Редакцияот 08.08.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги IX сессиясы

 

2025-жылдын 8-август  №9-3  

2025-жылдын алты айынын жыйынтыгы боюнча айыл аймактагы иштердин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын жана калкты социалдык жактан коргоо боюнча программасынын аткарылышы тууралуу Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевдин отчетун угуу жөнүндө

                                                                                        

   Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 18-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык, ошондой эле Ат-Башы айыл аймагынын 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ишмердүүлүгү боюнча маалыматты угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

                          

1.    2025-жылдын алты айынын жыйынтыгы боюнча айыл аймактагы иштердин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын жана калкты социалдык жактан коргоо боюнча программасынын аткарылышы тууралуу Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевдин берген отчету “канааттандырарлык” деп табылсын;

 

2.    Ат-Башы айыл өкмөтүнө – отчетто айтылган маселелерди эске алуу менен калган алты ай ичинде ишти жакшыртуу боюнча тиешелүү чараларды көрүү сунушталсын;

 

3.    Айылдык кеңештин туруктуу комиссияларына – отчетто камтылган маселелердин ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү жана айылдык кеңешке тиешелүү сунуштарды берүү милдеттендирилсин.

 

 

 Тѳрага

У.  Мелис уулу