Загрузка документа…
КАТТА-ТАЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 4-ноября № 13/8
Республикалык бюджеттен өз ара эсептешүүлөр боюнча келип түшкөн акча каражаттарды бөлүштүрүү жөнүндө
Катта-Талдык айыл өкмөтүнө Республикалык бюджеттен өз ара эсептешүүлөр боюнча келип түшкөн акча каражаттарды финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы К.Кайназарованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, 2022-жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгүнө статьялар боюнча кошумча киргизүү боюнча Катта-Талдык айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Айыл чарба жерлерин пайдалануу үчүн жер салыгына түшүүчү кирешенин бюджеттик жоготуулардын негизинде республикалык бюджеттен өз ара эсептешүүлөрдүн компенсациялык төлөм келип түшкөн 5100 (беш миӊ бир жүз) сом акча каражаты төмөндөгүдөй муктаждыктарга жумшалсын.
- Архитектуралык иштер боюнча 5100(беш миӊ бир жүз) сом, 70629 «турак жай жана комуналдык кызматтар» тармагынын 2215 «башка кызматтарга акы төлөөгө байланыштуу чыгымдар» статьясына коюлуп пайдаланылсын.
2. Айылдык округтун бюджетинин чыгашалар бөлүгүнүн аткарылышын көзөмөлдөп, статьялар боюнча мыйзам чегинде сарпталуусун камсыздоо жагы Катта-Талдык айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Ушул токтомду көзөмөлдөө жагы Катта-Талдык айылдык кеӊешинин финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | А. А. Муратов |