Загрузка документа…
КАТТА-ТАЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 29-июлундагы № 11/3
Республикалык бюджеттен өз ара эсептешүүлөр боюнча келип түшкөн акча каражаттарды бөлүштүрүү жөнүндө
Катта-Талдык айыл өкмөтүнө республикалык бюджеттен өз ара эсептешүүлөр боюнча келип түшкөн акча каражаттары боюнча К.Кайназарованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, 2022-жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгүнө статьялар боюнча кошумча киргизүү боюнча Катта-Талдык айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Айыл чарба жерлерин пайдалануу үчүн жер салыгына түшүүчү кирешенин бюджеттик жоготуулардын негизинде республикалык бюджеттен өз ара эсептешүүлөрдүн компенсациялык төлөм келип түшкөн 547100 (беш жүз кырк жети миӊ бир жүз) миӊ сом акча каражаты төмөндөгүдөй муктаждыктарга жумшалсын.
-Баш-Булак айылынын балдар бакчасына эмеректерди жана кеӊсе камсыз кылууларын алуу үчүн 547100 (беш жүз кырк жети миӊ бир жүз) сом 70911 «Балдар коюлуп пайдалансын.
2. Айылдык округдун бюджетинин чыгашалар бөлүгүнүн аткарылышын көзөмөлдөп, статьялар боюнча мыйзам чегинде сарпталуусун камсыздоо жагы Катта-Талдык айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Ушул токтомду көзөмөлдө жагы Катта-Талдык айылдык кеӊешинин финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Катта-Талдык айылдык кеӊешинин төрагасы: |
А. А. Муратов |