Редакцияот 08.08.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги IX сессиясы

 

2025-жылдын 8-август  №9-2 

 

Ат-Башы айылынын Ак-Өргө конушунда жайгашкан муниципалдык менчиктеги 2000 чарчы метр жер аянтын Ат-Башы районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгына административдик жаңы имарат куруу үчүн мөөнөтсүз пайдаланууга берүү жөнүндө

                                                                                        

 

   Ат-Башы айылынын Ак-Өргө конушунда жайгашкан муниципалдык менчиктеги 2000 чарчы метр жер аянтын Ат-Башы районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгына административдик жаңы имарат куруу үчүн мөөнөтсүз пайдаланууга берүү жөнүндө сунуш каралып, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине жана тиешелүү укуктук-ченемдик актыларга ылайык, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

             

1.    Ат-Башы айылынын Ак-Өргө конушунда жайгашкан муниципалдык менчиктеги 2000 чарчы метр жер аянты Ат-Башы районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгына административдик жаңы имарат куруу үчүн мөөнөтсүз пайдаланууга берилсин;

 

2.    Ат-Башы районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгына тиешелүү Нефтебаза чөлкөмүндө жагашкан 614 чарчы метр жер аянты Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн менчигине өткөрүлүп берилсин;

 

3.    Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтү жогорудагы жер аянттарын пайдаланууга өткөрүп берүү жана өткөрүп алуу боюнча тиешелүү документтерди жана каттоо иштерин мыйзам чегинде камсыз кылсын;

 

4.    Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана көзөмөлдөө Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Р. Докоевге жүктөлсүн.

 

 

 Тѳрага

У.  Мелис уулу