Загрузка документа…
КАТТА-ТАЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 29-июлундагы № 11/1
Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн аймагынын Ачы айылындагы “Көгүлтүр-асман” балдар бакчасынын мектепке чейинки тарбия берүү үчүн кошумча имараты жөнүндө
Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн аймагынын Ачы айылындага жайгашкан “Көгүлтүр-асман” балдар бакчанын балдарга мектепке чейинки тарбия берүү үчүн кошумча имаратынын курулушу бүткөндүгүнө байланыштуу Катта-Талдык айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ачы айылындагы “Көгүлтүр-асман” балдар бакчасынын кошумча балдарга мектепке чейинки тарбия берүүгө 2 тайпалык имараты бүткөндүгүнө байланыштуу айыл өкмөттүн муниципиялдык менчиги катары баланска алуу жагы сунушталсын.
2. Балдарга тарбия берүүчү имаратына айыл өкмөт тарабынан керектүү эмеректер менен камсыздоо жагы тапшырылсын
3. Балдар бакчага тийешелүү штаттык бирдиктерди чечип берүү жагы Кара-Суу райондук билим берүү башкармалыгынан суралсын
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык,маданий маселелер ,билим берүү, саламаттыкты сактоо, тил жана каада-салт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Катта-Талдык айылдык кеӊешинин төрагасы: |
А. А. Муратов |