Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин 2025-жылдын 29-сентябрындагы № 63-3 буйругу менен бекитилген 2-тиркеме
Жаратылыш газын эсепке алуу
Эрежелери
Глава 1. Колдонуу тармагы
1..Жаратылыш газын эсепке алуу эрежелери (мындан ары – Эрежелер) Кыргыз Республикасынын бардык аймагында иштейт жана жаратылыш газын коммерциялык эсептөө, газ керектөөчү объекттерди долбоорлоо, газды эсептөө түйүндөрүн куроо, оңдоо, жөндөө иштерин аткаруу жана пайдалануу менен алек болгон жеке ишкерлер, жеке жана юридикалык жактар, ошондой эле бюджеттик керектөөчүлөр менен калк тарабынан газ керектөөдө аткарылууга милдеттүү.
Бул Эрежелер жаратылыш газынын (мындан ары – газ) санын жана сарпталышын эсепке алууну уюштурууга, анын параметрлерин контролдоого талаптарды, ошондой эле коммерциялык газ эсептөө түйүндөрүнө жалпы техникалык талаптарды аныктайт.
Бул Эрежелер газды жеткирүү, берүү (транспортировка), бөлүштүрүү, сатуу жана эсепке алууда анын туура жана натыйжалуу пайдаланылышы боюнча талаптарды бекитет.
Глава 2. Аныктоолор жана кыскартуулар
2..Бул Эрежелерде пайдаланылуучу терминдер жана аныктамалар:
1).Өлчөөнүн абсолюттук каталыгы – өлчөнүүчү чоңдуктун бирдиктеринде көрүнгөн өлчөөнүн каталыгы.
2).Газ балансы – газ керектөөчү үчүн жеткирилген газ көлөмүнүн суммасында, ошондой эле технологиялык жоготуулары менен чыгашаларынын көлөмүндө газ ташуучу же газ бөлүштүрүүчү системага жеткирилген газдын суммардык көлөмүнүн теңдиги, газды өздүк жана аны ташып келүү, бөлүштүрүү жана сатуу боюнча кызматтарды аркалап келе жаткан ишкананын технологиялык муктаждыктары үчүн керектөө, ошондой эле.
3).Газды тиричилик керектөөчү – келишимдин шарттарына ылайык жаратылыш газын тиричилик муктаждыктары үчүн пайдаланган жеке жак.
4).Газды тиричиликке эсептөөчү – керектөөчүгө берилген жаратылыш газынын көлөмүн өлчөөнү жүзөгө ашыруучу прибор.
5).Бюджеттик керектөөчү – республикалык же жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылануучу жана газды күйүүчү отун же чийки зат катары колдонуучу мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан түзүлгөн мамлекеттик же муниципалдык орган же юридикалык жак.
6).Газ эсептөөчү түйүнүнүн ээси – газ эсептөөчү түйүнү боюнча берилген-кабыл алынган газ көлөмүнө эсеп жүргүзүлүүчү коммерциялык же бюджеттик керектөөчү, же жабдуучу.
7).Чыгымды эсептөөчү (корректор) – газ суюктугу жана анын жумушчу чыгымы, басымы, басымынын төмөндөөсү, температурасы жөнүндө кирген маалыматтын негизинде стандарттык шарттарга келтирилген газдын чыгымын жана өлчөмүн камсыз кылуучу түзүлүш.
8).Газ – метан жана алда канча оор углеводороддордон, азот, углерод диоксиди, суу буулары, курамында күкүртү бар бирикме жана инерттик газдардан турган газ сымал суюктук.
9).Газ өндүрүүчү уюм – газды өндүрүү (чыгаруу), кайра иштетүү, сактоо, ташуу, керектөөчүгө сатуу боюнча ишмердүүлүк менен алек болгон жана белгиленген эрежеге ылайык ишмердүүлүктүн ушул түрүнө мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдын лицензиясы бар адистештирилген уюм.
10).Газ транспорт уюму – магистралдык газ өткөргүчтөрдү жана алардагы курулмаларды пайдаланган жана жаратылыш газын ташуу боюнча ишмердүүлүк жүргүзгөн жана ишмердүүлүктүн ушул түрүнө мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдын лицензиясы бар адистештирилген уюм.
11).Газ бөлүштүрүүчү (газ менен жабдып туруучу) уюм – газ бөлүштүрүү тутумун пайдаланган жана жаратылыш газын бөлүшүтүрүү, сатуу боюнча ишмердүүлүк менен алек болгон жана ишмердүүлүктүн ушул түрүнө мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдын лицензиясы бар адистештирилген уюм.
12).Газ керектөөчү жабдуу – технологиялык жана өндүрүштүк муктаждыктар үчүн жаратылыш газын пайдаланган,ошондой эле жылытуу, ысык суу менен камсыздоо, тамак даярдоо үчүн калк колдонгон түзүлүштөрдүн топтому.
13).Газ өткөргүчтүн баланстык таандыгынын чеги (менчиктин чеги) – жабдып туруучу менен керектөөчүнүн ортосунда газ өткөргүчтү менчик, ижара белгилери боюнча бөлүү чеги, ал тейлөө тилкелерин чектөө акты менен (коммерциялык жана/же бюджеттик керектөөчүлөр үчүн) же тиешелүү келишимдин шарттары менен таризделет.
