Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин 2025-жылдын 29-сентябрындагы № 63-3 буйругу менен бекитилген 1-тиркеме
Жаратылыш газын жеткирүү жана пайдалануу эрежелери
1-бөлүм. Колдонуу чөйрөсү
1..Жаратылыш газын жеткирүү жана пайдалануу эрежелери (мындан ары – Эрежелер) жаратылыш газын керектөөчүлөрдүн, газ ташуучу жана газ бөлүштүрүүчү (газ менен камсыздоочу) уюмдардын өз ара мамилелерин аныктайт.
Бул Эрежелер Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат жана жаратылыш газын (мындан ары – газ) ташып келүү, берүү (жеткирүү), бөлүштүрүү, сатуу жана пайдалануу, ошондой эле газ пайдалануучу жабдуу жана газ эсептөө түйүндөрүн куроо, газ керектөөчү жабдууну режимдик-жөндөө жана агытып жөндөө иштерин өткөрүү менен иш алып баруучу жеке ишкерлер, физикалык жана юридикалык жактар үчүн уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан милдеттүү.
Бул Эрежелер газды ташып келүүдө, жеткирүүдө, бөлүштүрүүдө, сатууда жана пайдаланууда аны сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу боюнча талаптарды белгилейт.
2-бөлүм. Терминдер жана аныктамалар
2..Бул Эрежеде пайдаланылуучу терминдер жана аныктамалар.
1).Тиричилик керектөөчү – келишимдин шарттарына ылайык газды тиричилик муктаждыктары үчүн пайдаланган физикалык жак.
2).Бюджеттик керектөөчү – мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан түзүлгөн, республикалык же жергиликтүү бюджет каражатттарынын эсебинен каржылануу менен газды күйүүчү отун же чийки зат катары колдонуучу мамлекеттик же муниципалдык орган, же юридикалык жак.
3).Газ – метан жана алда канча оор көмүрсуутектен, азоттон, көмүр кычкыл газынан, суу бууларынан, күкүрттүү кошулмалардан, инерттүү газдардан турган газ сымал аралашма.
4).Газ өндүрүүчү уюм – газды өндүрүү (чыгаруу), кайра иштетүү, сактоо, ташуу, керектөөчүгө сатуу боюнча ишмердүүлүк менен алек болгон жана белгиленген эрежеге ылайык ишмердүүлүктүн ушул түрүнө мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдын лицензиясы бар адистештирилген уюм.
5).Газ транспорт уюму – магистралдык газ түтүктөрдү жана алардагы курулмаларды пайдаланган жана жаратылыш газын ташуу боюнча ишмердүүлүк жүргүзгөн жана ишмердүүлүктүн ушул түрүнө мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдын лицензиясы бар адистештирилген уюм.
6).Газ бөлүштүрүүчү (газ менен жабдып туруучу) уюм – газ бөлүштүрүү тутумун пайдаланган жана жаратылыш газын бөлүшүтүрүү, сатуу боюнча ишмердүүлүк менен алек болгон жана ишмердүүлүктүн ушул түрүнө мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдын лицензиясы бар адистештирилген уюм.
7).Газ керектөөчү жабдуу – технологиялык жана өндүрүштүк муктаждыктар үчүн жаратылыш газын пайдаланган,ошондой эле жылытуу, ысык суу менен камсыздоо, тамак даярдоо үчүн калк колдонгон түзүлүштөрдүн топтому.
8).Газ түтүктүн баланстык таандыгынын чеги (менчиктин чеги) – жабдып туруучу менен керектөөчүнүн ортосунда газ түтүктү менчик, ижара белгилери боюнча бөлүү чеги, ал тейлөө тилкелерин чектөө акты менен (коммерциялык жана/же бюджеттик керектөөчүлөр үчүн) же тиешелүү келишимдин шарттары менен таризделет.
9).Пайдаланууга берүү жоопкерчилигинин чеги – пайдалануу жана техникалык тейлөө милдетине (жоопкерчилигине), ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бекитилген жана келишимде чагылдырылган обьекттин газ менен камсыздоо системасынын элементтерин бөлүү чеги.
10).Дебитордук карыз – керектөөчүлөр жабдуучуга төлөй турган карыздардын суммасы.
11).Заказчы – газ менен камсыздоо системасына биригүү үчүн долбоордук документтерди заказ кылуучу жеке же юридикалык жак.
12).Коммерциялык керектөөчү – газды күйүүчү отун же чийки зат катары пайдалануучу жекече ишкер же юридикалык жак.
13).Одорант – кескин мүнөздөгү жытка ээ зат; газдын чыгып жаткандыгын өз учурунда аныктоо максатында газга кошулат.
14).Акыркы эсептешүү (окончательный расчет) – келишимдин шарттары менен аныкталган эсептик мезгилдин соңунда жеткирилген газ үчүн болгон төлөм.
15).Газ берүүнү токтотуу – берүүчү газ түтүгүндө дисктик өчүрүүчү орнотмосу бар өчүрүүчү түзүлүштү жабуу жолу менен газ жеткирүүнү токтотуу жана ага пломбо кою же газ түтүктөрүн кыркуу.
16).Газды берүүдө тыныгуу – керектөөчүгө газ берүүнү 1 суткадан көп токтотуу.
17).Төлөм документи – негизинде келишимдин тараптарынын ортосунда каржы эсептешүүлөр жүргүзүлгөн төлөм тапшырыгы, билдирүү, төлөнүүчү эсеп.
18).Алдын ала төлөө – газга жана газды берүү (ташуу) боюнча кызматтарга алдын ала төлөө, келишимдин шарттары менен аныкталат.
19).Газды эсептөө аспабы – бир же бир нече милдеттерди аткарган өлчөө каражаттары: өлчөө, чогултуу, сактоо, чыгым (көлөм), температура, газдын басымы жана алеттердин а.и. газды эсептөөнүн тиричилик алеттеринин (газ эсептегичтин) иштөө убактысы жөнүндө маалыматты чагылдыруу.
20).Газ керектөөчү жабдууну пайдаланууга өткөрүп алуу – газ керектөөчү жабдуунун пайдаланууга даярдыгын аныктаган, белгиленген үлгүдөгү актка кол коюу менен аяктаган жол жобо.
21).Жабдуучу – керектөөчүгө жаратылыш газын жеткирүүнү жана сатууну камсыз кылган газ чыгаруучу, газ транспорт, газ бөлүштүрүүчү уюм.
22).Газ керектөөчү (абонент, суб керектөөчү) – газды жабдуучудан сатып алып, аны келишимдин негизинде күйүүчү отун жана/же чийки зат катары пайдалануучу физикалык же юридикалык жак.
23).Долбоордук документтер – тексттик жана графикалык материалдардан туруп, архитектуралык, функционалдык-технологиялык, конструктивдик жана инженердик-техникалык чечимдерди аныктоочу документтер.
24).Агытып жөндөө иштери – агытууга даярдоо жана газ керектөөчү жабдууну коммуникациялар жана арматура менен агытуу, газ керектөөчү жабдуунун жүгүн уюм – жабдуунун ээси менен макулдашылган деңгээлге жеткирүү, ошондой эле газ керектөөчү жабдуунун отун режимин жөндөө иштеринин комплекси.
25).Газ пайдалануу режими – бул отчёттук мезгилге карата газ керектөө параметрлери (басым, чыгым жана газ керектөөнүн мүмкүн болгон көлөмү).
26).Режимдик-жөндөө иштери – жаратылыш газын керектөөнүн долбоордук (паспорттук) көлөмүн жумушчу жүктөмүнүн диапазонуна жеткирүү максатында газ керектөөчү жабдууну жөндөө, отунду күйгүзүү процессин, көмөкчү жабдууну автоматтык тескөө каражаттарын жөндөө иштеринин топтому.
27).Режим картасы – режимдик-жөндөө жана баланстык текшерүүлөрдүн негизинде түзүлгөн, күймөлөрдүн жана казандардын ишинин негизги оперативдик жана контролдук параметрлерин, пайдалуу аракеттердин коэффициентинин маанилерин (ПАК), ар түрдүү өндүрүмдүүлүктө отундун салыштырмалуу сарпталышын, коопсуздук жана жөнгө салуу автоматикасы менен көзөмөлдөнүүчү параметрлердин чек маанилерин камтыган документ.
28).Камдык (авариялык) отун – жаратылыш газын берүүнү чектөөдө же токтотууда колдонуу үчүн арналган отун.
