Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-апрелиндеги № 258 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| 3-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-октябрындагы № 690 токтомуна) |
Балдарга кошумча билим берүүнүн мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук тандап алууну өткөрүү тартиби жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Балдарга кошумча билим берүүнүн мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук тандап алууну өткөрүү тартиби жөнүндө ушул жобо (мындан ары - Жобо) балдарга кошумча билим берүүнүн мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин (мындан ары - кошумча билим берүү уюмунун жетекчиси) бош кызмат орундарын ээлөөгө конкурстук тандап алуунун (мындан ары - Конкурс) максаттарын жана милдеттерин, ошондой эле тартибин аныктайт.
2. Конкурс билим берүү системасында кадрларды тандоо жана жайгаштыруу боюнча иштин алкагында балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунун жетекчисинин бош кызмат ордун ээлөөгө талапкерлердин кесиптик компетенцияларын жана инсандык сапаттарын, ошондой эле алардын кошумча билим берүү уюмунун жетекчисинин кызмат ордуна карата белгиленген квалификациялык талаптарга, кызматтык милдеттерге шайкештигин баалоо максатында өткөрүлөт.
3. Конкурсту уюштуруу жана өткөрүү Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти (мындан ары - Департамент) тарабынан жүзөгө ашырылат.
4. Конкурсту уюштуруу жана өткөрүү боюнча ишти координациялоо конкурстук комиссияга жүктөлөт, анын курамы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
5. Комиссиянын түзүмү жана курамы:
- комиссиянын төрагасы - Кыргыз Республикасынын агартуу министринин орун басары;
- комиссиянын катчысы - билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) тарабынан аныкталган жооптуу кызматкер;
- комиссиянын мүчөлөрү, анын ичинде кошумча билим берүү маселелери боюнча ыйгарым укуктуу органдын түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси, билим берүү чөйрөсүндөгү көз карандысыз эксперттер.
6. Конкурстук комиссия:
1) Департамент менен биргеликте Конкурсту өткөрүү мөөнөттөрүн аныктайт;
2) билим берүүнү башкаруунун аймактык органдары тарабынан берилген арыздарга ылайык кошумча билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарынын тизмесин түзөт жана бекитет жана Конкурс жарыялайт;
3) Департамент тарабынан берилген отчеттун негизинде Конкурстун жеңүүчүлөрүнүн тизмесин бекитет.
7. Бул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
1) квалификациялык талаптар - кошумча билим берүү уюмунун жетекчисинин кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон кесиптик билиминин жана адистигинин деңгээлине, адистиги боюнча иш стажына, кесиптик билимине жана жөндөмүнө карата талаптар;
2) квалификациялык тестирлөө - талапкердин кесиптик компетенттүүлүгүнүн деңгээлин жана анын квалификациялык талаптарга шайкештигин аныктоого багытталган тестирлөөнүн объективдүү жана ачык-айкын жол-жобосу;
3) конкурс - ушул Жобого ылайык өткөрүлүүчү талапкерлердин компетенцияларын жана алар тарабынан берилген документтердин ушул Жобонун талаптарына алардын шайкештигин баалоо жол-жобосу;
4) талапкер - кошумча билим берүү уюмунун жетекчисинин бош кызмат ордун ээлөөгө Конкурска катышууну каалагандыгын кат жүзүндө билдирген жеке жак;
5) документтерди экспертизалоо - квалификациялык талаптарга алардын шайкештигин ырастоо жана квалификациялык тестирлөөгө уруксат берүү максатында Конкурстан өтүү үчүн талапкер тарабынан берилген документтерди иликтөө жол-жобосу;
6) талапкердин компетенциясы - талапкердин белгилүү бир кесиптик милдеттерди чечүүгө болгон жеке жана кесиптик жөндөмдүүлүгү;
7) техникалык апелляция - талапкердин жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде квалификациялык тестирлөөнүн жыйынтыктарын текшерүү жол-жобосу;
8) сыноо мөөнөтү - иш берүүчү кошумча билим берүү уюмунун жетекчисин ишти аткарууга анын жарактуулугун жана кесиптик сапаттарын текшерген убакыт аралыгы.
2-глава. Конкурстун максаттары жана милдеттери
8. Конкурстун максаты кошумча билим берүү чөйрөсүндө зарыл компетенцияларга, жогорку башкаруучулук сапаттарга ээ, тиешелүү жогорку педагогикалык билими бар адамдарды конкурстук негизде тандоо болуп саналат.
