ТУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
15-июнь 2023-жыл №52/28-ХVII
Кырманды “Туз-Тазалык” муниципалдык ишканасына өткөрүп берүү
Туз айыл өкмөтүнүн башчысы Дононбаев А.Ш. жана «Туз Тазалык» муниципалдык ишкананын мудуру Ч. Батырбековка кырманды ишкананын балансына өткөрүү боюнча маалымат угуп жана талкуулап, Туз айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кырман «Туз Тазалык» муниципалдык ишканага комиссия тарабынан өткөрүлүп берилсин.
2. Кырманды кароого 1 кырман башчы, 3 кароолчу муниципалдык ишкананын ичинде штаты бекитилсин.
3. Бекитилген штаттык ыраатмага ылайык, кырман башчынын, кароолчунун айлык акысы 7040 (жети мин кырк) сом түзсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын каржы маселери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Туз айылдык кеңешинин төрагасы |
|
Салтыкеев Б.К. |