Загрузка документа…
ПЕРВОМАЙСКИЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
23-января 2023-ж. № 1/2
Жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча отчетун бекитүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ» мыйзамынын 34- беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин негизинде жана Первомайский айыл ѳкмѳтүнүн финансы-экономикалык бѳлүм башчысы А.А Ажигулованын 2022-жылдын 12 айынын жыйынтыгы боюнча жергиликтүү бюджеттин кирешелеринин жана чыгашаларынын аткарылышын угуп жана талкуулап чыгып, айылдык кенештин XXVIII чакырылышы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 1. Первомайский айыл ѳкмѳтүнүн финансы-экономикалык бѳлүм башчысы А.А Ажигулованын отчету тѳмѳнкү кѳрсѳткүчтѳр боюнча бекитилсин:
-2022-жылдын 12 айына карата бюджеттик эсеп боюнча бюджеттин киреше бѳлүгүнүн аткарылышы такталган план менен 11405,8 мин.сом же 116,0 % түздү, башкача айтканда
- бардык кирешелер жана чыгашалар атайын каражаттарды, тендѳѳчү гранттарды эсепке алуу менен 2022-жылдын 12 айына карата бектилген план боюнча 10074,0 мин.сом, атайын каражаттарды эсепке албаганда 9114,0 мин.сом
- 2022-жылдын 1-январына карата бюджет боююнча эркин калдык (свободный остаток) 1902,0 мин.сом.
-2022-жылдын 12 айына карата бюджеттик эсеп боюнча бюджеттин киреше бѳлүгүнүн аткарылышы такталган план менен 11405,8 мин.сом же 116,0 % түздү, башкача айтканда 1830,0 мин.сом ашыкча.
Такталган план менен баардык салыктын түрлѳрү, 2022-жылдын 1-январына карата баардык кирешелерди жана эркин калдыкты (свободный остаток) эске алуу менен, мындан тышкары бюджеттин чыгаша бѳлүгүн бѳлүмдѳрү менен отчетко тиркелген түшүндүрмѳ катка ылайык бюджеттин аткарылышы бектилсин.
- 2022-жылдын 12 айына бюджеттин чыгаша бѳлүгү 97,5% га такталган план боюнча 14267,9 мин.сом болсо аткарылышы 13914,5 мин.сомду түздү.
2. Баардык отчеттор жана тиркемелери менен Кыргыз Республикасынын Финасы министрлигин Сокулук районундагы финансы башкармалыгына берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышы Первомайский айыл ѳкмѳтүнүн каржы-экономикалык бѳлүмүнүн башчысы А.А Ажигуловага жүктѳлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл кылуу туруктуу бюджеттик депутаттык комиссиянын тѳрагасы Борончу уулу Ниязбекке жүктѳлсүн.
Тѳрайым |
| З.М. Кочкорова |