29).Эсептешүү мезгили – пайдаланылган газдын саны аныкталган жана керектөөчү менен жабдып туруучунун ортосунда пайдаланылган газга өз ара эсептешүү жүргүзүлгөн убакыт арылыгы. Тараптар макулдашкан эсептешүү мезгили келишимде көрсөтүлөт.
30).Газ менен жабдуу тутуму – газ транспорт, газ бөлүштүрүүчү уюмдардын менчигинде же башка мыйзамдык негизде таандык болгон магистралдык жана/же газ бөлүштүрүүчү түтүктөрдү жана/же газ бөлүштүрүүчү тармактарды өз ичине камтыган, жабдуучу ишкана менен керектөөчүнү бириктирген газ түтүктөрдүн системасы.
31).Газды жеткирүүнүн орто суткалык ченеми – жеткирүүнүн бир айлык көлөмүн ошол айдын күндөрүнүн санына бөлүү жолу менен аныкталган газдын жеткирүү көлөмү.
32).Субкеректөөчү – жабдып туруучу менен (негизги керектөөчү менен макулдашылган) жаратылыш газын жеткирүүгө келишими жана газ түтүктөрдүн баланстык таандык чеги бар, негизги керектөөчүнүн газ өткрөгүчүнө түздөн-түз кошулган жеке же юридикалык жак.
33).Техникалык шарттар – инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына объектти кошуу үчүн зарыл болгон талаптарды, анын ичинде кошуу чекитин, жол берилген жүктү (кубаттуулукту), камсыздоо булагын, берилүүчү ресурстун же чыгарылуучу продуктунун параметрлерин, жонго салуу ыкмасын жана графигин аныктоочу жана анын колдонуу мөөнөтү ичинде арыз ээсинин кошулуу укугун кепилдеген документ.
34).Техникалык тапшырмалар – архитектура жана курулуш боюнча тиешелүү мамлекеттик органдар жана башка ыйгарым укуктуу органдар тарабынан берилип, өзүнө курулуш аянтын тандоо, инженердик-техникалык шарттарды, топогеодезиялык жана инженердик-геологиялык изилдөө материалдарын, обьекттин курулуш бөлүгүн жана газ пайдалануучу жабдуулардын тизмесин камтый турган документтердин топтому.
35).Күйүүчү режим – негизги же резервдик катары керектөөчүнүн кайсы бир күйүүчү отунду пайдалануусу.
36).Газ ташуу – газ менен камсыздоо системасы боюнча газды ордунан жылдыруу жана берүү.
37).Газ эсептөө түйүнү – газдын санын эсепке алууну, ошондой эле контроль жана анын параметрлерин каттоону камсыз кылган түзүлүштөрдүн жана өлчөө каражаттарынын топтому.
38).Форс-мажор кырдаалдары – жабдып туруучу же керектөөчүгө келишим боюнча өз милдеттерин талаптагыдай аткарылышын камсыз кылууга мүмкүндүк бербеген, өзгөчө жана ушул жагдайда каршы келгис кырдаалдардан келип чыккан окуялар, анын ичинде (өзгөчө эмес) өрт, суу ташкыны, жер титирөө ж.б. табигый кырсыктар, аскердик иш-аракеттер.
3-бөлүм. Жаратылыш газын жеткирүүгө
келишим түзүүнүн эрежеси
3..Жабдуучу жана керектөөчү (коммерциялык, бюджеттик жана тиричилик керектөөчү) ортосундагы өз ара мамилелер тараптардын укуктары, милдеттери жана жоопкерчиликтери көрсөтүлгөн келишим менен жөнгө салынат.
4..Газ берүү келишимин түзүү үчүн коммерциялык, бюджеттик керектөөчү жабдуучуга төмөндөгүдөй документтерди берет:
1).объекттин аталышы, газды керектөөнүн мерчемделген көлөмү көрсөтүлгөн арыз;
2).газ керектөөчү жабдуунун аталышы, түрү жана саны жөнүндө маалыматтар, бир жабдуунун номиналдык газ чыгымы, газдын жалпы сааттык керектөөсү, газ керектөөчү жабдуунун иштөө убактысы жөнүндө маалыматтар;
3).уюштуруучулук документтердин көчүрмөсү;
4).газ менен камсыздоого карата долбоордук документация.
5..Субкеректөөчүлөр (эгерде алар болсо) жана/же күйүүчү отундун резервдик түрү (эгерде ал болсо) жөнүндө маалымат сөзсүз түрдө келишимге киргизилиши керек.
6..Газ жеткирүүнүн келишимдик милдеттери жабдуучу тарабынан берилген газ менен камсыздоо системине кошулуунун техникалык шарттарында көрсөтүлгөн көлөмдөн ашпоого тийиш. Андай болбогон учурларда бул Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин 2025-жылдын 2-июлундагы № 93-нпа “Кыргыз Республикасында курулуш иштерине документтерди берүү жана инженерднк тармактарга кошуу тартибин бекитүү жөнүндө” буйругу менен бекитилген “Техникалык шарттарды берүүнүн жана инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошуу тартибинин эрежелери” 2-тиркемене ылайык жаңы техникалык шарттар алынышы керек.
7..Жабдуучунун макулдугун алып, андан соң аны менен келишим түзүү жолу аркылуу гана негизги керектөөчү кошулган газ түтүгү аркылуу субкеректөөчүгө газ бере алат. Келишимде субкеректөөчүгө берилгенден сырткары өздүк керектөө үчүн зарыл болгон газдын жалпы (суммардык) көлөмү тууралуу маалымат камтылат.
8..Тиричилик керектөөчү үчүн газ жеткирүү жана аны пайдалануу мезгилиндеги тараптардын өз ара мамилелери бул Эреженин 3-тиркемесине ылайык тиричилик керектөөчүгө жаратылыш газын жеткирүү келишими аркылуу жөнгө салынат. Акцепт түзүлгөн мезгил болуп керектөөчүнү жабдуучунун газ менен камсыздоо түйүнүнө иш жүзүндө кошкон күн жана/же жабдуучунун газ менен камсыздоо түйүнүнө кошулган кыймылсыз мүлккө карата укукка (мыйзамдарда каралган негизде менчикке ээлик кылуу жана пайдалануу) ээ болгон учур саналат.
Эгерде жарактуу мөөнөтү бүткүчө тараптардын бири аны токтотуу тууралуу ниетин билдирбесе, жаратылыш газын жеткирүүгө карата түзүлгөн келишим ошол эле шарттар менен ошол эле мөөнөткө узартылган болуп саналат.
Газ менен камсыздоо түйүнүнө кошулуу үчүн кызыктар болгон жеке тарап (мындан ары – арыз ээси) кат жүзүндө газ менен камсыздоо системасынын түйүндөрүнө кошулуу тууралуу жабдуучуга кайрылат. Мындай шартта жабдуучу кабыл алуу жана карап чыгуу боюнча керектөөчүгө баш тартууга укугу жок. Арыз өзүнө келишимге кошулуу үчүн зарыл болгон маалыматтарды камтыйт жана алардын тизмеси жабдуучулардын ички ченемдик актыларынын негизинде бекитилет.
Жабдуучу арыз ээсине газ берүүнүн техникалык мүмкүнчүлүгүнүн бар же жок экендигин, ошондой эле берилген документтердин комплектүүлүгү менен туура же туура эместигин жана камтылган маалыматтардын чын-төгүнүн текшерет.
9..Мүлк ажыратылгандан кийин анын жаңы ээси менен (тиричилик керектөөчү менен) жаратылыш газын жеткирүү боюнча келишим (бул Эрежелерге карата 3-тиркеме), ал тууралуу түзүлгөн бүтүм (сатып алуу-сатуу, белекке берүү, алмашуу ж.б.) мамлекеттик каттоодон өткөн мезгилден тартып, тагыраак айтканда, жаңы ээси (тиричилик керектөөчү) жаратылыш газын жеткирүү тууралуу келишимди бузуу жөнүндө кат жүзүндөгү арызы менен жабдуучуга кайрылгычакты жарактуу деп саналат.
4-бөлүм. Керектөөчүгө газ жеткирүү
жана газ пайдалануу режими
10..Жабдуучу түзүлгөн келишимдин шарттарына ылайык керектөөчүгө газды жеткирүүгө жана газ пайдалануунун белгиленген режимдерин сактоого көзөмөл жүргүзүүгө милдеттүү.
