Загрузка документа…
НОВО-ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
17-январь 2024-жыл № 123/ХXXI-28
Ново-Покровка айыл өкмөтүнүн 2024-жылга бюджетин бекитүү 2025-2026 жылдарга бюджеттин болжолу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджет Кодексинин 102-беренесинин негизинде, Ново-Покровка айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаручу С.А.Дмитриеванын “Ново-Покровка айыл өкмөтүнүн 2024-жылга бюджетин бекитүү жана 2025-2026-жылдарга бюджеттин болжолу жөнүндө” маалыматын угуп жана талкуулап,
Ново-Покровка айылдык кеңеши,
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Бекитилсин: Ново-Покровка айыл өкмөтүнүн 2024-жылга жергиликтүү бюджетинин планы 54 290,3 миң сом
*бюджеттик каражатар киреше бөлүмү боюнча 53 940,3 миң сом
*чыгаша бөлүмү боюнча 2024-жылга 53 940,3 миң сом
Анын ичинен бөлүмдөр:
башкаруу аппараты – 13 028,3 миң сом
билим берүү – 9 701,0 миң сом
социалдык камсыздандыруу–2585,0 миң сом
ТЖКЧ – 25 962,1 миң сом
Китепкана –846,1 миң сом
Клуб–1 670,8 миң сом
Жайыт комитети–147,0 миң сом
* киреше боюнча атайын каражат 350,0 миң сом
* чыгаша боюнча атайын каражат 350,0 миң сом
Анын ичинен бөлүмдөр:
билим берүү (бала бакча)– 350,0 миң сом.
2. Ново-Покровка айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы бюджеттин киреше бөлүгү №1 тиркемеге ылайык түшкөн кирешелердин эсебинен чогултулат. Ново-Покровка айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы жергиликтүү бюджеттин чыгашасын каржылоо №2, №3 тиркемелерге ылайык бекитилсин.
3. 2024-жылга бюджетке салык агенттери тарабынан 100% өлчөмүндө төлөнүүчү киреше салыгынын пландуу түшүүлөрүнөн чегерүүлөрдүн ченеми, патент негизиндеги салык 100%, жер казынасына салыктан 50% (роялти), бекитилсин.
4. Жактырылсын Ново-Покровка айыл өкмөтүнүн 2025-2026-жылдарга бюджетинин негизги параметрлери боюнча болжолу
-2025-жылга киреше жана чыгашанын болжолунун суммасы-54 259,8 миң сом
- 2026-жылга киреше жана чыгашанын болжолунун суммасы-57 568,8 миң сом
5. 2024-жылга каржылоо чыныгы чогулткан кирешеге жараша болоору аныкталсын. Анын ичинен биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча чыгашалар (эмгек акы, социалдык фондго төлөм, тамактануу, коммуналдык тейлөө) каржылансын.
6. Корголгон беренелердин чыгашалары штаттык сандагы бош орундарга жана кабыл алынган нормативдик актыларга байланыштуу азайышы же көбөйүшү мүмкүн экендиги белгиленсин
7. Чыгаша беренесин максаттуу колдонуу жоопкерчилиги Ново-Покровка айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысына жүктөлөт.
8. 2023-жылда толук каржыланбай калган чыгашалар 2024-жылга бюджетте каралган ассигнованиелердин эсебинен жана чегинде гана компенсациялана тургандыгы белгиленсин.
9. Бекитилген бюджеттик каражаттардан жана атайын каражаттарынын сметасынан ашык түшкөн каражаттар, айылдык кеңештин макулдугу менен толугу менен айыл өкмөттүн карамагында калат.
10. Бюджеттик атайын каражаттарды казына тутумунан өтүп пайдаланууга тыюу салынсын.
11. Ново-Покровка айыл өкмөтүнүн башчысына ашык болжолдонгон кирешелердин түшүшүнө, кирешенин чыгашадан көп болушуна байланыштуу 2023-жылга бекитилген бюджетке өзгөртүүлөрдү жана тактоолорду киргизүү укугу айылдык кеңештин макулдугу менен берилсин.
12. Ново-Покровка айыл өкмөтүнүн каржы-экономиканы бөлүмүнө жергиликтүү бюджетти аткаруу маалында, киреше бөлүмүн ашыкча аткарууда түшкөн ашыкча каражаттарды Кыргыз Республикасынын Президентинин социалдык иштерди аткаруу, улуттук жана мамлекеттик программаларды ишке ашыруу, Министрлер Кабинетинин токтомдорун, Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын токтомдорун, Ново-Покровка айылдык кеңештин токтомдорун, муниципалдык кызматкерлерди сыйлоого, коммуналдык тейлөө төлөмдөрүн жабууга, зарыл убакта өзгөчө кырдаалдын абалын жок кылууга, ЖӨӨБ убактылуу каржылык жардамга, жана башка сатып алууларга жана чыгашаларга пайдалануу каралсын.
13. Ново-Покровка айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмү Ново-Покровка айыл өкмөтүнүн башчысы менен биргеликте:
- Ново-Покровка айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматкерлердин эмгегин стимулдаштырууга жана социалдык колдоо көрсөтүүгө, бош калган каржылардын эсебинен кредиттерди көбөйтүүгө жол берилсин;
- жыл башында бош калган каржы каражаттардын эсебинен 1 айлык маянанын өлчөмүндөгү үстөк акы (Нооруз) төлөп берүү каралсын жана иш кагаздар атчысынын айлыгын 100 пайызга көбөйтүлсүн.
14. Кем-карчтуу болгон үй-бүлөлөрдүн жашоо тиричилигин жакшыртуу максатында арыздардын келип түшүшүнө жана турмуш тиричилиги изилденгенден кийин 5,0 миң сомго чейин эсебинде материалдык жардам көрсөтүлсүн, ал эми калган оор шарттарда каржылоо шартка жараша айылдык кеңештин макулдугу менен көбөйтүлсүн.
15. Жеңилдик берилген категориядагы жарандарды куттуктоого 5,0 миң сом өлчөмүндөгү материалдык жардам көрсөтүлсүн.
16. Өндүрүштүк керектөөлөргө байланыштуу күйүүчү-майлоочу майлары ар бир айга лимит менен айыл өкмөттүн кызматтык автоунаасына 300 литр, таштанды чыгырууга 900 литр, тракторго жана жүктөгүчкө 400 литр, жана балдарды жекирүүгө күнүнө 10 литр жол барагына ылайык каарлсын. Башка транспорттук тейлөөлөрү менен керектүү тетиктер 2024-бюджеттик жылга пайдалануу каралсын.
17.Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде Ново-Покровка айыл өкмөтүнүн башчысына жергиликтүү бюджеттин эсебинен Ново-Покровка айыл өкөмөтүнүн муниципалдык кызматкерлерин жана жумушчуларын сыйлоо жана кызматтык эмгек акыны бекитүү, кошумча акы чектөө укугу сакталсын
18. 2024-жылга мектепке чейинки мекемелерге (Сары-Жон айылындагы бала бакча) ата-энелердин чогулткан атайын эсебинен күнүнө тамак-ашка 70 сом суммасында ар бир балага бекитилсин.
19. А.Сакебаев атындагы орто мектебинин алдындагы бала бакчада иштеген ата-энелердин балдарына бала-бакчанын тамак-аш төлөмү 50% жеңилдик менен аныкталсын.
20. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ново-Покровка айыл өкмөтүнүн башчысы Б.М.Мамыркуловго жүктөлсүн.
Ново-Покровка айылдык кеңештин төрагасы |
|
Ш.И.Турдиев |