Загрузка документа…
З.КАЙНАЗАРОВА АТЫНДАГЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 28-ноябры № 1/5
Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын долбоорун бекитүү жана каражаттарды бөлүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрели № 230 «Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө жобону жана Долбоорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча нускаманны бекитүү тууралуу» токтомнуну негизинде, З. Кайназарова атындагы айыл өкмөтүнүн инвестициялар боюнча адиси Керимкул уулу Шеримкулдун «Белек айылындагы орто мектеп имаратынын чатырын оңдоо» долбооу жөнүндө малыматын угуп жана талкуулап, З. Кайназарова айылдык кеңеши токтом кылат:
1. 2025-жылга дем берүүчү (үлүштүк) гранттар боюнча бюджеттин долбоору 4 037 865 (төрт миллион отуз жети сегиз жүз алтымыш беш) сом, анын ичинен өздүк салым 1 200 000 (бир миллион эки жүз мин) сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. З. Кайназарова атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.К. Жумашалиевге:
– 2025-жылдын бюджетин тузүүдө бул долбоорду эске алсын;
– долбоорду даярдоого жана ишке ашырууга кеткен чыгымдарды жергиликтүү бюджеттен бөлсүн.
3. Токтомду каттоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чуй облусттук Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
9. Бул токтомдун аткарылышын өз көзөмөлүмө калтырам.
Төрага: |
| Ибраимов Э.Б. |