14).Газ басымы – басымды тандап алуу үчүн тешик жайгашкан жерде өлчөнгөн газдын абсолюттук басымы.
15).Өлчөө каражаттарынын диапазону – өлчөө каражаттардын каталыгынын жол берилген чектери нормаланган чоңдуктун маанилеринин чеги.
16).Өлчөөчү прибор – белгиленген диапазондо өлчөнүүчү физикалык чоңдуктун маанилерин алуу үчүн арналган өлчөө каражаты.
17).Өлчөө комплекси – өлчөнүүчү чөйрө аккан өткөрмө түтүктөрдүн, тарытуучу түзүлүштөрдүн жана көзөмөлдөнүүчү параметрлерди (басымдын түшүүсү, басым, температура, газдын курамы, тыгыздыгы) өлчөө каражаттардын, өлчөөлөрдүн жыйынтыктарын иштеп чыгуучу каражаттардын (планиметрлер, кол жана автоматтык аракеттеги эсептеп чыгаруучу түзүлүштөр), өлчөнүүчү чөйрөнү (фильтрлер, сепараторлор, агымтүзөткүчтөр, кран ж.б.у.с.) өлчөөлөргө даярдоо боюнча бириктирүүчү тилкелердин жана көмөкчү түзүлүштөрдүн жыйындысы болуп эсептелген өлчөө каражаттары.
18).Өлчөөчү түтүк – чектери жана геометриялык мүнөздөмөсү, ошондой эле анда газ эсептөөчү алетти, тарытуучу түзүлүштү, жергиликтүү каршылыкты, газдын параметрлерин өлчөөчү каражаттарды жайгаштыруу конкреттүү газ эсептөөчү алетке ченемдик документтер менен нормаланган өткөрмө түтүктүн чеги.
19).Газдын ашыкча басымы – аба басымынан ашкан абсолюттук газ басымынын бөлүгү.
20).Өлчөө каражаттарын калибрдөө – ушул өлчөө каражаттын чыныгы метрологиялык мүнөздөмөсүн аныктоо максатында бул өлчөө каражаттын жардамы менен алынган чоңдуктун мааниси жана эталондун жардамы менен аныкталган чоңдуктун тиешелүү маанисинин ортосунда дал келүүнү белгилөөчү операциялардын жыйындысы.
21).Коммерциялык керектөөчү – газды күйүүчү отун же чийки зат катары пайдалануучу жекече ишкен же юрдикалык жак.
22).Газды эсептөөнүн коммерциялык түйүнү – коммерциялык максаттар үчүн пайдаланылуучу жана газ өлчөмүнүн эсебин камсыз кылуучу, ошондой эле коммерциялык жана бюджеттик керектөөчүлөрдөгү анын параметрлерин контролдоп жана каттоого алуучу газ эсептөө түйүнү.
23).Метрологиялык экспертиза – өлчөөлөрдүн бирдейлиги жана тактыгы менен байланышкан метрологиялык талаптарды, эрежелерди жана ченемдерди колдонуунун тууралыгын анализдөө жана баалоо.
24).Өлчөө каражаттарын метрологиялык аттестациялоо – өлчөө каражаттардын метрологиялык касиеттерин аныктоо үчүн аткарылган өлчөө каражаттарын изилдөө жана алынган маалыматтарды көрсөтүү менен документтерди берүү.
25).Өлчөө каражаттарын метрологиялык аттестациялоо – өлчөө каражаттардын метрологиялык касиеттерин аныктоо үчүн аткарылган өлчөө каражаттарын изилдөө жана алынган маалыматтарды көрсөтүү менен документтерди берүү.
26).Газ эсептегич прибордун минималдык чыгымы – эсептегичтин каталыгы уруксат берилген маанилердин чегинен чыкпаган эсептегичке төмөнкү чекте жүктүн түшүүсү.
27).Газ эсептегич прибордун максималдык чектеги чыгымы – эсептегичтин каталыгы уруксат берилген маанилердин чегинен чыкпаган эсептегичке максималдык чектеги кыска мөөнөттө (суткасына 1 жолудан көп эмес) жүктүн түшүүсү.
28).Жергиликтүү каршылык – газ агымынын формасы, өлчөмү жана багыты өзгөрүүчү түйүндөр жана түтүк курларынын деталдары (тээк (задвижка), кран, муун, диффузор ж.б.).
29).Номинал сарпталышы – эсептегичтин каталыгы уруксат берилген маанилердин чегинен чыкпаган эсептегичке дайыма максималдык чектеги жүктүн түшүүсү.
30).Өлчөөнүн салыштырма каталыгы – өлчөнүп жаткан чоңдуктун чыныгы же өлчөнүүчү маанисине карата өлчөөнүн абсолюттук каталыгы менен туюндурулган өлчөө каталыгы.
31).Өлчөө каражаттын келтирилген каталыгы – өлчөө каражаттын абсолюттук каталыгынын өлчөөлөрдүн бүткүл диапазонунда же диапазондун бир бөлүгүндө туруктуу, шарттуу түрдө алынган чоңдукка болгон катышында туюнтулган өлчөө каталыгы.