11..Газды жеткирүүнүн келишим көлөмүн өзгөртүү зарылдыгы болгондо, бюджеттик жана/же коммерциялык керектөөчү ошол айдын 20-күнүнөн кеч эмес мөөнөттө кийинки айды берилүүчү газ көлөмүнө тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн жабдуучуга кайрылат. Газ жеткирүүнүн келишимдик көлөмүн түзөтүү газ пайдалануу режиминин мүмкүн болгон өлчөмүндө жүзөгө ашырылат. Андай болбогон учурларда газ түтүгүнө кошулуу үчүн техникалык шарттарды өзгөртүү зарылчылгы келип чыгат.
12..Газ берүүгө чектөөлөр киргизилген шартта, зарылчылыкка жараша, жабдуучу газ берүүнү чектөө же керектөөчүлөрдү газ жабдуусунан өчүрүү боюнча графикти иштеп чыгат жана белгиленген тартипте ишке киргизет.
Газ берүүнү чектөөдө же авариялык кырдаалдарда газ берүүнү чектөө жана/же өчүрүү графиги биринчи кезекте дебитордук карыздары бар керектөөчүлөргө карата колдонулат.
13..Газ түтүгүнө жана курулмаларына пландуу оңдоо иштерин өткөрүүдө жабдуучу бардык ыкмаларды пайдалануу менен керектөөчүнү газ берүүнүн токтотулушу тууралуу 3 күн мурда эскертет.
14..Газды өчүрүлүп же чектөө киргизилген учурларда керектөөчү күйүүчү отундун резердик түрүнө өтүүсү зарыл.
15..Эреже бузулган учурларда керектөөчүгө газ берүүнү токтотуу же чектөө боюнча жабдуучунун иш-аракеттеринин тартиби бул Эреженин 1-тиркемесинде каралган.
5-бөлүм. Газ керектөөчү жабдуулар менен
газ тармактарын пайдалануудагы тараптардын
өз ара мамилелери
16..Менчиктин баланстык таандыгынын чеги – менчик, ижара же пайдалануу белгилери боюнча жабдуучу менен керектөөчүнүн ортосундагы газ түтүктүн бөлүнүү линиясы. Коммерциялык жана тиричилик керектөөчү үчүн менчиктин баланстык таандыгынын чеги баланстык таандыкты чектөө актысы менен таризделет. Тиричилик керектөөчү үчүн менчиктин баланстык таандык чеги тиешелүү келишимдин шарттарына ылайык аныкталат.
17..Пайдаланууга берүү жоопкерчилигинин чеги өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
1).коммерциялык жана/же бюджеттик керектөөчү үчүн – анын балансында турган газ түтүктөр, газ керектөөчү жабдуулар, газ эсептөө аспаптар, ошондой эле аларга коюлган пломбалар жана тагылган кайыштар;
2).тиричилик керектөөчүлөрү үчүн – жеке турак жайлардын короо ичиндеги, үй ичиндеги газ менен камсыздоо системалары жана көп кабаттуу үйлөрдүн батирлери үчүн батир ичиндеги газ менен камсыздоо системалары, ошондой эле газ керектөөчү жабдуулар (газ плиталары, суу жылыткычтар, казандар, күйгүчтөр).
Газдын жыты же крандардын, газ түтүктөрүнүн жана газ керектөөчү жабдуулардын бузулушунун тышкы белгилери байкалса, тиричилик керектөөчүсү дароо Жубдуучуга кайрылат. Аларды техникалык тейлөө жана оңдоо Жубдуучу тарабынан керектөөчүнүн өтүнмөсү боюнча, Жубдуучунун белгиленген тартипте макулдашылган баалар тизмесине ылайык, акы төлөнүүчү негизде жүргүзүлөт;
3).тиричилик керектөөчүсүнүн алдында Жубдуучу үчүн – газды эсептөө аспабы жана менчикке таандыктыктын баланстык бөлүштүрүү чегине чейинки газ менен камсыздоо системасы.
18..Кыргыз Республикасынын жарандык жана турак жай-коммуналдык мыйзамдарына жана керектөөчүлөргө жаратылыш газын берүү боюнча мамилелерди жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актыларына ылайык түзүлгөн келишимдин негизинде, жеке турак жайлар үчүн газды эсептөө аспаптын, пломбалардын жана кирүүдөгү крандын, анын ичинде Жубдуучунун менчигинде турган башка коргоочу каражаттардын сакталышына, ошондой эле анын ишине кийлигишпөөсүнө тиричилик керектөөчүсү жооп берет.
19..Көп батирлүү турак үйлөрдүн ички газ менен камсыздоо тутумуна техникалык тейлөө жүргүзүү жоопкерчилиги, жашоочулардын үлүштүк менчигинде турган, газ керектөөчү жабдуулардан тышкары, Кыргыз Республикасынын жарандык жана турак жай-коммуналдык мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын 54961:2019 мамлекеттик стандарты боюнча Жубдуучу тарабынан ишке ашырылат.
20..Тиричилик керектөөчүсүнө таандык газ керектөөчү жабдууларга техникалык тейлөө керектөөчү менен макулдашылган мөөнөттө, керектөөчүнүн арызы боюнча, Жубдуучунун белгиленген тартипте макулдашылган баалар тизмесине ылайык, акы төлөнүүчү негизде Жубдуучу тарабынан жүргүзүлөт.
Керектөөчүдөн келип түшкөн авариялык мүнөздөгү буйрутмалар жабдуучу тарабынан акысыз жана ченемдик документтердин талаптарына ылайык аткарылат.
21..Керектөөчүгө жабдуучу менен макулдашуусуз батир ичиндеги, короо ичиндеги жана үй ичиндеги газ түтүктөрүн жана аларга курулмаларды өз алдынча туташтырууга, жылдырууга жана кайра орнотууга тыюу салынат.
22..Тиричилик керектөөчүлөрүнүн жер тилкелери аркылуу өткөн орто жана төмөн басымдагы газ түтүктөрү жана алардагы курулмалар керектөөчүнүн арызы боюнча жана анын эсебинен жабдуучу тарабынан жылдырылышы мүмкүн.
23..Үзгүлтүксүз коопсуз газ менен камсыз кылуу максатында, керектөөчү милдеттүү:
1).Кыргыз Республикасынын жарандык жана турак жай-коммуналдык мыйзамдарынын, ошондой эле ушул Эреженин, жаратылыш газын эсепке алуу Эрежелеринин, жаратылыш газын берүү келишиминин шарттарын жана жаратылыш газын керектөөчүлөргө берүү боюнча мамилелерди жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актылардын талаптарын жана ченемдерин сактоого;
2).келишимдин жана Жаратылыш газын эсепке алуу эрежелеринин талаптарына ылайык, жеткирилген газды эсепке алууну камсыз кылууга;
3).келишимде жана ушул Эрежелерде белгиленген мөөнөттө аткарылган иштер жана иш жүзүндө жеткирилген газ үчүн жабдуучуга өз убагында акы төлөөгө. Ушул Эрежелердин 42-пунктуна ылайык эсептелинген, көрсөтүлгөн эсеп боюнча төлөмдү кечиктиргендиги үчүн жабдуучуга туумду төлөөгө;
4).газ түтүктөрүн, газ керектөөчү жабдууларды, газды эсептөө аспаптарын жарактуу абалда кармоого, орнотулган пломбалардын жана башка коргоочу каражаттардын сакталышын камсыз кылууга, аларды алууну жабдуучунун уруксаты жана катышуусунда акт түзүү менен гана жүргүзүүгө;
5).керектөөчүгө таандык болгон газды эсептөө аспаптардын, газ керектөөчү жабдуулардын талаптагыдай техникалык абалын жана коопсуз иштешин камсыз кылуу боюнча жабдуучунун эскертүүлөрүн аткарууга;
6).газды эсептөө аспаптын, газ керектөөчү жабдуунун ишиндеги бардык бузулуулар жана кемчиликтер, пломбалардын бузулушу же жулунуп кетиши ж.б.у.с. жөнүндө жабдуучуга токтоосуз билдирүүгө;
7).жабдуучунун ушул Эрежелерге карама-каршы келген иш-аракеттери тууралуу фактыларды ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга билдирүүгө;
8).жабдуучуга келишимде белгиленген мөөнөттө газды эсептөө аспаптын көрсөткүчтөрүн берүүгө.