9. Конкурстун милдеттери кошумча билим берүү уюмдарынын жогорку кесипкөй жетекчилик курамын түзүүгө багытталган мамлекеттик кадр саясатын ишке ашыруу; билим берүү системасында кадрларды тандоо жана жайгаштыруу боюнча иштин алкагында талапкерлердин кесиптик компетенцияларын жана жеке сапаттарын, алардын кошумча билим берүү уюмунун жетекчисинин кызмат орду үчүн белгиленген кызматтык милдеттерге шайкештигин баалоо системасын өркүндөтүү болуп саналат.
3-глава. Балдарга кошумча билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарын ээлоогө Конкурстун катышуучуларына коюлган талаптар
10. Жетекчинин бош кызмат ордун ээлөөгө Конкурс кошумча билим берүүнүн бир мамлекеттик же муниципалдык билим берүү уюмунда 5 (беш) жыл иштеген бардык жетекчилер үчүн, ошондой эле пайдаланууга кабыл алынган кошумча билим берүүнүн жаңы мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилери үчүн өткөрүлөт.
11. Конкурска балдарга кошумча билим берүү уюмунун жетекчисинин бош кызмат ордуна карата төмөнкүдөй квалификациялык талаптарга жооп берген Кыргыз Республикасынын жарандарына уруксат берилет:
1) педагогикалык жана (же) башка адистик боюнча тиешелүү жогорку кесиптик билими бар, билим берүү чөйрөсүндө иштеген жана педагогикалык адистик боюнча кайра даярдоодон өткөн;
2) жалпы билим берүү уюмунда 5 (беш) жылдан же кошумча билим берүү уюмунда 3 (үч) жылдан кем эмес үзгүлтүксүз педагогикалык иш стажы бар, алардын ичинен 2 (эки) жылдан кем эмес кошумча билим берүү уюмдарынын Типтүү штаттарына ылайык директор, директордун орун басары же бөлүм башчы кызмат ордунда иштеген;
3) билим берүү органдарында башкы кызмат ордунда 1 (бир) жылдан, улук жана/же кенже кызмат орундарында 2 (эки) жылдан кем эмес, кошумча билим берүүнү тейлеген аймактык билим берүү органдарында методикалык кабинеттин жетекчиси кызмат ордунда 3 (үч) жылдан же методист кызмат ордунда 5 (беш) жылдан кем эмес стажы бар;
4) Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин, Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексин, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Балдарга кошумча билим берүүнүн билим берүү уюму жөнүндө типтүү жобону жана билим берүү жана илимий ишти регламенттөөчү башка ченемдик укуктук актыларды, ошондой эле кошумча билим берүүнүн билим берүү уюмунун ишин уюштуруунун жалпы принциптерин, пландаштыруу жана контролдоо формаларын, уюмдун ишинин жана персоналды башкаруунун натыйжалуулугун баалоо методдорун билген;
5) Кыргыз Республикасынын кошумча билим берүү системасын өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын билген;
6) билим берүү жана тарбиялоо системаларын башкаруунун теориясын жана методдорун, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу методдорун, башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу, алардын кесепеттерин болжолдоо, иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана эл алдында чыгып сүйлөө көндүмдөрүн билген, ошондой эле колдонуучу деңгээлинде IТ-технологияларды өздөштүрө билген;
7) аларга карата аларды аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп таануу жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими жок аракетке жөндөмдүүлөр;
8) тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган соттуулугу жоктор;
9) тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган медициналык каршы көрсөтмөлөрү жоктор;
10) мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими менен аныкталган мөөнөттүн ичинде педагогикалык иш менен алектенүүгө укугу чектелбегендер.
12. Конкурска төмөнкү адамдарга уруксат берилбейт:
1) педагогикалык иш менен алектенүү укугунан ажыратылган же чектелген;
2) тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган соттуулугу барлар;
3) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп таанылгандар;
4) тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган медициналык каршы көрсөтмөлөрү барлар.
13. Конкурска катышууга каалоосун билдирген талапкер Департаменттин электрондук почтасына жеке электрондук почтасынан ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча арызды, ошондой эле ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталуучу тизмекке ылайык документтерди, анын ичинде 2-тиркемеге ылайык форма боюнча (сканерленген же электрондук түрдө) жеке маалыматтарды иштеп чыгууга макулдугун ушул Жобонун 17-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде жиберет.