32).Кабыл алуу комиссиясы – бул газ эсептөө түйүнүн пайдаланууга кабыл алуу үчүн газ эсептөө түйүнүн эксплуатациялоочу ишкана жетекчиси тарабынан дайындалуучу комиссия. Кабыл алуу комиссиясынын курамына жабдуучунун, керектөөчүнүн өкүлдөрү, долбоорлоо ишканасынын, ишкана-даярдоочунун, ишке киргизүүчү ишкананын жана техникалык көзөмөл органынын өкүлдөрү кирүүсү зарыл. Кабыл алуу комиссиясы газ эсептөө түйүнүнүн газ эсептөө түйүнүн долбоорлоо тапшырмаларынын талаптарына, техникалык тапшырмалар менен долбоорлоо документтердин талаптарына дал келүүсүн, ошондой эле газ эсептөө түйүнүнүн пайдаланууга берүү документтеринин бар же жок экендигин жана туура таризделүүсүн, газ эсептөө түйүнүнүн комплектүүлүгүн текшерет, газ эсептөө түйүнүнө сыноо иштерин өткөрөт.
33).Жабдуучу – керектөөчүгө жаратылыш газын жеткирүүнү жана сатууну камсыз кылган газ өндүрүүчү жана/же газ ташуучу жана/же газ бөлүштүрүүчү ишкана.
34).Өлчөө каражаттарын текшерүү – бул эксперименталдык түрдө аныкталуучу метрологиялык мүнөздөмөнүн негизинде өлчөө каражаттарынын колдонууга жарактуулугун аныктоо жана алардын бекитилген техникалык регламенттердин же завод-даярдоочунун көрсөтүлгөн коштоочу документтеринин милдетүү талаптарына дал келүүсүн ырастоо.
35).Өлчөө каражаттарын текшерүү – өлчөө каражаттардын жана алардын бекитилген техникалык талаптарга дал келерин тактоо максатында аткарылуучу операциялардын жыйындысы.
36).Өлчөө каражатынын каталыгы – өлчөөнүн жыйынтыгы өлчөнүүчү чоңдуктун анык (чыныгы) маанисинен четтөөсү.
37).Өлчөө каражаттардын кабылдагычтыгынын чеги – физикалык чоңдуктун өзгөрүүсүнүн эң кичине мааниси түрүндө өлчөө каражаттардын мүнөздөмөсү, ушундан баштап бул каражат менен аны өлчөө ишке ашырылышы мүмкүн.
38).Өткөрмө түтүктүн түз сызыктуу тилкеси – жергиликтүү каршылыкты (муун, сарп жөндөгүч, тепкич ж.б.у.с.) камтыбаган түз түтүк.
39).Газдын сарпталышын өзгөртүүчү (сарптоону билгизгич) – берүү, андан ары кайра түзүү, кайра иштетүү жана/же сактоо үчүн ыңгайлуу формада газды сарптоо жана көлөмү боюнча ишаратты иштеп чыгаруу үчүн арналган, бирок байкоочунун тике түшүнүүсүнө болбогон газ сарптоону өлчөө каражаты.
40).Тарытуучу түзүлүштөгү басымдын түшүүсү – тарытуучу түзүлүшкө чейинки жана кийинки газдын статистикалык басымынын маанилеринин ортосундагы айырмалык.
41).Газ эсептөө прибору – бир же бир нече милдеттерди аткарган өлчөө каражаттары: өлчөө, чогултуу, сактоо, чыгым (көлөм), температура, газдын басымы жана алеттердин, а.и. газды эсептөөнүн тиричилик алеттеринин (газ эсептегичтин) иштөө убактысы жөнүндө маалыматты чагылдыруу.
42).Газ эсептөө түйүнүн пайдаланууга өткөрүп алуу – газ эсептөө түйүнүн пайдаланууга даярдыгын аныктаган, белгиленген үлгүдөгү актка кол коюу менен аяктаган жол-жобо.
43).Газдын сарпталышы – убакыт бирдигине газ өткөргүч боюнча аккан жумуш шартындагы газдын көлөмү.
44).Стандарттык шарттарга келтирилген газды сарптоо – төмөндөгүдөй шарттарга келтирилген газ чыгымы: температура t = 20 ºС (Т = 293,15 ºК), басым Р = 760 мм.рт.ст. (101325 Н/м2 (Па)), нымдуулук 0%.
45).Жумуш шарттары – газдын сарпталышы өлчөнүүчү анын басымы жана температурасы.
46).Эсептешүү мезгили – пайдаланылган газдын саны аныкталган жана керектөөчү менен жабдып туруучунун ортосунда пайдаланылган газга өз ара эсептешүү жүргүзүлгөн убакыт аралыгы.
47).Өлчөө каражаты – өлчөөлөр үчүн арналган, нормаланган метрологиялык мүнөздөмөсү бар техникалык каражат.
48).Тарытуучу түзүлүш – өткөрмө түтүктүн кесилиш аянтын жергиликтүү кичирейтүү (агымды тарытуу) жолу менен газ басымдын түшүүсү үчүн өтмө тешиктүү өлчөөчү түтүккө орнотулган техникалык түзүлүш.
49).Стандарттык шарттар – газ үчүн (Кыргыз Республикасынын мамлекеттик стандарты боюнча- 2939-63): температура t = 20 ºС (Т = 293,15 ºК), басым Р = 760 мм.рт.ст. (101325 Н/м2 (Па)), нымдуулук – 0%.