24..Ушул Эрежелердин 23-пунктунда көрсөтүлгөн жалпы милдеттерден тышкары, коммерциялык жана/же бюджеттик керектөөчү төмөнкүлөргө милдеттүү:
1).газ керектөөчү жабдууларды, газ түтүктөрүн жана аларда жайгашкан курулмаларды эксплуатациялык жана ченемдик документтердин талаптарына ылайык иштетүүнү камсыз кылууга;
2).газ керектөөчү жабдууларга жана газды эсептөө аспаптарына долбоордук документтери, техникалык мүнөздөмөлөрү жана паспорттору, ошондой эле аларды пайдалануу боюнча өндүрүштүк нускамалары болуусун камсыз кылууга;
3).газ чарбасы боюнча адистештирилген кызматы жок болгон учурда, газ керектөөчү жабдууларга жана газ түтүктөрүнө тейлөө жүргүзүү үчүн газ чарбасындагы жумуштарды аткаруунун коопсуз методдоруна жана ыкмаларына окуудан өтүүгө жана белгиленген тартипте жана мөөнөттө экзамен тапшырууга;
4).автоматика каражаттарын, көзөмөлдөө-өлчөөчү аспапттарын, газды эсептөө аспаптарын техникалык жактан жарактуу абалда кармоо жана аларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 446 токтому менен бекитилген Текшерилүүгө тийиш болгон өлчөө каражаттарынын тизмеси жана өлчөө каражаттарын текшерүүнүн мезгилдүүлүгүнө ылайык белгиленген мөөнөттө текшерүүдөн өткөрүүгө;
5).газ керектөөчү жабдуулардын автоматика каражаттарын учурдагы эксплуатациялык жана ченемдик документтердин талаптарына ылайык пландаштырылган алдын алуучу оңдоону жүргүзүүгө;
6).резервдик (авариялык) отун жабдууларынын резервдик отун менен иштөөгө даярдыгын камсыз кылууга;
7).газ керектөөчү жабдууларды иштетүү жана ченемдик документтердин талаптарына ылайык режимдик-жөндөө иштерин жүргүзүүгө;
8).ар бир агрегат үчүн режимдик-жөндөө иштеринин жыйынтыгы боюнча түзүлгөн режимдик карталары болуу жана газ керектөөчү жабдууларды аларга ылайык эксплуатациялоону камсыз кылууга;
9).кызматтык күбөлүгүн көрсөтүү менен дем алыш жана майрам күндөрүн кошо алганда, сутканын каалаган убагында тоскоолдуксуз кирүүсүн камсыз кылууга жана газды пайдаланууну, газды эсептөө аспапттарынын абалын көзөмөлдөө үчүн жабдуучу уюмдун кызматкерлерин коштоп жүрүүгө;
10).жабдуучунун кызматкерлери тарабынан аныкталган бузулууларды жоюуга;
11).келишимде белгиленген отчеттук мезгил ичинде газды керектөөнүн көрсөтүлгөн көлөмүнөн ашпоого.
25..Ушул Эрежелердин 23-пунктунда көрсөтүлгөн жалпы милдеттерден тышкары, тиричилик керектөөчүсү төмөнкүлөргө милдеттүү:
1).жеке турак жай үйлөр үчүн короо ичиндеги, үй ичиндеги газ менен камсыздоо системаларын жана көп кабаттуу үйлөрдүн батирлери үчүн батир ичиндеги газ менен камсыздоо системаларын, ошондой эле газ керектөөчү жабдууларды (газ плиталары, суу жылыткычтар, казандар, күйгүзгүчтөр) колдонуудагы эксплуатациялык жана ченемдик документтердин талаптарына ылайык камсыз кылууга;
2).газ түтүгүн туташтыруу (алмаштыруу, оңдоо) үчүн жабдуучуга арыз менен кайрылууга. Газды эсептөө аспапты жабдуучу менен макулдашуусуз туташтырууга же алмаштырууга жол бербөөгө;
3).кызматтык күбөлүгүн жана жазуу жүзүндөгү негиздемени көрсөткөн учурда, жабдуучунун кызматкерлерин өз аймагына тоскоолдуксуз жана коопсуз кирүүсүн саат 8:00дөн 21:00гө чейин камсыз кылууга төмөнкү учурларда:
–.газ түтүгүн жана бардык газ жабдууларын, пломбалардын жана газды эсептөө аспаптарынын башка коргоочу каражаттарынын бүтүндүгүн текшерүү, газды эсептөө аспаптарынын көрсөткүчтөрүн алуу үчүн, көп кабаттуу үйлөрдүн батирлеринде айына 1 жолудан көп эмес, ал эми жеке турак үйлөрдө – айына 2 жолудан көп эмес;
–.газ түтүктөрүн жана газ керектөөчү жабдууларды орнотуунун долбоордук документтерге шайкештигин текшерүү үчүн;
4).жабдуучунун кызматкерлерине кызматтык күбөлүгүн жана газ керектөөчү жабдууларды өчүрүү (кошуу) боюнча иштерди аткаруу үчүн жазуу жүзүндөгү негиздемесин көрсөткөндөн кийин, өз аймагына тоскоолдуксуз жана коопсуз кирүүсүн камсыз кылууга;
5).төмөнкү учурларда жабдуучунун кызматкерлерине кызматтык күбөлүгүн көрсөткөндөн кийин, сутканын каалаган убагында өз аймагына тоскоолдуксуз жана коопсуз кирүүсүн камсыз кылууга:
–.өзгөчө кырдаалдарда;
–.авариялардын алдын алуу боюнча иштерди жүргүзүү үчүн;
–.газ түтүгүнүн долбоордук документтерге дал келбегендигинен улам өзгөчө кырдаалдын (жарылуу, өрт жана башка) алдын алуу максатында;
6).газдын агып кетүүсүн байкаганда жана/же башка авариялык кырдаалдарда жабдуучунун авариялык кызматына кайрылууга;
7).газ керектөөчү жабдуунун, мордун жана/же желдетүү каналынын иштөөсүн колдонуудагы эксплуатациялык жана ченемдик документтердин талаптарына ылайык камсыз кылууга;
8).жеткирилген жаратылыш газын колдонууну токтотууну каалаганда, жабдуучуга келишимди бузуу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз менен кайрылууга жана жаратылыш газын жеткирүү боюнча карыздарды төлөөгө;
9).жеке турак жай үйлөрүндө газдаштыруу боюнча долбоордук документтердин болуусун камсыз кылууга;
10).газ эсепттөө асапаптын көрсөткүчтөрүн жабдуучуга ай сайын билдирип турууга. Газ эсепттөө асапаптын көрсөткүчтөрүн жабдуучу тарабынан белгиленген мөөнөттө жабдуучунун аларды ишенимдүү түрдө алышын камсыз кылган ар кандай жеткиликтүү ыкма менен берүүгө;
11).электрондук карта жоголгон, бузулган учурда (электрондук картасы бар газды эсептөө аспап болсо), өз эсебинен жабдуучунан башка электрондук карта сатып алууга;
12).газды эсептөө аспаптын электрондук бөлүгүндө иштебей калуу фактысы аныкталганда, жабдуучунун техникалык корутундусуна ылайык, жабдуучу тарабынан газды эсептөө аспаптын электрондук картасы бар механикалык интегратору боюнча эсептелген жеткирилген жаратылыш газы үчүн төлөм жүргүзүүгө;
13).жабдуучуга узак мөөнөткө (1 айдан ашык) жок болуу жана жаратылыш газын колдонбоо тууралуу тиешелүү арыз берип кабарлоого;
14).текшерүүгө алынган газды эсептөө аспаптын транспорттук тарасын ачууга жана комиссиялык текшерүүгө катышуу үчүн 3 жумушчу күндүн ичинде келүүгө.
26..Керектөөчү төмөнкүлөргө укуктуу:
1).газды үзгүлтүксүз жана коопсуз алууга;
2).газдын тарифтери, көрсөтүлүүчү кызматтардын баалары жана колдонулган материалдар боюнча, ошондой эле керектөөчүнүн кызыкчылыктарын козгогон башка маселелер боюнча жабдуучунан ишенимдүү маалымат алууга;
3).газ керектөөчү жабдууларды жана газ түтүгүн техникалык тейлөө жана оңдоо боюнча иштеринин өз убагында аткарылышына:
–.тиричилик керектөөчү тарабынан жабдуучуга берилген өтүнмөгө жана бекитилген баалар тизмесине ылайык;
–.коммерциялык жана бюджеттик керектөөчүлөр үчүн техникалык тейлөө боюнча түзүлгөн келишимге ылайык;
4).жабдуучунун ишмердүүлүк чөйрөсүнө кирген маселелерди чечүү үчүн жабдуучуга арыз менен кайрылууга;
5).газ менен камсыздоо убактылуу токтотулганда, төлөм документте (эсепте) каталар жана так эместиктер аныкталганда, эсептелген төлөмдөрдүн суммасын кайра эсептөө боюнча арыз менен жабдуучуга кайрылууга;
6).коммерциялык жана/же бюджеттик керектөөчүдө газ түтүктөрүн, газ керектөөчү жабдууларды, газды эсептөө аспаптарды техникалык тейлөө кызматы жок болгон учурда, газ чарбасын техникалык тейлөө боюнча жабдуучу менен келишим түзүлгөнгө чейин жаратылыш газын берүүнү өчүрүүгө арыз берүүгө.