14. Документтерди өз убагында бербөө, алардын толук эмес көлөмдө берилиши талапкерди Конкурска катышуудан чыгаруу үчүн негиз болуп саналат. Конкурстун талапкеринен жетишпеген документтерди суратууга тыюу салынат.
15. Талапкер кошумча билим берүү уюмунун жетекчисинин бир гана бош кызмат ордуна арыз бере алат.
Бир эле ошол кошумча билим берүү уюмунун жетекчисинин кызмат ордуна жалпысынан 10 (он) жылдан ашык иштеген талапкер Конкурс жарыяланган учурдан тартып ошол эле кошумча билим берүү уюмунун жетекчисинин кызмат ордун ээлөөгө Конкурска катыша албайт.
16. Талапкерге Конкурска катышууга төмөнкү учурларда уруксат берилбейт:
1) документтер өз убагында берилбегенде;
2) ушул Жобонун 11-пунктунун талаптарына шайкеш келбесе;
3) документтер тизмекке ылайык толук эмес көлөмдө берилгенде.
17. Конкурска катышууга документтерди кабыл алуу мөөнөтү ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында Конкурс жөнүндө кулактандыруу жарыяланган күндөн тартып 10 жумуш күндү түзөт.
4-глава. Конкурсту жарыялоо тартиби
18. Билим берүүнү башкаруунун аймактык органдарынан түшкөн арыздардын негизинде ыйгарым укуктуу орган балдарга кошумча билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына Конкурс жарыялайт.
19. Конкурс өткөрүү жөнүндө кулактандыруу ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат.
Конкурс жөнүндө кулактандырууда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- балдарга кошумча билим берүү уюмунун жетекчисинин бош кызмат ордунун аталышы;
- уюмдун аталышы жана жайгашкан жери;
- бул кызмат ордун ээлөөгө талапкерге коюлуучу квалификациялык талаптар;
- Конкурска катышуу үчүн талапкерлер тарабынан берилүүчү документтердин тизмеги жана аларды тариздөөгө карата талаптар;
- ушул Жобого ылайык берилүүгө тийиш болгон документтерди кабыл алуу жери, тартиби жана мөөнөттөрү;
- ыйгарым укуктуу органдын жана Департаменттин телефон номери, электрондук почтасы, сайтынын дареги;
- Конкурсту өткөрүү мөөнөттөрү, аны өткөрүү жери жана тартиби, башка маалыматтык материалдар.
5-глава. Конкурсту өткөрүү тартиби
20. Конкурс төмөнкү этаптардан турат:
- биринчи этап - документтерди экспертизалоо;
- экинчи этап - квалификациялык тестирлөө.
21. Биринчи этапта Департамент ушул Жобонун 17-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди кабыл алуу мөөнөтү аяктаган учурдан тартып беш жумуш күндүн ичинде документтердин ушул Жобонун 11-пунктунда көрсөтүлгөн талаптарга шайкештигине экспертиза жүргүзөт.
Эксперттик комиссиянын курамына түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери, жарандык коомдун, коомдук кеңештин өкүлдөрү, көз карандысыз эксперттер киргизилет.
Эксперттик комиссиянын курамы, ошондой эле анын укуктары жана милдеттери Департамент тарабынан бекитилет.
22. Ушул Жобонун 11-пунктунда белгиленген талаптарга жооп бербеген талапкерлерге Конкурска катышууга уруксат берилбейт.
23. Документтерди кароонун жыйынтыгы боюнча эки жумуш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу орган талапкерлерди квалификациялык тестирлөөдөн (мындан ары - тестирлөө) өткөрүүнү уюштурат.
24. Тестирлөөгө квалификациялык талаптарга жооп берген талапкерлер киргизилет. Тестирлөөнү өткөрүү тартиби жана графиги, тестирлөөнүн формасы жана босоголук баллдар Департамент тарабынан иштелип чыгат жана ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет. Тестирлөө бирдиктүү система боюнча электрондук форматта жүргүзүлөт.
25. Конкурстун биринчи этабынын жыйынтыгы боюнча Департамент:
1) документтерди экспертизалоодон өткөн жана Конкурстун экинчи этабына уруксат берилген талапкерлердин тизмесин бекитет;
2) документтерди экспертизалоодон өтпөгөн жана Конкурстун экинчи этабына уруксат берилбеген талапкерлердин тизмесин бекитет;
3) талапкерлердин тизмеси бекитилгенден кийин үч жумуш күндүн ичинде документтерди экспертизалоодон өткөн жана Конкурстун экинчи этабына уруксат берилген талапкерлерге электрондук почта (же телефон) аркылуу маалымдайт;
4) талапкерлердин тизмеси бекитилгенден кийин үч жумуш күндүн ичинде документтерди экспертизалоодон өтпөгөн жана Конкурстун экинчи этабына уруксат берилбеген талапкерлерге баш тартуунун себептерин көрсөтүү менен электрондук почта (же телефон) аркылуу маалымдайт.
