Загрузка документа…
НОВО-ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
17-январь 2024-жыл № 128/ХXXI-28
АРИСтин «Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорунун алкагындагы кошумча каржылоо (COVID-19га жооп кайтаруу боюнча)»-КК АИД-3 долбоорундагы Ири долбоор «Ново-Покровка айылынын №1 ОМ септикти оңдоо жана алмаштыруу» жана Сары-Жон айылынын«Мектептеги бала бакчанын санитардык түйүндөрүн оңдоо, мектептердин дубалдарын жылуулоо жана чатырларын алмаштыруу» долбоору жөнүндө”
КК АИД-3түн алкагында айыл аймагында жүргүзүлгөн долбоордук иш-чаралары жана ири долбоор «Ново-Покровка айылынын №1 ОМ септикти оңдоо жана алмаштыруу» жана Сары-Жон айылынын «Мектептеги бала бакчанын санитардык түйүндөрүн оңдоо, мектептердин дубалдарын жылуулоо жана чатырларын алмаштыруу» жөнүндө Ново-Покровка айыл аймагынын АКИА АКнын төрагасы У.С. Султаналиевдин маалыматын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27 беренесине ылайык
Ново-Покровка айылдык кеңеши,
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Ири долбоорлор - «Ново-Покровка айылынын №1 ОМ септикти оңдоо жана алмаштыруу» жана Сары-Жон айылынын «Мектептеги бала бакчанын санитардык түйүндөрүн оңдоо, мектептердин дубалдарын жылуулоо жана чатырларын алмаштыруу» суммасы 9266867 сом, анын ичинен. АРИСтин гранты 7 395 000 сом, айыл өкмөттүн каржылоосу
1 871 867 сом бекитилсин
2. Ново-Покровка айыл өкмөтү тарабынан өткөрүлгөн тендер боюнча долбоорду кошо каржылоо үлүшү өзгөртүлсүн
3. Ново-Покровка айыл аймагынын 2024-жылга социалдык-экономикалык өнүгүү жана инвестициялык планына «Ново-Покровка айылынын №1 ОМ септикти оңдоо жана алмаштыруу» жана Сары-Жон айылынын «Мектептеги бала бакчанын санитардык түйүндөрүн оңдоо, мектептердин дубалдарын жылуулоо жана чатырларын алмаштыруу» долбоору киргизилсин.
4. Бул токтом Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгында каттоодон өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөттүн башчысына жана Ново-Покровка айыл аймагынын АКИА АКнын ревизиялык комиссиясына жүктөлсүн.
Ново-Покровка айылдык кеңештин төрагасы |
|
Ш.И.Турдиев |