Эгерде керектөөчү жаратылыш газын берүүнү өчүрбөгөндө, техникалык тейлөө келишимин түзбөгөндө, жабдуучу газ берүүнү токтото алат;
7).келишимдин шарттарын жабдуучу талаптагыдай аткарбаган учурда керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана сотторго кайрылууга.
27..Газ менен үзгүлтүксүз жана коопсуз камсыз кылуу максатында жабдуучу төмөнкүлөргө милдеттүү:
1).газ ташуучу уюмунан жыттандырылган газды жеткирүүнү талап кылууга жана ченемдик документтердин талаптарына ылайык газдын жытынын интенсивдүүлүгүн мезгил-мезгили менен көзөмөлдөөгө;
2).республикага газды жеткирүүчү уюм тарабынан жүргүзүлгөн газдын анализинин жыйынтыгын газ ташуучу уюмга он күндө бир жолу, ал эми коммерциялык жана/же бюджеттик керектөөчүгө (зарыл болгон учурда) берүүгө;
3).газ менен камсыздоодогу чектөөлөргө, үзгүлтүктөргө, газ берүүнүн токтотулушуна байланыштуу бардык өзгөрүүлөр жөнүндө газ ташуучу уюмга ыкчам кабарлап турууга;
4).газ берүүнү кыскартуунун же токтотуунун себептерин жана газ менен камсыздоонун кадимки режими качан калыбына келтирилерин билдирүүгө. Адамдардын өмүрүнө же материалдык зыянга коркунуч туулса, газ түтүктөрүн газ менен камсыздоо системасынан дароо ажыратуу боюнча чараларды көрүүгө;
5).керектөөчүгө газ берүүнү токтотууну пландаштыруу жөнүндө газ ташуучу уюмга өчүрүү учуруна чейин 3 сутка калганда жазуу жүзүндө билдирүүгө;
6).газ куурунун жана/же андагы курулмаларды оңдоого арыздарды газ ташуучу уюм менен оңдоо иштерин жүргүзүүгө 3 суткадан кечиктирбестен макулдашууга;
7).керектөөчүгө газ берүүнү пландаштырылган чектөөлөр же токтотуулар жөнүндө 3 сутка мурда, себептерин жана тыныгуу мөөнөтүн көрсөтүү менен, бардык жеткиликтүү ыкмалар менен кабарлоого;
8).газдын тарифинин өзгөргөндүгү жөнүндө керектөөчүгө тарифтер күчүнө киргенге чейин 10 күндөн кечиктирбестен маалымдоого;
9).керектөөчүнүн арызы боюнча газ менен убактылуу камсыз болбогон учурда, каталар жана так эместиктер аныкталган төлөм документте (эсепте) көрсөтүлгөн төлөмдөрдүн суммасын кайра эсептөөгө.
Газды эсептөө аспабы жок керектөөчүгө жеткирилген газ үчүн кайра эсептөө жүргүзүүгө, эгерде:
–.жылытылуучу аянтты, бул даректе жашаган адамдардын саны өзгөрсө. Керектөөчү бул тууралуу жабдуучуга болгон фактыдан кийин бир айдан кечиктирбестен, жазуу жүзүндө, тастыктоочу документтерди тиркөө менен кабарлоого тийиш;
–.керектөөчү жана аны менен бирге бул даректе жашаган бардык башка адамдар бир айдан ашык мөөнөткө убактылуу чыгып кеткенде, кайтып келгенден кийин бир айдын ичинде жабдуучуга тастыктоочу документтер (жол жүрүү документинин көчүрмөсү, жолдомо, командировкалык күбөлүк) менен арыз берилсе, газ үчүн төлөм алынбайт. Документтердин жарактуу мөөнөтү аяктагандан кийин алар жабдуучу тарабынан каралбайт жана кайра эсептөө жүргүзүлбөйт;
10).керектөөчүгө иш жүзүндө жеткирилген газга төлөө боюнча карызы үчүн газ берүүнү токтотуу жөнүндө, өчүрүүгө 3 суткадан кем эмес убакыт калганда, жазуу жүзүндө билдирүүгө;
11).керектөөчүнүн арызы боюнча, керектөөчү газ үчүн карызын, туумун жана кошуу кызматтары үчүн төлөмдөрдү төлөгөндөн кийин, ага газ берүү кезектүүлүк тартибинде калыбына келтирилет;
12).ай сайын коммерциялык жана/же бюджеттик керектөөчүдөн газ эсептөөчү аспаптын көрсөткүчтөрүн акт түзүү менен алуу;
13).газ түтүгүн долбоордук документтерге ылайык, газды эсептөө аспабын текшерүүгө, ошондой эле газ керектөөчү жабдуулардын долбоорго шайкештигин текшерүүгө жана текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча эсепке алуунун тууралыгын аныктоого;
14).текшерүүнүн жыйынтыгына карабастан, эки тараптуу акт түзүп, бир нускасын коммерциялык жана/же бюджеттик керектөөчүгө, ал эми тиричилик керектөөчүсүнө бузуулар аныкталган учурда тапшырууга;
15).ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан берилген көрсөтмөлөрдү аткарууга, ченемдик документтерди жана ушул Эрежелердин талаптарын бузууга жол бербөөгө;
16).Кыргыз Республикасынын жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө керектөөчүнүн арызына жооп берүү.
28..Ушул Эрежелердин 27-пунктунда көрсөтүлгөн жалпы милдеттерден тышкары, берүүчүнүн милдеттерине төмөнкүлөр кирет:
1).ишенимдүү газды эсептөө аспабын тиричилик керектөөчүсүнө кезек тартибинде алгачкы (акысыз негизде) орнотуу;
2).жеткирилген газ үчүн ай сайын төлөм эсебин (өткөн календардык ай үчүн) тиричилик керектөөчүсүнө кийинки айдын 10унан кечиктирбестен берүү;
3).керектөөчүнүн катышуусунда газ менен камсыздоо тутумун, газды эсептөө аспабын кароо, газды эсептөө аспабын орнотуу, аны текшерүүгө же оңдоого алып салуу, газды эсептөө аспабын пломбалоо, эсептөө механизмин коргоочу талон менен чаптоо актысын түзүү;
4).керектөөчүнүн менчигинде турган газ менен камсыздоо тутумунун, анын ичинде мордун, желдетүү каналдарынын жана газ жабдууларынын техникалык жактан оң абалда болушун жана коопсуз иштешин камсыз кылуу боюнча аткарууга милдеттүү эскертүүлөрдү берүү;
5).газ менен тиричиликте коопсуз пайдалануу боюнча газ менен камсыздоого документтерди тариздөөдө инструктаж өткөрүү;
6).газ эсептөө аспабын текшерүүгө жана алмаштырууга алуу жөнүндө тиричилик керектөөчүсүнө 7 календардык күндүн ичинде эскертүү;
7).жабдуучунун газ эсептөө аспабын андан ары тейлөөгө мүмкүнчүлүгү жок (газ эсептөө аспаптарынын өндүрүштө токтотулушу, газ эсептөө аспаптарын эксплуатациялоо үчүн запастык бөлүктөрдүн, шаймандардын жана таандыктардын жоктугу ж.б.), алмаштырылган газ эсептөө аспаптын эксплуатациялоодон чыкан (өндүрүштүк брак, эксплуатация учурунда аныкталган өндүрүүчү белгилеген ченөө катасынын өлчөмүнөн ашканда ж.б.) жана жабдуучу тарабынан алдыңкы технологияларды жана жабдууларды киргизүүнүн негизинде уюмдун газ бөлүштүрүүчү системасынын техникалык-экономикалык деңгээлин жогорулатуу боюнча иш-чаралардын комплексин ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү жок болгон учурларда газ эсептөө приборун алмаштыруу (жаңы газ эсептөө приборун алмаштыруу).
