Загрузка документа…
КАТТА-ТАЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 4-ноября № 13/7
Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн Кара-Сөгөт айылынын тургуну Абдразаков Кенженин арызы жөнүндө
Катта-Талдык айылдык кеӊешинин аймагындагы Кара-Сөгөт айылынын тургуну Абдразаков Кенженин арызын карап чыгып жана талкуулап Катта-Талдык айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Сөгөт айылынын тургуну Абдразаков Кенженин жубайы Маданбекова Патма Саидмаматовнанын бооруна жасалуучу операциясына чоӊ суммадагы акча каражаты керек болуп жаткандыгына байланыштуу айыл өкмөтү тарабынан 30000 (отуз) миӊ сом акчалай жардам берүү жагы Катта-Талдык айыл өкмөтүнө сунушталсын.
2. Ушул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөттүн Финансы-эканомикалык бөлүмүнүн башчысына тапшырылсын .
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Ш. Жусуповага жүктөлсүн.
Төрага: | А. А. Муратов |