Загрузка документа…
НОВО-ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
17-январь 2024-жыл № 127/ХXXI-28
Эмгек акыны жогорулатуу жөнүндө
Окуучуларды мектептерге жеткирген айдоочулардын кайрылуусун карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө“ Мыйзамынын 27 беренесине ылайык, Ново-Покровка айыл аймагындагы алыс жайгашкан айылдардагы окуучуларды билим берүү мекемелерине жана кайра үйлөрүнө акысыз ташып келүүнү уюштуруу максатында
Ново-Покровка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ново-Покровка айыл өкмөтүнүн КЭБнүн башчысынын милдетин аткаруучу С.А.Дмитриевага окуучуларды акысыз ташууга 2024 жыдын 1 январынан тартып айдоочулардын эмгек акысын жогорулатуу менен келишим түзүлсүн:
- Ленинское айылы -Ново-Покровка айылы 26200 сом
- Ленинское айылы- Сары-Жон айылы 21300 сом
- Дача-Сары-Жон айылы 16800 сом
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ново-Покровка айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Ново-Покровка айылдык кеңештин төрагасы |
|
Ш.И.Турдиев |