Редакцияот 08.08.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги IX сессиясы

 

2025-жылдын 8-август  №9-1

 

Ат-Башы айылынын “Улан-2” жаңы конушундагы 3,82 га жер тилкесин “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААКна мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берүү жөнүндө

                                                                                  

               Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 30-январындагы №10 “Мамлекеттик турак жай  саясаты чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн турак жай менен камсыз кылуу жана куруу механизмдерин андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-апрелиндеги №126-т “Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коомуна жер участокторун өткөрүп берүү жөнүндө” тескемесин аткаруу максатында жана Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 22-июлундагы №01-13/2544 сунушуна ылайык Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:   

                   

1.    Ат-Башы айылынын “Улан-2” жаңы конушунда жайгашкан жалпы аянты 3,82 гектар болгон жер тилкеси “Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коомуна (ААК) турак жай куруу үчүн мөөнөтсүз пайдаланууга берилсин;

 

2.    Жогоруда көрсөтүлгөн жер тилкесин пайдалануу учурунда Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдары так сакталышы шарт.

 

3.    Ат-Башы айыл аймагынын айыл  өкмөтү ушул токтомдун негизинде тиешелүү документтерди даярдап, жерди пайдаланууга өткөрүп берүү жана каттоо иштерин уюштурсун;

 

4.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин курулуш, транспорт, өнөр жай, соода-сатык, энергетика, турак жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

   

Тѳрага

У.  Мелис уулу