29..Жабдуучу укуктуу:
1).керектөөчүнү кабардар кылбай туруп газдын берилишин токтотуу жана ал үчүн төмөнкү шарттарда жоопкерчилик тартпоо:
–.газ системиндеги аварияларда;
–.керектөөчүнүн мурда кесилген газ өткөрүүчү түтүккө өз алдынча кошулуусу, газ пайдалануучу кошумча жабдууну өз алдынча кошуу же газ жабдуусундагы аткарылган монтаждын долбоордук документтерге жооп бербөөсү;
–.эгерде ал авариялык кырдаалдарды жаратуусу мүмкүн болсо керектөөчү тарабынан эсепке алынбаган газдын пайдалануу фактысы катталганда;
–.Кыргыз Республикасына жаратылыш газын ташып кирүү үчүн техникалык мүмкүнчүлүктөрдүн жоктугуна байланыштуу Кыргыз Республикасына жаратылыш газын ташып кирүү токтотулганда же чектелгенде;
–.газ эсептегичти текшерүү, алмаштыруу жана изилдөө үчүн керектөөчү тарабынан ага эркин кирүүнү камсыз кылуудан баш тарткан же камсыз кылбаган учурларда;
2).керектөөчүнү алдын ала эскертүү менен газдын берилишин азайтуу же токтотуу, бул үчүн төмөнкү шарттарда жоопкерчилик тартпоо:
–.берилген газ үчүн төлөмдөрдүн кечиктирилиши;
–.газ түйүндөрү менен алардын курулуштарына карата пландуу оңдоо жана/же реконструкциялоо иштеринин жүрүшү;
–.жабдуучу тарабынан берилген эскертүүлөрдүн керектөөчү тарабынан аткарылбашы;
–.бул Эрежелердин 24-пункттун “9” жана 25-пунктунун “3” и “4” пунктчаларында каралган шарттарда жабдуучу кызматкерин керектөөчүнүн газ керектөөчү жабдуусуна жана газ эсептөө приборуна киргизбей койгондо;
–.газ өткөрүүчү түтүк жана анын курулмаларынын кайтарууга алынган зоналары бузулганда;
–.кайра монтаждоо аныкталганда, жабдуучунун макулдугу жок туруп газ пайдалануучу жабдуу менен газ өткөрүүчү түтүктү бир орундан экинчи бир орунга жылдырууда;
–.керектөөчү төлөм жүргүзүүгө жөндөмдүү эмес деп табылганда;
–.коммерциялык, бюджеттик керектөөчүлөр тарабынан текшерүү мөөнөтү өтүп кеткен газ эсептөө приборлору пайдаланылганда;
–.жабдуучу жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлү катышпай туруп, коммерциялык, бюджеттик керектөөчү тарабынан газ эсептөө түйүнү пайдаланууга киргизилгенде;
–.газ өткөрүүчү түтүк жана газ пайдалануучу жабдууну тейлөө үчүн коммерциялык, бюджеттик керектөөчүнүн даярдыктан өткөн кызматкери жок учурда;
–.бюджеттик керектөөчү тарабынан газдын лимиттен ашыкча пайдаланылганда;
–.керектөөчү тарабынан эсепке алынбаган газдын пайдаланылуу фактысы катталган учурларда.
Бул пунктчанын тогузунчу жана он биринчи абзацтары менен аныкталган шарттарда, жабдуучу мыйзамдарда бекитилген мөөнөттө эскертүү берүү менен акт түзөт.
Бул пунктчанын экинчи, төртүнчү жана бешинчи абзацтарында аныкталган шарттарда, ошондой эле жабдуучу менен керектөөчү ортосундагы келишимде аныкталган шарттарда жабдуучу мыйзамдарда бекитиген мөөнөттө газ берүүнү токтотуу тууралуу керектөөчүгө билдирүү жөнөтүүгө милдеттүү.
Газ түйүндөрүнө жана алардын жабдууларына пландуу оңдоо жана/же реконструкция иштерин өткөрүү үчүн газ берүүнү токтотуу зарылчылыгы жаралса,жабдуучу кат жүзүндө керектөөчүнү эскертип, пландуу иштерди жүргүзүү учурунда ага газ берилбей тургандыгын жана анын мөөнөтүн макулдашуусу зарыл. Эгерде эскертүү алгандан кийин керектөөчү 5 күн ичинде газ берүүдөгү тыныгуу убактысын макулдашпаса, жабдуучу бул убакытты өз алдынча коюуга милдеттүү. Газ берүүдөгү тыныгуу керектөөчүгө 24 саат мурда өчүрүүлөр туурасында эскертүү берүү менен жүзөгө ашырылышы керек. Мындай шартта керектөөчү технологиялык процессти авариясыз токтотуу, адамдардын коопсуздугун камсыздоо жана газ берүүнүн токтоп жаткандыгына байланыштуу жабдуулардын сактап калуу боюнча чараларды кабыл алуусу зарыл;
3).керектөөчүнүн катышуусунда газ эсептөө түйүнүнүн бардык түйүндөрү менен элементтерине, ошондой эле тыгындоочу арматурага пломба коюу жана акт түзүү;
4).бул Эрежелердин 1-тиркемесине ылайык бул Эрежелердин талаптары менен келишим шарттары бузулганда газ берүүнү токтотуу же чектөө жөнүндө чечим кабыл алуу;
5).келишим шарттары бузулган учурларда чектөө графигин киргизүү жана керектөөчүнү өчүрүү;
6).керектөөчүдөн бул Эрежелерди сактоосун, ошондой эле иш жүзүндө берилген газ көлөмүнө жана аткарылган иштерге өз учурунда төлөм жүргүзүүсүн талап кылуу;
7).төмөнкү учурларда керектөөчүнү газ менен камсыз кылуудан өчүрүү:
–.керектөөчүнүн газ өткөрүүчү түтүгүндө же газ керектөөчү жабдуусунда авариялык кырдаалдар жаралганда;
–.жабдуучу тарабынан мурда берилген эскертүү жана/же ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын буйруктарынын керектөөчү тарабынан аткарылбашы;
–.тиричилик керектөөчү тарабынан ченемдик документтердеги талаптардын бузулуусу;
8).бузулуулар табылган учурларда бул Эрежелердин 1-тиркемесине ылайык жеткирилген газ көлөмү үчүн эсептешүү.
30..Жабдуучу керектөөчү алдында жооптуу эмес:
1).форс-мажордук кырдаалдардан улам келип чыккан, ошондой эле бул Эрежелердин 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн учурларда газ жеткирүүдөгү чектөөлөр, токтотуулар же тыныгуулар үчүн;
2).керектөөчүнүн туура эмес иштери үчүн: газ керектөөчү жабдууну өчүрүү, газ өткөрүүчү түтүк жана жабдуунунун механикалык бузулуусу, газ менен камсыздоодон өчүрүп салууга, өрткө, кырсык, материалдык чыгым жана башка жагымсыз кесепеттерге алып келүүчү бул Эрежелердеги, ошондой эле ченемдик документтердеги эреже бузуулар;
3).керектөөчү тарабынан келишимде көрсөтүлгөн газ пайдалануу шарттарынын сакталбашы.
31..Бул Эрежелер менен келишимдин шарттары бузулган учурларда жабдуучу менен керектөөчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылышат.
Глава 6. Газ керектөөчү жабдууну пайдаланууда тиричилик керектөөчү (калк) менен жабдып туруучунун милдеттери
32..Жабдып туруучу түзүлгөн келишимдин шарттарына ылайык тиричилик керектөөчүгө газ жеткирүүгө жана газ берүүнүн белгиленген режимдерин сактоосуна көзөмөл жүргүзүү милдеттүү.
33..Батирдин, турак үйдүн менчик ээси алмашканда (турак үйдү сатып алуу-сатуу, алмашуу, белекке берүү) керектөөчү 10 күндүк мөөнөттө жабдып туруучуга кайрылууга, жаратылыш газын жеткирүү келишимин бузууга жана карызын (эгерде бар болсо) жабууга милдеттүү. Мындай болбогон күндө келишим мамлекеттик каттоодон өткөн мезгилден тартып жабдуучу келишимди бир тараптуу түрдө бузууга укуктуу.
34..Тиричилик керектөөчү бул Эрежелерди, анын ичинде бул Эрежелерге карата № 5 Тиркемени, Жаратылыш газын эсептөө эрежелерди билүүгө, ошондой эле жаратылыш газын пайдалануу учурунда коопсуздукту камсыз кылуу үчүн аталган документтерди жетекчиликке алууга милдеттүү.
35..Юридикалык жак же жеке ишкер болуп саналган керектөөчү Кыргыз Республикасынын иштиктүү курулуш нормалары менен эрежелерине (КНЭ) ылайык жабдуучу менен газ жеткирүү боюнча тиешелүү келишим түзүүсү зарыл.
