ачылган балдар бакчага айыл өкмөт тарабынан керектүү эмеректер менен камсыздоо жагы тапшырылсын
3. Балдар бакчага тийешелүү штаттык бирдиктерди чечип берүү жагы Кара-Суу райондук билим берүү башкармалыгынан суралсын
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык,маданий маселелер ,билим берүү, саламаттыкты сактоо, тил жана каада-салт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Катта-Талдык айылдык кеӊешинин төрагасы: |
А. А. Муратов |