Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 27-октябры № 697
Социалдык кызматкерлер тарабынан балдарды социалдык коштоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Социалдык кызматкерлер тарабынан балдарды социалдык коштоону регламенттөө максатында, Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин 4, 27-беренелерине, "Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-1-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Социалдык кызматкерлер тарабынан балдарды социалдык коштоо жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги ушул токтомду ишке ашыруу боюнча зарыл чараларды көрсүн.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |