Загрузка документа…
КАТТА-ТАЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 14-сентября № 12/5
Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн Эшме айылындагы №109 А.Муратов атындагы орто мектебинин эски имараттын бузуу жөнүндө
Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн Эшме айылындагы №109 А.Муратов атындагы орто мектебинин имаратынан жаракалар кетип, Кыргыз Республикасынын экологиялык техникалык көзөмөлдөө инспекциясынын Кара-Суу райондук башкармалыгынын корутундусунун негизинде пайдаланууга жараксыз деп табылгандыктан Катта-Талдык айылдык кеӊеши төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн №109 А.Муратов атындагы орто мектебинин имаратын бузуп, оордуна кайрадан жаӊы мектеп курууга уруксат берилсин .
2. Эски бузулган мектептен чыккан курулуш материалдарды айыл өкмөттүн эсебине алуу жумуштарын жүргүзүү жагы Катта-Талдык айыл өкмөттүнүн башчысы К.Жантөрөевге тапшырылсын
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Катта-Талдык айылдык кеӊешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Катта-Талдык айылдык кеӊешинин төрагасы: |
А. А. Муратов |