КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кадамжай шаардык Кеңешинин биринчи V чакырылышынын кезексиз XV сессиясы
2025-жылдын 13-октябры №63
Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйындарды өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Элдик Курултай жөнүндө” Конституциялык Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы № 270 “Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгына, Элдик Курултайдын Улуттук кеңешинин 2024-жылдын 21-декабрында кабыл алынган “Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык, Кадамжай шаардык кеңешитоктом кылат:
- Кадамжай шаарынын аймагында Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйын 2025-жылдын 1-ноябрында саат 10:00дө Ж.Мамажанов атындагы маданият сарайында өткөрүлсүн.
- Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйынга катышуучу өкүлдөрдүн саны нормага ылайык 80 өкүл болуп бекитилсин.
- Жергиликтүү жашоочулар менен жыйындарды өткөрүү үчүн Кадамжай шаарынын аймагы 12 (он эки) аймактык бөлүктөргө бөлүнүп бекитилсин.
- Жер-жерлерде жергиликтүү жашоочулар менен жыйындарды өткөрүү графиги №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Кадамжай шаардык кеңешинин депутаттары №2 тиркемеге ылайык жергиликтүү жашоочулар менен ар бир аймактык бөлүктөрдө жыйындарды өткөрүүгө жооптуу болуп дайындалсын.
- Өкүлчүлүктүү жыйындарды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы №3 тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Кадамжай шаардык мэриясы Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жыйындар жана чогулуштар өткөрүлө турган күн, убакыт жана жай жөнүндө расмий сайттар, массалык маалымат булактары, социалдык тармактар жана башка маалымат булактары аркылуу жергиликтүү жашоочуларга кабарлоо жагы менен кошо жыйындар жана чогулуштар өтүүчү жайларды тиешелүү техникалык жабдыктар менен камсыздоосу милденттендирилсин.
8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин депутаттарына жүктөлсүн.
- Кеңештин жооптуу катчысы ушул токтомду каттап, кеңештин сайтына жарыялап жана мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберсин.
Төрага: | К.Дастиров |
Кадамжай шаардык кеңешинин 2025-жылдын 13-октябрын XV сессиясынын № 63 токтомуна №1тиркеме
Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча Кадамжай шаарынын жергиликтүү жашоочулары менен жыйындарды өткөрүү
Г Р А Ф И Г И
№ п/п | Аймактык бөлүктөр | Жыйын өтүлүүчү күн (датасы) | Жыйындын башталышы (убактысы) | Дареги | Жооптуулар | Эскертүү |
1 | А.Жалилов, Набережная | 18.10.2025-ж. | 11:00 | “Жаштык” кинотеатры | Мэриянын кызматкерлери, Шаардык кеңештин депутаттары |
|
2 | Пролетарский, Садрик, Сейдалиев, Комсомольская,Спортивный | 18.10.2025-ж. | 16:00 | Мечиттин жанында (Пролетарский) | Мэриянын кызматкерлери, шаардык кеңештин депутаттары |
|
3 | Эрмек бий, И.Зайляпов, Пузулуев | 20.10.2025-ж. | 13:00 | Мечиттин жанында (Лесхоз) | Мэриянын кызматкерлери, шаардык кеңештин депутаттары |
|
4 | Орозбеков, Школьный, Ж.Орозбаев, Темирбаев | 20.10.2025-ж. | 16:00 | Мечиттин жанында (Пүлгөн 3-бр.) | Мэриянын кызматкерлери, шаардык кеңештин депутаттары |
|
5 | Бегалиев, Молдо Нажимидин | 21.10.2025-ж | 11:00 | Геолоктор көчөсү (военный часть) | Мэриянын кызматкерлери, шаардык кеңештин депутаттары |
|
6 | 4-бригада | 21.10.2025-ж | 16:00 | Мечиттин жанында (Пүлгөн 4-бр.) | Мэриянын кызматкерлери, шаардык кеңештин депутаттары |
|
7 | Жаңы-Жер | 22.10.2025-ж | 12:00 | Жаңы-Жер (балдар аянтчасы) | Мэриянын кызматкерлери, шаардык кеңештин депутаттары |
|