Мындай шартта жеткирилген газ үчүн эсеп коммерциялык керектөөчүгө берилган баа менен алынат жана газ эсептөө прибору аркылуу жүргүзүлөт.
Коммерциялык керектөөчү катары келишим түзүүгө арыз берүү мөөнөтү аныкталгандан кийин үч күндөн ашпоого тийиш жана бул мөөнөт аяктаган соң керектөөчүгө газ жеткирүү токтотулуусу зарыл.
Мындай шартта, жеткирилген газ көлөмү жабдуучу тарабынан газ эсептөө приборундагы акыркы көрсөткүчкө ылайык коммерциялык ишканаларга берилген тариф боюнча эсептелет.
36..Газ эсептөө приборун оңдоо же текшерүү үчүн чечип алуу менен жабдуучу керектөөчүгө газ эсептөөчү резервдик текшерилген приборду орнотуп берет жана бул туурасында акт түзөт. Ал эми газ үчүн чыккан эсеп газ эсептөөчү резервдик текшерилген прибордогу көрсөткүчкө ылайык жүзөгө ашырылат.
Текшерүү же оңдоо иштеринен кийин газ эсептөө приборун орнотуу жабдуучу тарабынан жүргүзүлөт жана керектөөчүгө акт тапшырылат. Газ эсептөө приборуна оңдоо иштери жүргүзүлгөндөн кийин тиричилик керектөөчүгө оңдоо иштерин өткөргөн ишкананын техникалык корутундусу кошумча тапшырылат.
Кандайдыр бир себептер менен газ эсептөө приборун чечип алуу акт түзүү менен ишке ашырылат жана анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт: объектинин жайгашкан орду, керектөөчүнүн аты-жөнү, газ эсептөө приборунун номуру, ошол учурдагы көрсөткүчү, чечилип алынган пломбулардын номурлары, газ эсептөө приборун чечип алуунун себептери, иштеп жаткан бардык газ керектөөчү приборлор, газдын сааттык чыгымдалышы, жабдуучу кызматкеринин аты-жөнү жана ээлеген кызматы.
37..Тиричилик керектөөчүдө газ эсептөө алети жок болгондо (газ эсептөө алети орнотулбаган):
1).пайдаланылган газга эсептешүү калк тарабынан жаратылыш газын жылытууга, тамак даярдоого, ысык суу менен жабдууга керектөөнүн ыйгарым белгиленген тартипте жүргүзүлөт;
2).газ менен жабдууда тыныгуу болгондо керектөөчү ошол күнү эле жабдуучуга бул тууралуу маалымдайт. Бул факт акт аркылуу таризделет жана ага тиричилик керектөөчү менен жабдуучу кызматкери кол коет.
Керектөөчүнүн кайрылуусу катталган мезгилден тартып жабдуучу кызматкери 6 сааттын ичинде келбесе, актыга үй комитети, кварталдык комитеттин төргасы же үй ээлеринин шериктештигинин төрагасы, ошондой эле арыздануучу менен жалпы газ өткөрүүчү түтүккө ээ эки тиричилик керектөөчү тарабынан кол коюлат. Тиричилик керектөөчүнүн газ менен камыздоодогу тыныгуу тууралуу бул актысы жана арызы газ төлөмдөрүн кайра эсептеп чыгуулар үчүн негиз болуп саналат.
Район же участканы газ менен камсыздоодон өчүрүү фактысы жабдуучунун авариялык-диспетчердик кызматынын журналында катталат.
Жабдып туруучу келишимдин шарттарына ылайык тиричилик керектөөчүнү газ менен жабдууну калыбына келтирүү боюнча бардык чараларды көрүүгө, газ менен жабдуу бир суткадан ашык тыныгууда пайдаланылган газдын көлөмүн кайтадан эсептешүүгө милдеттүү;
3). төмөнкү шарттарда жабдуучу жеткирилген газ үчүн керектөөчү менен кайра эсептешүүлөрү жүргүзөт:
–.жылытылуучу аянт, ошондой эле аталган дарек боюнча жашап жатышкан адамдардын саны өзгөргөндө тиричилик керектөөчү ырастоочу документтерди көрсөтүү менен 1 айлык мөөнөттө бул туурасында жабдуучуга кат жүзүндө билдирүүсү керек;
–.эгер ушул дарек боюнча жашаган Керектөөчү жана анын менен бирге тургандар бир айдан ашык мөөнөткө убактылуу кетсе жана кайра кайткандан кийин бир айдын ичинде жабдып туруучуга ырастоочу документтерди (жол жүрүү документинин көчүрмөсү, жолдомо, иш сапар күбөлүгү) тиркөө менен бул туурасында арыз берсе газга төлөм алынбайт;
Бекитилген мөөнөт өткөндөн кийинки документтер жабдуучу тарабынан каралбайт жана кайрадан эсептешүүлөр жүргүзүлбөйт;
4).турак жай узак мөөнөткө (1 айдан ашык) бошогон учурда тиричилик керектөөчү арыз жазуу жолу менен бул туурасында жабдуучуну кабардар кылат;
5).жеке курулуштагы үйлөрдү жылытуу мезгили башталганга чейин жабдып туруучу жабылуу бекитилген түзүлүшкө орнотулган жылылуу газ жабдуусуна (кранда же тыгында) орнотулган пломбду алат, жылуулук берүү мезгили аяктагандыгына байланыштуу газ керектөөчү жабдууну өчүрүү боюнча акт түзөт жана ага орнотулган пломбдун номурун көрсөтөт.
Тиричилик керектөөчүнүн арызы боюнча жылуулук берүү мезгилин өзгөртүүгө уруксат берилет.
6).жеке курулуштагы тиричилик керектөөчү жылытуу же башка муктаждыктар үчүн газ менен камсыздоодон баш тарткан учурларда жабдуучу акт түзүү менен жылытуу максатында коюлган газ керектөөчү приборду өчүрөт.
Тиричилик керектөөчүнү газ менен камсыздоодон өчүрүү иштери тиричилик керектөөчүнүн каражаттарынын эсебинен аткарылат жана аткарылыган иштер жабдуучунун прейскурантына ылайык жүзөгө ашырылат.
Глава 7. Пайдаланылган газ үчүн эсептешүү
38..Газ эсептөө жабдуучу менен керектөөчүнүн (тиричилик керектөөчүдөн сырткары) менчик таандыгынын баланстык чегинде жүзөгө ашырылуусуз зарыл.
Эгер газ эсептөө приборлору бөлүнүү чегинде орнотулбаса, баланстык таандыктын чегинен керектөөчүнүн (тиричилик керектөөчүдөн башка) газ эсептөө прибору орнотулган жерге чейинки газ өткөргүчтүн тилкесинде газдын коромжусун эсепке алуу менен газга эсептешүү жүргүзүлөт.
Жабдып туруучу керектөөчү менен бирдикте колдонуп жаткан газдын коромжусун аныктоо усулдугуна ылайык газ өткөргүчтөгү газдын коромжусун эсептейт.
Керектөөчү менен керектөөчү субъекттин газ өткөргүчүндө газдын коромжусу алардын газ пайдалануу үлүшүнө пропорциялуу бөлүштүрүлөт.
39..Ар айдын 3-күнүнө чейин, кийинки отчеттук айга чейин (же келишимде айтылган мөөнөттөр боюнча), жеткирилген жана/же ташылган газдын көлөмү жеткирилген-кабыл алынган газдын көлөмү жөнүндө газ транспорт уюму жана/же Жабдып туруучу жана коммерциялык керектөөчү кол койгон жана мөөрлөрү басылган акт менен таризделет. Акт жеткирилген газ үчүн акыркы эсептешүү үчүн негиз болуп кызмат кылат, бирок тараптар актта көрсөтүлгөн жеткирилген-кабыл алынган газдын көлөмүнө карата актка кол коюлгандан кийин 10 күн ичинде өз оюн билдирип талашууга укуктуу.
Бул Эрежелерди бузуулар табылганда газ көлөмүн корректировкалоо мөөнөтү бул Эреженин 1-тиркемесине ылайык жүзөгө ашырылат.
Тараптардын бирөө жеткирилген-кабыл алынган газдын көлөмүнүн чоңдугу менен макул эмес болсо, ошол тарап жүйөлүү ой-пикирин айтуу менен актыга кол коет.
Пикир келишпестиктер болгондо тараптар сотко кайрылууга укуктуу. Сот чечим кабыл алгычактыжеткирилген-кабыл алынган газ көлөмү кол коюлган актка ылайык белгиленет.