50).Стандарттуу диафрагма – тегерек тешиктүү жука диск түрүндө жасалган, газ кирген тарабында тик бурчтуу учтуу чети, геометриялык мүнөздөмөсү жана колдонуу шарттары Кыргыз Республикасынын 8.586.1-5-2005 мамлекеттик стандарты менен регламенттелген тарытуучу түзүлүш.
51).Өлчөө каражаттарынын тактыгы – өлчөнүп жаткан чоңдуктун чыныгы мүнөзүнө ээ өлчөөчү прибордогу көрсөткүчтөрдүн дал келүү баскычы.
52).Газ эсептөө түйүнү – газдын санын эсепке алууну, ошондой эле көзөмөлдү жана анын параметрлерин каттоону камсыз кылган түзүлүштөрдүн жана өлчөө каражаттарынын комплекси.
53).Шарттуу-туруктуу параметр – эгер параметр мааниси өлчөө мезгилинин тандалып алынган аралыгында (отчеттук мезгилде) өзгөрүлбөс катары алынса, ал шарттуу-туруктуу деп эсептелет. Шарттуу-туруктуу чоңдуктар мурда аткарылган өлчөөлөрдүн же өлчөө шарттары жөнүндө жалпы билимдердин негизинде болжолдонгон күтүлүүчү маанилерге барабар катары алынат.
Глава 3. Жалпы жоболор
3..Газды эсептөө төмөнкү максаттар менен уюшулат:
1).жабдуучу менен керектөөчүнүн ортосундагы каржылык эсептерди жүзөгө ашыруу;
2).газ менен жабдуу тутумунун сарптоо режимине көзөмөл;
3).газ балансын түзүү жана анализ жүргүзүү;
4).газдын туура жана натыйжалуу пайдалануусуна карата көзөмөл.
4..Газ ташуучу ишкана тарабынан газ бөлүштүрүүчү ишканага коюлган газдын көлөмү газ ташуучу ишкананын газ эсептөөчү коммерциялык түйүнү аркылуу аныкталат. Газ ташуучу ишкананын газ эсептөөчү коммерциялык түйүнү жок учурларда, газ бөлүштүрүүчү ишканага же керектөөчүгө аны газ эсептөөчү түйүн боюнча жеткирүүгө жол берилет.
Газ эсептөөчү приборлор жок учурларда коммерциялык же бюджеттик керектөөчүлөргө газ берүүгө уруксак берилбейт.
5..Коммерциялык же бюджеттик керектөөчүгө берилүүчү газдын көлөмү керектөөчүнүн газ эсептөөчү прибору, ал эми жабдуучу зарыл деп эсептеген учурларда – жабдуучунун газ эсептөөчү приборлору боюнча аныкталат.
6..Газ эсептөөчү түйүнгө карата долбоор жабдуучунун адистештирилген кызматы тарабынан иштелип чыгат жана иштиктүү стандарттар менен документтердин ченемдерине дал келүүгө тийиш.
7..Өлчөөнүн талап кылынган тактыгын сактоо менен газ эсептөөчү түйүндүн өлчөө каражаттарын тандоо керектөөчү тарабынан жүзөгө ашырылат жана жабдуучу менен макулдашылат.
8..Газ эсептөө газ эсептөөнүн бир гана түйүнү (эреже катары газ бөлүштүрүүчү пунтка чейинки кириште) боюнча жүзөгө ашырылат.
Газ эсептегичтин бир түйүнүнөн газ эсептөө иштерин жүргүзүү технологиялык жактан мүмкүн болбогон учурларда гана жабдуучу менен макулдашуу жолу аркылуу газ эсептегичтин кошумча (экинчи) түйүнүнүн орнотууга мүмкүн.
9..Өлчөө каражаттарынын колдонулучу каражаттарынын өлчөө диапазону көзөмөлдөнүүчү параметрлердин өлчөө диапазонуна дал келүүсү керек. Өлчөнүүчү параметрлердин максимадык жана минималдык өлчөмдөрү өлчөө каражаттарынын диапозондору менен жабылууга тийиш.
10..Газ ташуучу ишкананын газ эсептөөчү түйүндөрүндөгү газ эсептөөчү приборлорду орнотуу жана алып салуу газ бөлүштүрүүчү ишкананын өкүлүнүн катышуусунда жүзөгө ашырылат.
11..Газ эсептөө түйүндөрүндө колдонулуучу өлчөө каражаттары Кыргыз Республикасынын “Өлчөө бирдиктерин камсыз кылуу жөнүндө” Мыйзам талаптарына дал келүүсү керек.
Глава 4. Газ эсебинин коммерциялык түйүнү
боюнча газ эсебин уюштуруу
12..Керектөөчүлөр менен эсептешүү үчүн коюлган-кабыл алынган газ көлөмү стандарттык шарттарга ылайык келтирилиши керек.
13..Коюлган-кабыл алынган газ акты менен таризделет. Акт эсептөө, ошондой эле зарыл учурларда кайра эсептөөлөр үчүн негиз болуп саналат.
14..Газ эсептөө түйүнүндөгү газ басымы 5 кПАдан жогору учурларда өлчөөнүн контролдонуучу параметрлеринин жана жыйынтыктарынын иштелмесинин процесси автоматтык же жарым автоматтык болууга тийиш.
Бул өлчөө процессин колдонуу техникалык негизде мүмкүн болбогон учурларда гана газ чыгымын өлчөө каражатын тандоо жабдуучу менен макулдашуу боюнча жүзөгө ашырылат.