8 | Мехцех, Заводская, Орозбеков Аңкурсайга чейин | 22.10.2025-ж | 13:00 | Айланпада (Круговой) | Мэриянын кызматкерлери, шаардык кеңештин депутаттары |
|
9 | Кирова, К.Ысманов, Береговая | 22.10.2025-ж | 16:00 | ДК | Мэриянын кызматкерлери, шаардык кеңештин депутаттары |
|
10 | Жийделик айылы | 22.10.2025-ж | 10:00 | Жийделик | Мэриянын кызматкерлери, шаардык кеңештин депутаттары |
|
11 | Северный, Металлург | 23.10.2025-ж | 16:00 | Северный (стадион футбол) | Мэриянын кызматкерлери, Шаардык кеңештин депутаттары |
|
12 | Кара-Жантак | 23.10.2025-ж | 11:00 | Кара-Жантак (мектеп) | Мэриянын кызматкерлери, шаардык кеңештин депутаттары |
|
Жооптуу катчы Н.Максутова
Кадамжай шаардык кеңешинин 2025-жылдын 13-октябрындагы XV сессиясынын № 63 токтомуна №2 тиркеме
Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча Кадамжай шаардык кеңешинин жергиликтүү жашоочулар менен аймактык бөлүктөрдө жыйындарды өткөрүүгө жооптуу депутаттардын
Т И З М Е С И
- Биринчи аймактык бөлүк А.Жалилов, Набережная
1) Абдыразаков Азизбек Камчибекович
2) Акимов Саитбай Исламович
- Экинчи аймактык бөлүк Пролетарский, Садрик, Сейдалиев, Комсомольская, Спортивный:
1) Абдыразаков Азизбек Камчибекович
2) Орозалиева Калыскан Исмановна
- Үчүнчү аймактык бөлүк Эрмек бий, И.Зайляпов, Пузулуев:
1) Зайляпов Жолдошбек Изатиллаевич
2) Караев Шамши Исабаевич
- Төртүнчү аймактык бөлүк Орозбеков, Школьный, Ж.Орозбаев, Темирбаев:
1) Акматова Шарапат Эшмаматовна
2) Зайляпова Сагипахан Сраждиновна
3) Акимов Саитбай Исламович
- Бешинчи аймактык бөлүк Бегалиев, Молдо Нажимидин:
1) Абдырахманов Шумкарбек Абдыкалыкович
2) Арыков Абдыкалык Утупиллаевич
- Алтынчы аймактык бөлүк 4-бригада:
1) Аманов Нургазы Абуталипович
2) Айтматов Толкунбек Авазович
- Жетинчи аймактык бөлүк Жаңы-Жер:
1) Абдырахманов Шумкарбек Абдыкалыкович
2) Аманов Нургазы Абуталипович
- Сегизинчи аймактык бөлүк Мехцех, Заводская, Орозбеков Аңкурсайга чейин:
1) Абдыкалыкова Бурулкан Мидиновна
2) Курбанова Урпия Абдырахмановна
- Тогузунчу аймактык бөлүк Кирова, К.Ысманов, Береговая:
- Курбанова Урпия Абдырахмановна
- Куйчиева Мукадасхон Мамадалиевна
- Онунчу аймактык бөлүк Жийделик айылы:
- Ырысматов Кубанычбек Гыламович
- Маматалиев Айбек Гламидинович
- Шерматов Бексултан Хамдамович
- Он биринчи аймактык бөлүк Северный, Металлург:
- Макканов Таалайбек Бекназарович
- Зайляпов Жолдошбек Изатиллаевич
- Исамидинова Динара Исамидиновна
- Он экинчи аймактык бөлүк Кара-Жантак айылы:
- Рахманов Кайрат Ражавалиевич
- Маматалиев Айбек Гламидинович
Жооптуу катчы Н.Максутова
Кадамжай шаардык кеңешинин 2025-жылдын 13-октябрындагы XV сессиясынын № 63 токтомуна №3 тиркеме
Кадамжай шаарынын аймагында Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйындарды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы
- Дастиров Кубаныч Айдаралиевич - жумушчу топтун башчысы, шаардык кеңештин төрагасы;
- Максутова Нурхан Жапаровна - жумушчу топтун катчысы, шаардык кеңештин жооптуу катчысы;
- Курбанова Урпия Абдырахмановна - жумушчу топтун мүчөсү, шаардык кеңештин депутаты;
- Акматова Шарапат Эшмаматовна - жумушчу топтун мүчөсү, шаардык кеңештин депутаты;
- Абдырахманов Шумкарбек - жумушчу топтун мүчөсү, Абдыкалыкович шаардык кеңештин депутаты;
- Боркошова Элмира Мухтаровна - жумушчу топтун мүчөсү, шаардык мэриянын аппарат жетекчиси;
- Пазылов Иляз - жумушчу топтун мүчөсү, айыл башчы;
- Асамидинов Мухтар - жумушчу топтун мүчөсү, айыл башчы;
- Максидов Мурадил - жумушчу топтун мүчөсү, айыл башчы;
- Маматалиев Шамансир - жумушчу топтун мүчөсү, айыл башчы;
- Салибаев Кахроман - жумушчу топтун мүчөсү, айыл башчы
Жооптуу катчы Н.Максутова