26. Экинчи этапта тестирлөө жүргүзүлөт, ал Конкурстун жол-жобосунун негизги бөлүгү болуп саналат.
27. Тестирлөө кесиптик даярдыгынын деңгээлин, билим берүү, педагогика, психология, билим берүүдөгү менеджмент жана каржылоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын билүүсүн, ошондой эле маалыматтык технологияларды билүүсүн баалоо максатында жүргүзүлөт.
28. Департамент тестирлөөнү уюштуруу жана өткөрүү боюнча төмөнкүдөй функцияларды жүзөгө ашырат:
1) тестирлөөнүн формаларын жана босоголук баллдарды белгилейт;
2) тестирлөөнү өткөрүү тартибин жана графигин аныктайт;
3) тестирлөөнү өткөрүү боюнча нускаманы иштеп чыгат жана бекитет;
4) тесттик суроолордун базасын иштеп чыгат, түзөт жана жаңылайт, тесттик суроолорду бекитет;
5) тестирлөөнүн катышуучуларын каттоону жүргүзөт;
6) компьютердик тестирлөө жүргүзөт;
7) тестирлөөнүн натыйжаларын иштеп чыгат жана тестирлөөнүн протоколун түзөт;
8) талапкерлерге тестирлөөнүн натыйжаларын берет;
9) талапкерлерди Конкурска катышууга даярдоо үчүн арналган сунушталган адабияттардын жана ченемдик укуктук документтердин тизмегин талапкерлердин эркин жетүүсү үчүн ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында ачык жарыялоону камсыз кылат.
29. Тестирлөө аяктагандан кийин анын натыйжалары дароо компьютердин экранында көрсөтүлөт.
30. Тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча Департамент тарабынан талапкерге топтогон баллы көрсөтүлгөн протокол төмөнкүдөй белгилер менен берилет: тесттеги бардык тапшырмалар ______________; алардын ичинен туура ______________; туура эмес ______________; жыйынтык ______________%.
31. Департамент тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча талапкердин документтерин (зарыл болсо) жана топтогон баллдары менен протоколдорду ыйгарым укуктуу органга берет.
32. Башка талапкерлердин арасында тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча эң көп балл топтогон талапкер Конкурстун жеңүүчүсү деп таанылат.
Эгерде Конкурстун бир нече катышуучусу бирдей балл топтосо, ошол эле күнү алардын каалоосу боюнча негизги тестирлөөнүн суроолорунун санынын үчтөн биринен ашпаган көлөмдө кошумча тестирлөө жүргүзүлөт.
Кошумча тестирлөөдөн кийин эң көп балл топтогон талапкер Конкурстун жеңүүчүсү болот.
Бирдей балл топтогондордун арасынан талапкерлердин бири кошумча тестирлөөгө катышуудан баш тарткан учурда бул талапкер бош кызмат ордуна талапкерлердин катарынан чыгарылды деп эсептелет.
33. Конкурстун жеңүүчүсү мөөнөттүү эмгек келишимин түзүүдөн баш тарткан, сыноо мөөнөтүнөн өтпөгөн, ошондой эле Конкурс болбой калды деп таанылган учурда ыйгарым укуктуу орган 5 жумуш күндүн ичинде кайрадан Конкурс жарыялайт.
34. Конкурс төмөнкү учурларда өткөрүлгөн жок деп таанылат:
- Конкурска катышууга талапкерлердин арыздары берилбегенде;
- бардык талапкерлер өзүнүн катышуусу жөнүндө берген арыздарын кайра чакыртып алганда;
- Конкурска бардык талапкерлер келбей калганда;
- эгерде талапкерлердин бири да босоголук баллды топтобосо;
- эгерде эң көп балл топтогон талапкердин жыйынтыктары жокко чыгарылса.
Эгерде талапкер Конкурска катышуу үчүн документтерди тапшырууда же тестирлөөдөн өтүүдө ушул Жобонун талаптарын бузса жана бул бузуулар тестирлөө өткөрүлгөндөн кийин аныкталса, конкурстук комиссия өзүнүн чечими менен талапкердин жыйынтыктарын жокко чыгарат.