15..Газ эсептегич түйүнүндөгү газ басымы 5 кПАга барабар же аз учурларда газ параметрлерин өлчөө контролдукка алынуучу параметрлерди өз-өзүнчө өлчөөгө уруксат берилет:
1).Өлчөөнүн өз алдынча жазуучу каражаттары менен;
2).Өлчөөнүн көрсөтүүчү каражаттары менен, мындай шартта коюлган газдын көлөмү стандарттык шарттарга, газ параметрлеринин шарттуу-туруктуу маанилерине (басым жана температурага) ылайык келтирилет жана алар жабдуучу менен керектөөчү ортосунда кол коюлган эки тараптуу макулдашууларда сүйлөшүлөт. Газ эсептөө түйүнүндөгү газ басымынын мааниси жана температурасы мүмкүн болгон максималдуу жана мүмкүн болгон минималдуу газ басымына жараша кабыл алынат; сунуш кылынуучу ашыкча басым – 4,9 кПа, температура - 0 ºС.
16..Контролдонуучу параметрлер айрым өлчөнгөндө ГЭТга жазылууга жана аныкталууга тийиш:
1).жумуш шарттарында газдын көлөмү;
2).тарытуучу түзүлүштөгү газ басымдын орто суткалык түшүүсү;
3).газдын орто суткалык температурасы;
4).газдын орто суткалык ашыкча басымы;
5).газ эсептөөчү прибордун иштөө убактысы.
17..ГЭТ газ көлөмүн сарптоонун бардык диапазонунда, газдын сарпталышын өлчөөнүн жол берилген каталыгынын чегинен ашпаган өлчөө каталыгы менен өлчөнүшүн камсыз кылууга тийиш. Эгерде эсеп түйүнү аркылуу сарпталуучу газ чыгымы мүмкүн болгон катачылык чегин сактоонун шарттары менен аныкталган минималдык мүмкүн болгондон аз болсо, коюлган-кабыл алынган газ көлөмү мүмкүн болгон минималдык чыгым боюнча жүргүзүлүүсү зарыл. Эгерде газ чыгымы газ эсептөө түйүндөрүндө орнотулган газ чыгымын жана параметрлерин өлчөө каражаттары үчүн максималдуу түрдө өлчөнгөндөн жогору болсо, газ көлөмүн эсептөө газпайдалануучу жабдуунун максималдуу кубаттулугу боюнча аныкталган чыгымдардын келишимдик мааниси боюнча жүргүзүлүүгө тийиш.
18..Газ чыгымы менен санын өлчөө үчүн зарыл болгон өлчөө каражаттары бул Эреженин 14- жана 15-пункттарына ылайык аларды техникалык-экономикалык максатка жараша эксплуатациялоо шарттарына жараша тандалып алынат.
19..Убакыттын реалдуу масштабында газдын сарпталышын өлчөө жана аныктоо тартибин автоматташтыруу үчүн эсептеп чыгаруучу түзүлүштөр колдонулат, алар газ параметрлерин өлчөөчү өзгөртүүчүлөрдөн сигналдарды кабыл алат, аларды автоматтык түрдө иштеп чыгарат жана керектүү маалыматты берет.
20..Өлчөө комплексинин курамында чыгымды эсептеп чыгаруучуну пайдаланууда өлчөөлөрдүн жана эсептеп чыгаруулардын жыйынтыктары кагазга басманын автоматтык каражаттарынын жардамы менен жазылууга тийиш.
21..Газды жарым автоматтык эсептөө менен өлчөө комплексинин шарттуу-туруктуу параметрлери газдын анализдерине маалымат аркылуу киргизилиши керек.
Газ эсептөө түйүнү уруксатсыз кирүүдөн корголууга тийиш. Жарым автоматтык жана автоматтык өлчөөчү комплексте уруксатсыз кийлигишүүдөн эсти жана программаларды коргоо аракеттин бардык принциптеринин системасын колдонууга жол берилет.
Жабдуучу керектөөчүнүн катышуусунда газ эсептөө түйүндүн өлчөө каражаттарын жана жумуш абалындагы бекитүүчү арматураны пломбдоого укугу бар.
22..Газ эсептөө түйүнүнүн байпастык чубалгысы (эгер ал долбоордо каралса) жылчыксыздыкка көзөмөл менен камсыз болууга тийиш, б.а. эки өчүрүүчү түзүлүш жана алардын ортосуна өчүрүүчү түзүлүш жана анын алдына манометр каралган ыргытуучу өткөрмө түтүк орнотулушу керек.
23..Газ эсептөө түйүнүндө катардан чыккан жана газ эсептөө түйүндүн жабдуусунда жана ӨКсында пломб бузулган убакыт Керектөөчү тарабынан бул туурасында жабдып туруучуга кечиктирбестен кабарлоо менен пайдалануу журналында тиешелүү жазуу менен белгиленет. Керектөөчү ГЭТ иштен чыккан учурдагы анын алеттеринин көрсөткүчтөрүн Жабдып туруучуга билдирүүгө милдеттүү.
24..Газдын сарпталышын жана параметрлерин эсептөөчү алет иштен чыкканда, ошондой эле газ уурдалганда, эсептелбей калган газдын эсеби Жаратылыш газын берүү жана пайдалануу Эрежесинин 1-тиркемесине ылайык жүзөгө ашырылат.
