Загрузка документа…
КАТТА-ТАЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 4-ноября № 13/5
Катта-Талдык айыл аймагындагы социалдык обьектилерге акча каражатын бөлүү жөнүндө
Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн Жаӊы-Турмуш айылындагы Жаӊы-Турмуш атындагы көчөгө асфальт төшөө долбоорун карап чыгып жана талкуулап Катта-Талдык айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн Жаӊы-Турмуш айылындагы Жаӊы-Турмуш атындагы көчөгө асфальт төшөө долбоору жактырылсын.
2. Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн Жаӊы-Турмуш айылындагы Жаӊы-Турмуш атындагы көчөгө асфальт төшөө долбооруна айылдык аймактын 2023-жылкы кирешелер бөлүгүнөн өздүк салым үчүн 388 507 (үч жүз сексен сегиз миӊ беш жүз жети) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы инвестиция тартуу, бюджет жана экономикалык өнүгүү боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | А. А. Муратов |