Загрузка документа…
КАТТА-ТАЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 14-сентября № 12/4
Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн аймагындагы №111 А.Осмонов атындагы орто мектебинин 10-11 класстарын сактап калуу жөнүндө
Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн аймагындагы №111 А.Осмонов атындагы орто мектебинин директору Б.Карыбеков жана ата-энелердин кайрылуу катын карап чыгып жана талкуулап Катта-Талдык айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн аймагындагы №111 А.Осмонов атындагы орто мектебинин 10-11- класстарынын окуучуларынын саны жетишпегендигине карабастан, ошондой эле Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн бул мектепти коӊшулаш мектепке транспорт аркылуу ташуу мүмкүнчүлүгү жоктугунан сактап калуу жагы Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык, маданий маселелер, билим берүү,саламаттыкты сактоо, тил жана каада-салт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Катта-Талдык айылдык кеӊешинин төрагасы: |
А. А. Муратов |