25..Орун алмаштыргыч жана/же баралык газ эсептегич менен газ эсептөө түйүндө (ГЭТ) газдын пайдаланган санын өлчөөдө төмөндөгү талаптар колдонулат:
1).Газ эсептөө түйүнүн куроо аталган эсептегич түрүнүн техникалык документтерине жооп берүүсү керек;
2).куюндуу, орун алмаштыруучу же баралык эсептегич аркылуу газ эсептегич түйүнүндөгү коюлган газдын көлөмүн өлчөө жана эсептеп чыгуу стандартташтыруу жана метрология боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана ченемидик документтердин талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат;
3).эгерде газ эсептегич түйүнү корректор менен жабдылган болсо, анда керектөөчү:
–.ар бир 2 саатта пайдалануу журналына өлчөө приборлорунун көрсөткүчтөрү боюнча газ басымын, температурасын жана сааттык сарпталышын жазып турууга милдеттүү;
–.эгерде өзү жазуучу манометр жана термометр бар болсо, ай сайын жабдуучуга бул Эреженин 5-тиркемесине ылайык аткарылган тууралоо коэффициентинин эсеби менен коюлган газдын көлөмү жөнүндө, ал эми газ басымын жана температурасын көрсөтүүчү приборлорду пайдаланган учурларда – бул Эреженин 15-пунктунун 5-пунктчасына ылайык маалымат берүү;
4).газ эсебинин түйүнү бул Эреженин 3-тиркемесине ылайык паспорт менен таризделет;
5).эсептегичтин башка түрлөрү боюнча коюлган газды эсептөө аталган эсептегичтин түрлөрүнө карата техникалык документацияларга ылайык таризделет.
26..Тарытуучу стандарттык түзүлүштөрдү пайдалануу менен басымдын өзгөрүлмө өйдө-төмөн түшүү методу аркылуу газ чыгымын өлчөө учурунда төмөнкү талаптар колдонулат:
1).газ чыгымын өлчөө Кыргыз Республикасынын 8.586.1...5-2005 мамлекеттик стандартына ылайык жүзөгө ашырылат;
2).контролдонуучу параметрлерди өлчөөнүн айрым процесстери менен тутумдарда жана өлчөөлөрдүн жыйынтыктарын иштеп чыгууда параметрлерди өлчөөнүн убакытка өзгөрүлгөн бириктирүүчү же өзү жазуучу приборлор, ошондой эле планиметрлер жана башка графикалык маалыматты саноо үчүн түзүлүштөр колдонулат. Газды суткада сарпталышын эсептөө лицензиялык компьютердик программа боюнча жүргүзүлөт;
3).Бул Эреженин 1-тиркемесине ылайык газ эсептөө түйүнүнүн ээси тарабынан түзүлгөн жана таризделген техникалык документтердин комплектиси газ эсептөө түйүнүндө сакталууга тийиш.
Глава 5. Газ эсептөө түйүндөрүнүн жана тиричилик газ эсептегичтердин метрологиялык мүнөздөмөлөрүнө талаптар
27..ГЭТ жол берилүүчү каталыгы 0,3 дөн 4%га чейин болуусу керек
Газды 500 м³/сааттан ашык жогорку чекте керектөөдө, газдын керектелген көлөмү өлчөөнүн 3%дан ашпаган салыштырмалуу каталыгы менен өлчөнүшү керек.
Тарытуучу түзүлүшү бар өлчөөчү комплекс тарабынан кетирилген ката Кыргыз Республикасынын 8.586.1-5-2005 мамлекеттик стандартынын талаптарын эске алуу менен тиешелүү программа боюнча, ал эми баралык, орун алмаштыруучу же куюндуу эсептегичтики – стандарт талаптарын эске алуу менен аныкталат.
28..Газ эсептөө түйүнүнө кирген өчөө каражаттары тарабынан кетирилген катачылыкты анын зарыл болгон тактыгын эске алуу менен тандашат.
29..Басымды жана басымдын түшүүсүн өзгөртүүчүлөрдүн каталыгы ушул өлчөөчү өзгөртүүчүлөрдү пайдалануунун өзгөчөлүгүнүн жыйынтыгында пайда болгон кошумча каталыктарды эсепке алуу менен аныкталат.
30..Тарытуу түзүлүшү бар өлчөөчү комплекстин каталыгы тиешелүү программа боюнча, ал эми куюндуу, орун алмаштыруучу же баралык эсептегичтүү газ эсептөө түйүнүнүкү стандартташтыруу жана метрология боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын талаптарына ылайык аныкталат.
31..Тиричилик газ эсептегичтери газга карата коюлган стандарт жана паспорттогу талаптардан көп эмес каталыгы бар газ чыгымын өлчөнүү камсыз кылуусу керек.
Глава 6. Газ эсептөө түйүнүн пайдаланууга өткөрүп алуу
32..Газ эсептөө түйүнүн куроо үчүн жүргүзүлүүчү техникалык көзөмөл керектөөчү тарабынан газ эсептөө түйүнүн куроо процессинин жүрүшүндө же болбосо керектөөчү менен түзүлгөн Келишимдин негизинде жабдуучу тарабынан жүргүзүлөт. Техникалык көзөмөл боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн жабдуучуга акы төлөө белгилүү тартипте бекитилген кызматка карата прейскурантка ылайык жүзөгө ашырылат.
