Загрузка документа…
КАТТА-ТАЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 4-ноября № 13/1
Катта-Талдык айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Ордо айылында
1. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2008-жылдын 24-апрелинде №183 токтому менен контур №567 5,0га Айыл чарба багытындагы жерлер категориясынын «Калктуу конуштардын» жерлеринин категориясына которулган,
2. Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетинин 2021-жылдын 29-июнундагы №48 токтомунун негизинде контур №567 2,0га «Айыл чарба багытындагы» жерлер категориясынын Калктуу конуштардын жерлери категориясына которулуп келген (трансформацияланган жер тилкелеринин башкы планын бекитүү жөнүндө
ТОКТОМ КЫЛАТ
«Ошпроекстрой» тарабынан башкы планы иштелип чыгып Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн Кызыл-Ордо айылынын. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2008-жылдын 24-апрелинде №183 токтому №567 контурундагы 5,0га Айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан «Калктуу конуштардын »жерлери категориясына которулган Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетинин 2021-жылдын 29-июну №48 токтомунун негизинде 2,0га №567 контурундагы “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясына “Калктуу конуштардын” категориясын которулган жалпы аянты 7,0га жер тилкелерин башкы пландарын Катта-Талдык айылдык кеӊешинин кезектеги сессиясында угуп жана талкуулап сунушталсын.
1. Катта-Талдык айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Ордо айылына “Ошпроекстрой” тарабынан иштелип чыгарылган башкы планы бекитилсин
2. Кызыл-Ордо айылынын 567-контрундагы 7га башкы пландагы көрсөтүлгөн №1 №2 №3 –көчөлөр болуп бекитилсин
3. Мындан ары Кызыл-Ордо айылына жасалган башкы планынын жер тилкелерин бөлүштүрүү жер кодексинин 13-статьясынын 3-пунктуна ылайык ушул бекитилген башкы пландын негизинде. Катта-Талдык айыл өкмөтү иш-чара жүргүзүүгө жетекчилигине алсын .
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн жер жана агрардык реформа боюнча адисине тапшырылсын.
Төрага: | А. А. Муратов |