Жыйынтыгы жокко чыгарылган талапкер (соттуулугу болгон/соттуулугу бар талапкерден тышкары) жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алууга өбөлгө болгон себептер четтетилгенден кийин Конкурска катыша алат.
35. Департамент ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында төмөнкүлөрдүн ачык жарыяланышын камсыз кылат:
1) тестирлөөнүн темаларынын тизмеги;
2) сунушталган адабияттар;
3) талапкерлерди даярдоо үчүн арналган ченемдик укуктук документтер.
36. Конкреттүү тесттик суроолор тестирлөөнү өткөрүү учуруна чейин төмөнкү максаттарда жарыяланбайт:
1) жол-жобонун объективдүүлүгүн камсыз кылуу;
2) коррупциялык тобокелдиктердин жана Конкурстун натыйжаларына ак ниетсиз таасир этүүнүн алдын алуу.
37. Тестирлөө аяктагандан кийин Конкурсту өткөрүүдө пайдаланылган тесттик суроолордун толук тизмеги бардык кызыкдар жактарды тааныштыруу жана жол-жобонун ачык-айкындыгын жогорулатуу үчүн ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында ачык жарыяланууга тийиш.
6-глава. Техникалык апелляция
38. Конкурстун жыйынтыгы менен макул болбогон учурда талапкер техникалык апелляция берүүгө укуктуу. Техникалык апелляцияга арыз талапкердин жеке өзү тарабынан, тестирлөө өткөрүлгөн жер боюнча, ал аяктагандан кийин бир сааттын ичинде таризделет.
39. Техникалык апелляция курамы 5 мүчөдөн ашпаган техникалык комиссия тарабынан жүргүзүлөт. Техникалык комиссиянын төрагасы жана курамы, ошондой эле иш регламенти Департамент тарабынан бекитилет.
40. Департамент техникалык комиссияга апелляция берген талапкердин катышуусунда, компьютердин экранындагы анын жыйынтыгын, анын жоопторун жана алынган баллдардын шайкештигин аныктоо үчүн тест ачкычтарын көрсөтөт. Арызды кароонун натыйжалары протоколдук түрдө таризделет жана ага техникалык комиссиянын төрагасы жана мүчөлөрү тарабынан кол коюлат.
41. Техникалык комиссиянын ишинин материалдарын архивдик сактоо 1 жылга чейинки мөөнөттө жүзөгө ашырылат.
7-глава. Конкурстун жыйынтыгын чыгаруу
42. Департамент:
1) конкурстук комиссияга Конкурстун жыйынтыгы жөнүндө отчет берет;
2) жеңүүчү аныкталган учурдан тартып Конкурсту өткөрүүнүн натыйжалары жөнүндө маалыматтык билдирүүнү өзүнүн расмий сайтына жайгаштырат.
43. Ыйгарым укуктуу орган:
1) Конкурс аяктагандан кийин үч жумуш күндүн ичинде республикалык бюджеттен каржылануучу кошумча билим берүү уюмунун жетекчисинин кызмат ордуна, аны менен эмгек келишимин түзүү менен 6 айдан кем эмес сыноо мөөнөтү менен жеңүүчүнү дайындайт;
2) Конкурс аяктагандан кийин үч жумуш күндүн ичинде жергиликтүү бюджеттен каржылануучу кошумча билим берүү уюмунун жетекчисинин кызмат ордуна Конкурстун жеңүүчүсүн кийин дайындоо үчүн Конкурстун натыйжалары жөнүндө билим берүүнү башкаруунун аймактык органына маалымдайт.
44. Билим берүүнү башкаруунун аймактык органы кабарламаны алган учурдан тартып үч жумуш күндүн ичинде Конкурстун жеңүүчүсүн жергиликтүү бюджеттен каржылануучу кошумча билим берүү уюмунун жетекчисинин кызмат ордуна, аны менен эмгек келишимин түзүү менен 6 айдан кем эмес сыноо мөөнөтү менен дайындайт.
45. Тестирлөөнүн протоколдору жана Конкурска берилген документтер Департаментте иш кагаздарын жүргүзүү эрежелерине ылайык 5 (беш) жыл бою сакталат.
8-глава. Балдарга кошумча билим берүү уюмдарынын жетекчилерин кызмат ордуна дайындоо жана бошотуу тартиби
46. Балдарга кошумча билим берүү уюмдарынын жетекчилерин дайындоо Конкурстун жыйынтыгы боюнча 6 айдан кем эмес сыноо мөөнөтү менен жүзөгө ашырылат. Сыноо мөөнөтү аяктагандан кийин Конкурстун жеңүүчүлөрү менен 5 (беш) жылдык мөөнөткө эмгек келишими түзүлөт же алар ээлеген кызмат ордунан бошотулат.