33..Тарытуучу түзүлүшү менен курулуп бүткөн (кайра ишке киргизилген, кайра келбеттелген же жаңыланган) өлчөө комплекси жана орун алмаштыргыч же баралык газ эсептегичтери бар газ эсептөө түйүнү бул Эрежеге карата 2- жана 4-тиркемелердин актыларынын негизинде жана бул Эреженин 1- жана 3-тиркемесинде каралган кабыл алуу эрежелеринин талаптарына ылайык керектөөчү жана жабдуучунун катышуусу менен газ эсептөө түйүнүн кабыл алуу боюнча комиссия тарабынан ишке кабыл алынат.
Башка түрдөгү эсептегичи бар газ эсептөө түйүнун пайдаланууга өткөрүп алуу бул эсептегичтерге карата техникалык документациялардын негизинде жүзөгө ашырылат.
34..ГЭТны пайдаланууга өткөрүп алуу эки этапта жүргүзүлөт –тажрыйбалуу пайдаланууга өткөрүп алуу жана газды коммерциялык эсептөө үчүн ГЭТны акыркы өткөрүп алуу.
ГЭТны тажрыйбалуу пайдаланууга өткөрүп алуу бул Эреженин 1- жана 3-тиркемесинде көрсөтүлгөн эрежеде жүзөгө ашырылат. ГЭТны тажрыйбалуу пайдаланууга өткөрүп алуу актында ГЭТны акыркы өткөрүп алуу мөөнөтү көрсөтүлөт.
Газ эсептөө түйүнү актыда көрсөтүлгөн бардык эскертүүлөр жоюлуп, оң жыйынтык болуп, тажрыйбалуу пайдалануу мөөнөтү аяктагандан кийин коммерциялык эсеп жүргүзүү үчүн кабыл алынат.
35..Газ эсептөө түйүнүн пайдаланууга өткөрүп алуу үчүн кабыл алуучу комиссиянын өкүлдөрүн чакыруу болжолдонгон кабыл алуу күнүнө 5 күн калганда газ эсептөө түйүнүн ээси тарабынан жүзөгө ашырылат жана кабыл алуу коимиссиясынын таанышуусу үчүн бул Эреженин 1- жана 3-тиркемесинде көрсөтүлгөн техникалык документтердин комплектиси даярдалат.
36..Газ эсептөө түйүнүн куроо иштиктүү ченемдик документацияларга жооп бербеген учурларда газ эсептөө түйүнү пайдаланууга берилбейт жана актыга табылган кемчиликтердин толук тизмеси берилет.
37..Кабыл алуу комиссиясы тарабынан анын толук кабыл алынуусуна кол коюлгандан кийин газ эсептөө түйүнү пайдаланууга кабыл алынды жана газдын коммерциялык эсебин киргизүү үчүн жарактуу деп саналат.
Глава 7. Газ эсептөө түйүнүн пайдалануу
38..Газ эсептөө түйүнүнүн ээси газ эсептөө түйүнүн эксплуатациялык документтер менен бул Эреженин талаптарына ылайык пайдаланууга берүүгө милдеттүү.
39..Айына 3 миң куб метрден көп газ чыгымдаган керектөөчү газ коюу боюнча түзүлгөн Келишимге ылайык белгилүү бир мөөнөттө пайдаланылган газ өлчөмү тууралуу күн сайын жабдуучуга маалымат берүүсү зарыл.
Жабдуучу бул Эреженин 6-тиркемесине ылайык форма боюнча керектөөчүдөн алынган маалыматтарды ыкчам журналга жазат.
Газ эсептөөнүн жаңы түйүнүн пайдаланууга берүүдө эксплуатациялык журналга газ эсептөө приборундагы көрсөткүчтөр жазып башталган убакыт белгиленет.
40..Айына 3 миң.м³ аз газ сарптаган газ эсептөөчү прибордун көрсөткүчтөрүн жазып алуу жабдуучу тарабынан айына бир жолудан кем эмес жүргүзүлөт.
41..Жабдып туруучу жана керектөөчү текшерүү ортосундагы аралыктын ичинде өлчөө каражатынын каталыгын аныктоо үчүн калибрдөө жүргүзүүгө укуктуу. Өлчөө каражатынын калибрдөөнүн жыйынтыгы кезексиз текшерүүнү талап кылуу үчүн негиз болуп кызмат кылат.
Кезексиз текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча өлчөө каражаты бузук деп табылса, анда текшерүү үчүн кеткен төлөмдү талап кылган тарап, ал эми бузук эмес болсо – эксплуатациялоочу тарап төлөйт.
42..Газ эсептөө түйүнүнүн иштешинде бузулуулары, анын бузуктугу жөнүндө керектөөчү өз убагында билдирбесе, Жабдуучу акыркы текшерген учурдан тартып газ эсептөө түйүнү бузулган деп эсептелет.
43..ГЭТнын абалына жүргүзүлгөн контроль өлчөө каржатын текшерүүнүн мезгилдүүлүгүн, жумушка жөндөмдүүлүгүн жана пайдаланууга болор-болбосун контролдоо иштерин камтыйт.
