Загрузка документа…
КАТТА-ТАЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 29-июлундагы № 11/2
Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн 2021-2023 жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүгүү планына толуктоолорду киргизүү жөнүндө
CASA-1000 Жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбоорунун 1.А багыты боюнча жаӊы конуштарды кеӊейтүү(электр мамытчаларын орнотуу жана трансформаторлорду койуу) 1Б кичи компонентинин алкагында коомчулук тарабынан тандалып алынган артыкчылыктуу көйгөйлөрдү Кызыл-Ордо айылына 1. Мектеп жана балдар бакчага таза суу чыгаруу 2. Балдар бакчасына ашкананын имаратын куруу 3.ФАПтын жылуулук системасын жакшыртуу.1С багыты боюнча кол өнөрчүлүктү колдоо жагын жана ошондой эле жаштардын өнүгүү планы бекитүү максатында Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн Социалдык-экономикалык өнүгүү планына киргизүү жөнүндөгү айыл өкмөттүн башчысынын сунушун угуп жана талкуулап Катта-Талдык айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын XI-сессиясы токтом кылат:
1. CASA-1000 Жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбоорунун 1Б кичи компонентинин алкагында Кызыл-Ордо айылынын тургундары тарабынан тандалып алынган артыкчылыктуу көйгөйлөр:
а) Жаӊы конуштарды кеӊейтүү (электр мамытчаларын орнотуу жана трансформаторлорду койуу) б) Мектеп жана балдар бакчасына таза суу чыгаруу, в) Балдар бакчасына ашкананын имаратын куруу, г) ФАПтын жылуулук системасын жакшыртуу. 1С компоненти боюнча кол өнөрчүлүктүү колдоо жагы жана ошондой эле жаштардын өнүгүү планын бекитүү боюнча Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн Социалдык-экономикалык өнүгүү планына киргизилсин. Аткаруу жагы жана 2022-жылы АРИСтин CASA-1000 Жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбоору тарабынан каржыланып ишке ашыруу жагы сунушталсын.
2. Токтомдун аткарылышын Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн башчысы К.Жантөрөевге көзөмөлдөө жагы тапшырылсын.
Катта-Талдык айылдык кеӊешинин төрагасы: |
А. А. Муратов |