40..Пайдаланылган газга эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн эсептешүү мезгилинде газ эсептөөчү прибордун көрсөткүчтөрүн алуу ай сайын Керектөөчүлөрдүн бардык категориялары үчүн жабдып туруучунун кызматкери тарабынан керектөөчүнүн катышуусунда, соңунда төлөм документин тапшыруу менен жүзөгө ашырылууга тийиш.
Газ эсепөөчү прибордун жоктугуна же кирүү мүмкүнчүлүгүнүн жоктугуна байланыштуу коммерциялык жана бюджеттик керектөөчүдөн эсеп приборундагы көрсөткүчтү алууга мүмкүн эмес учурларда жабдуучу биринчи айга берилген газ үчүн болгон эсепти мурдагы ай үчүн, ал эми экинчи эсептешчү айга болгон эсеп көрсөткүчтү – бүтүндөй газ жабдуусунун күнү-түнү иштегендолбоордук кубаттуулугу боюнча жүгүзөт.
Ошол эле учурда газ көлөмүн корректировкалоо жабдуучу ишкананын кызматкерлери тарвабынан газ эсептөө приборундагы көрсөткүчтү кароо жана каттоодон кийин жүргүзүлөт.
41..Төлөм документинде көрсөтүлгөн эсепте, газ эсептөө приборундагы көрсөткүчтө каталар табылганда керектөөчү бул туурасында жабдуучуга билдирүүсү зарыл.
Жабдуучу 10 жумушчу күндүн ичинде материалдардын арызда келтирилген маалыматтарга дал келер-келбесин текшерип чыгып, бул туурасында керектөөчүгө кат жүзүндө жооп жөнөтөт.
Керектөөчүнүн арызында келтирилген фактылар ырасталган учурларда жабдуучу төлөм документин кайрадан жазып берет жана мурдагы көрсөтүлгөн суммага оңдоо киргизет.
42.. Төлөм документинде сумма менен бирге берилген газ үчүн алынуучу төлөм мөөнөтү жана төлөмдүн кечигүүсүнөн улам келип чыккан ар бир күн үчүн туум көрсөтүлөт.
Берилген газ үчүн төлөмдөрдү өз учурунда жүргүзбөгөндүгү үчүн керектөөчүгө ар бир мөөнөтү өтүп кеткен күн үчүн карыз суммасынын 0,1% өлчөмүндө туум жазылат, бирок ал негизги карыз суммасына карата 100%дан ашпоого тийиш.
Туумду төлөө келишим шарттарына ылайык жүргүзүлөт.
Туумду төлөтүү укугунан сырткары, жабдуучуда бул Эрежелердин 1-тиркемесине ылайык газ керектөөчүгө газ берүүнү токтотуу укугу сакталат.
Газ жеткирүүгө чектөө киргизүү же керектөөчүнү газ менен камсыздоодон өчүрүп салуу аны туумдарды төлөөдөн бошотпойт.
Берилген газ үчүн тиричилик керектөөчүнүн карызы 2 айдан ашык убакытка созулганда жабдуучу газ берүүнү токтотууга укуктуу.
43..Жабдуучу менен керектөөчү ортосунда газ пайдалануу менен байланышкан талаш-тартыш маселелер жаралган учурларда тараптар аны өз ара сүйлөшүүлөрдү өткөрүү же сот аркылуу чечишет.
44..Газ эсептөө түйүнү бузулуп калган учурларда жиберилген газдын эсеби бул Эреженин 1-тиркемесине ылайык жүзөгө ашырылат.
45..Газ керектөөчү объектини ажыратуу учурунда коммерциялык жана бюджеттик керектөөчү жабдуучу менен биргеликте ажыратуу маалына чейинки коюлган газ үчүн карыздарды текшерип, келип чыккан айырманы милдеттүү түрдө төлөө менен газ эсептөөчү приборундун абалы жөнүндө акты түзүүсү зарыл.
Газ керектөөчү объектини жабылбаган карызы менен бирге сатып алган учурларда, ага чейин берилген, бирок газ үчүн төлөнбөгөн сумма объектинин жаңы кожоюнуна жүктөлөт.
46..Берилген газ үчүн жүргүзүлүүчү эсеп белгиленген эреже боюнча бекитилген газга карата тарифтер боюнча жүзөгө ашырылат.
47..Жеткирилген газ үчүн эсептешүүлөр коммерциялык керектөөчүлөр тарабынан 100% алдын алуу, коммерциялык жылуулук менен камсыздоо жана бюджеттик керектөөчүлөр тарабынан 25% алдын алуу тартибинде жүргүзүлөт. Акыркы эсептешүү шарты келишим аркылуу аныкталат.
48..Тиричилик керектөөчү эсептик айдан кийинки айдын 20сына чейин берилген газ үчүн эсептешүүгө тийиш.
49..Газ үчүн дебитордук карызды жабуу хронологиялык тартипте бекитилген келишим боюна жүргүзүлөт: керектөөчү тарабынан жүргүзүлгөн төлөм суммасы эң алгач биринчи ай үчүн болгон карыздын негизги суммасын, андан соң биринчи ай үчүн болгон туумду жабууга, андан соң кийинки ай үчүн болгон карыздын негизги суммасы менен туум үчүн жумшалат.
50..Керектөөчүгө таандык газ эсептөөчү приборго чейинки түйүндөрдөн газдын сызылып чыгып жатышы аныкталса, керектөөчү иш жүзүндө берилген газ көлөмүнүн 10%дык өлчөмү менен кошумча газ чыгымы үчүн жабдуучуга төлөм жүргүзөт жана ал жабдуучунун акыркы текшерип кеткен күнүнөн тартып эсептелет.
Глава 8. Газды берүүгө чектөө киргизүү, газ менен камсыздоо
системасына коммерциялык же бюджеттик керектөөчүнү
кошуу же өчүрүү тартиби
51..Газ берүүгө чектөө киргизүү газ пайдаланууну кыскартуу ыкмасынын негизинде коммерциялык жана бюджеттик керектөөчү тарабынан же газ берүүнү мажбурлоо түрүндө чектөө жолу менен жабдуучу тарабынан белгиленген мөөнөттө өз алдынча жүзөгө ашырылат.
52..Эгерде керектөөчү белгиленген мөөнөт ичинде бул Эрежелердин 51-пунктунда каралган зарыл чараларды кабыл албаса, анда жабдуучу газ менен камсыздоону чектөөнүн мажбурлоочучараларын кабыл алат. Эгерде жабдуучу газ берүүнү чектөө боюнча техникалык мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болбосо, анда жабдуучунун катышуусу менен бюджеттик жана коммерциялык керектөөчү газ берүүнү чектөө үчүн өзүнүн газ керектөөчү жабдуусуна ыкчам которуу (өчүрүү-күйгүзүү) иштерин жүргүзүүгө милдеттүү.
53..Өчүрүү иштери газ өткөрүүчү түтүктү кесүү же өчүрүүчү түзүлүштү жабуу, ченемдик документтердеги талаптарга ылайык зарыл элементтерге милдеттүү түрдө пломб коюу менен тыгын орнотуу жолу аркылуу жүзөгө ашырылат жана бул туурасында акт толтурулат.
54..Газ берүүнү калыбына келтирүү ченемдик документтердеги талаптарга ылайык жабдуучу тарабынан жүргүзүлөт. Газ берүүнү калыбына келтирүү мөөнөтү кезектүүлүк шарты менен керектөөчү тарабынан берилген арыздын негизинде аныкталат жана бузулуулардын оңдолгондугу же берилген газга карата карыздын жабылгандыгы, газ менен камсыздоого кошуудагы кызмат акысынын төлөнүүсү эске алынат.
Глава 9. Мамлекеттик көзөмөл жана контроль
55..Газ керектөөчү жабдуулар менен газ эсептөө түйүндөрүнүн техникалык абалы, ошондой эле эреже, норма жана башка ченемдик документтердин талаптарын сактоо маселеси боюнча мамлекеттик контроль менен көзөмөл ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан жүзөгө ашырылат.
56..Атайын эрежелер боюнча пайдаланылган газ пайдалануучу жабдууга контроль Кыргыз Республикасмынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
57..Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген жазма буйруктарды аткаруу, менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыгына карабастан бардык чарбакер субъектилер үчүн милдеттүү болуп саналат.
58..Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын талаптарын аткарбаган же аткарылышына тоскоолдук жаратышкан мамлекеттик органдардын жетекчилери, чарбакер субъектилер Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларында каралган жоопкерчилик тартышат.