44..Өлчөө каражатынын мыкты иштеши үчүн зарыл болгон жана газды бузулган өлчөө каражаттары менен эсептөөгө жол бербөөчү техникалык тейлөө, өлчөө каражаттарына карата ченемдик документтерде аныкталган мөөнөттө же зарылчылыкка жараша жабдуучунун атайын кызматы тарабынан техникалык тейлөө жөнүндө Келишимге ылайык жүргүзүлөт. Техникалык тейлөөнү өткөрүү керектөөчүнүн эксплуатациялык журналында катталат.
Текшерүүгө даярдоо жана өлчөө каражаттарын оңдоо жабдуучунун адистештирилген лабораториясында жүзөгө ашырылат.
45..Өлчөө каражаттарын оңдоп, текшерип чыгып, керектөөчүнүн газ эсептөө түйүнүнүн ишке жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүү жана пайдаланууга берүү керектөөчү менен жабдуучунун өкүлдөрү тарабынан жүргүзүлөт.
Глава 8. Газ эсептөөнү жана тиричилик газ эсептегичтерди пайдаланууга өткөрүлүп алуу
46..Керектөөчүгө берилген газдын санын эсепке алуу тиричилик газ эсептегичтеги көрсөткүчтөр боюнча жүзөгө ашырылат. Керектөөчүнүн тиричилик газ эсептегичи жок учурларда - берилген газ эсебин чыгаруу, Жаратылыш газын жеткирүү жана пайдалануу Эрежелеринде бекитилген калк тарабынан жаратылыш газын жылытуу, тамак даярдоо жана ысык суу менен камсыздоо үчүн керектөө нормаларынын негизинде жүзөгө ашырылат.
47..Пайдаланууга берилген жаңы объектилер пайдаланууга берилүүчү ишкана тарабынан тиричилик газ эсептегичтери менен камсыз кылынат жана газ жабдуучунун балансына өткөрүлүп берилет.
48..Тиричилик газ эсептегичти пайдалануу үчүн кабыл алуу комиссия тарабынан жүзөгө ашырылат жана ага мүчө болуп төмөнкүлөрдүн өкүлдөрү катышат:
1).газ бөлүштүрүүчү ишкананын (жабдуучу);
2).керектөөчүнүн;
3).куроо ишканасынын.
Ошол эле учурда текшерилет:
4).куроо иштеринин сапаты жана анын долбоордук документтердин талаптарына жооп бериши;
5).эсептөө приборунун өлчөө диапазонунун газ чыгымын өлчөө диапазонуна дал келүүсү;
6).орнотулган пломбулардын болуусу;
Актыда төмөнкүлөрдү көрсөтүү зарыл.
эсептегичтин түрү жана заводдон чыккан номуру:
7).жабдуучунун пломбусунун номуру;
8).эсептегичтин баштапкы көрсөткүчтөрү;
9).эсептегичке текшерүү өткөрүлгөн күн;
10).газпайдаланылуучу жабдуу жана анын газды максималдуу түрдө саатына чыгымдашы;
11).газдын тиричилик эсептегичи боюнча газдын керектелишин эсептөө керектөөчү тарабынан эсептегичти орнотуу актысына кол койгон күндөн тартып жүзөгө ашырылат.
49..Жабдуучу тарабынан керектөөчүгө орнотулган тиричилик газ эсептегичтери жабдуучунун балансына болот.
50..Тиричилик газ эсептегич завод-даярдоочу тарабынан аныкталган паспорттук маалыматтарда көрсөтүлгөн мөөнөткө жараша мезгилдүү текшерүүдөн өтүп турууга тийиш.
51..Тиричилик газ эсептегичтерин оңдоо жана мезгил-мезгили менен текшерип туруу жабдуучунун эсебинен жүргүзүлөт.
Тиричилик газ эсептегичти текшерүү маалында оңдоо иштерине газ эсептегичти керектөөчүнүн туура эмес ишке киргизүүсү себеп болгондугу далилденсе, анда оңдоо, алмаштыруу жана текшерүү наркын керектөөчү төлөйт.
Тиричилик газ эсептегичке кийлигишүү фактысы катталгандыгы боюнча жабдуучу менен керектөөчүнүн ортосунда талаш-тартыш кырдаалдарда тараптар Жаратылыш газын жеткирүү жана пайдалануу Эрежесинин 1-тиркемесине таянышат.
52..Тиричилик газ эсептегичи мезгилдүү текшерүү үчүн чечилип алынганда (керектөөчүнүн күнөөсү жок) жабдуучу текшерүү же оңдоо мезгилине карата резервдик газ эсептегичти орнотот.
53..Тиричилик газ эсептегичинин ишине уруксатсыз кийлигишүүнүн бети ачылган же газдын уурдалгандыгы аныкталган учурларда жеткирилген газдын көлөмүЖаратылыш газын жеткирүү жана пайдалануу Эрежесинин 1-тиркемесине ылайык аныкталат.
Глава 9. Тараптардын жоопкерчилиги
54..Газ эсептөөчү алеттерди туура жана коопсуз пайдалануу жана аларды текшерүү жоопкерчилиги газ эсептөө түйүнүнүн ээсине жүктөлөт.
Тиричилик керектөөчүсү тарабынан орнотулган тиричилик газ эсептегичин өз учурунда мезгил-мезгили менен текшерүү милдети жабдуучуга жүктөлөт.
55..Техникалык маселелер жана газ эсебин жүргүзүү боюнча карама-каршылыктар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен соттук органдар тарабынан караштырылат.