47. Бир эле ошол адам балдарга кошумча билим берүү уюмунун жетекчисинин ишин бир эле ошол балдарга кошумча билим берүү уюмунда жалпысынан 10 (он) жылдан ашык жүргүзө албайт.
48. Кошумча билим берүү уюмдарынын сыноо мөөнөтүнөн өтпөгөн жетекчилери Конкурска 1 (бир) жылдан кийин катыша алат.
49. Кошумча билим берүү уюмунун жетекчисинин ыйгарым укуктары белгиленген мөөнөт аяктагандан кийин токтотулат же жетекчи Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулат, төмөнкү учурларда:
1) сыноо мөөнөтүнүн канааттандырарлык эмес жыйынтыктары;
2) жеке арыз берүү;
3) өзү тарап болуп саналган кызыкчылыктардын кагылышын алдын алуу жана (же) жөнгө салуу боюнча өз убагында аракеттерди көрбөө;
4) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган негиздер боюнча;
5) соттун күчүнө кирген айыптоо өкүмү;
6) анын сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылышы;
7) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашоо үчүн чыгып кетүү;
8) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу;
9) аны өлдү же дайынсыз жок болду деп жарыялоо жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде.
50. Сыноо мөөнөтү аяктаганга чейин эмгек келишимин бузуу, балдарга кошумча билим берүү уюмунун жетекчисин которуу жана кызмат ордунан бошотуу Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
|
| Балдарга кошумча билим берүүнүн мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук тандап алууну өткөрүү тартиби жөнүндө жобого 1-тиркеме |
|
| Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги |
|
| Аты-жөнү: жашаган дареги: байланыш телефону: эл. почтасы: |
Арыз
Сизден _____________________________________________________ (балдарга кошумча билим берүү уюмунун жетекчисинин бош кызмат ордунун аталышы) бош кызмат ордун ээлөө боюнча Конкурска катышууга уруксат берүүңүздү суранам.
Арызга төмөнкү документтерди тиркейм:
1.
2.
3.
4.
5.
6.
7.
8.
9.
10.
Датасы
Аты-жөнүн көрсөтүү менен колу
|
| Балдарга кошумча билим берүүнүн мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук тандап алууну өткөрүү тартиби жөнүндө жобого 2-тиркеме |
Жеке маалыматтарды иштетүүгө МАКУЛДУК
Мен, аты-жөнү (толугу менен) ____________________________________________
_____________________________________________________________________,
паспорт сериясы _________________________ номери, ___________________, ким
тарабынан жана качан берилген __________________________________________,
төмөнкү дарек боюнча жашаган: ___________________________________________
______________________________________________________________________,
анкетада жана резюмеде берилген жеке маалыматтарды иштетүүгө макулдугумду берем.
Балдарга кошумча билим берүүнүн мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук тандап алууну өткөрүү тартиби жөнүндө жобого ылайык мен Конкурска берген документтер Конкурс аяктаган күндөн тартып беш жыл ичинде Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин маалымат базасында жана архивинде сактала тургандыгы, андан кийин Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында белгиленген тартипте жок кылынууга тийиш экендиги тууралуу мага маалымат берилди.
Мен балдарга кошумча билим берүү уюмунун жетекчиси кызмат ордуна дайындалган учурда менин жеке маалыматтарым Конкурс аяктаган күндөн тартып беш жыл ичинде Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин өкүлдөрүнө чектелген түрдө жеткиликтүү боло тургандыгына жана персоналды тандоо, ротациялоо, окутуу жана өнүктүрүү, ошондой эле маалымат базасын жүргүзүү милдеттерин чечүү үчүн колдонула тургандыгына мен макулмун.
Жеке маалыматтарды иштетүү деп Кыргыз Республикасынын Санарип кодексин аткаруунун алкагында жеке маалыматтар менен иш-аракеттер (операциялар), атап айтканда: жеке маалыматтарды системалаштыруу, топтоо, сактоо, тактоо, жаңыртуу, өзгөртүү, пайдалануу, өткөрүп берүү, жок кылуу түшүнүлө тургандыгы тууралуу мага маалымат берилди.
Колу _________________ | Аты-жөнү _________________ | Датасы __________________ |