Загрузка документа…
КАТТА-ТАЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 14-сентября № 12/1
Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн бюджетине 2022-жылдын 9 ай ичинде ашыкча түшкөн салыктар боюнча кошумча системасын бекитүү жөнүндө
Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы К.Кайназарованын айыл өкмөттүн бюджетинин киреше бөлүгүнө 9 ай ичинде жылдык пландан ашыкча түшүүлөрдүн эсебинен 2000,0 (эки миллион) сом ашыкча түшүүлөр болгонун угуп жана талкуулап, Катта-Талдык айылдык кеӊеши төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн бюджетине 9ай ичинде бюджетке 11111100-салык агенттери төлөөчү киреше салыгынан 1400,0 (бир миллион төрт жүз миӊ) сом, 11122300- Патенттин негизиндеги салыгынан 600,0 (алты жүз миӊ) сом ,жалпы жылдык пландан ашыкча түшкөн 2000,0 (эки миллион) сом акча каражаты киреше бөлүгүнө бекитилсин.
2. Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн бюджетине 9 ай ашыкча түшкөн 2000,0 (эки миллион) сом чыгаша бөлүгүнө 70111 тармагынын 2215 (башка тейлөө кызматтарын алуу) элементине 90,0 (токсон миӊ) сом, 70629 тармагынын 2215 (башка тейлөө кызматтарын алуу) элементине 500,0 (беш жүз миӊ) сом, 2222(учурдагы чарбалык максаттар үчүн предметтерди жана материалдарды сатып алуу) элементине 300,0 (үч жүз миӊ) сом, 3111 (имараттар жана курулуштар) элементине 550,0 (беш жүз элүү миӊ) сом, 70911 тармагынын 3112( машиналар жана камсыз кылуулар) статьясына 200,0 (эки жүз миӊ) сом, 70921 тармагынын 2224 (көмүр алуу) элементине 60,0 (алтымыш миӊ) сом, 71092 тармагына 2721 (элге социалдык жардам боюнча жөлөкпулдар) элементине 300,0 (үч жүз миӊ) сом, акча каражаттары бекитилсин.
3. Айыл өкмөтүнүн чыгашалар бөлүгүнүн сарпталуусун статьялар боюнча мыйзам чегинде сарпталууну камсыздоо жагы Катта-Талдык айыл өкмөтүнө жүктөлсүн,
4. Ушул токтомду көзөмөлдөө жагы Катта-Талдык айылдык кеӊешинин финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Катта-Талдык айылдык кеӊешинин төрагасы: |
А. А. Муратов |