Редакцияот 10.10.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Суу-Башы айылдык кенешинин VlII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы

 

2025-жылдын 10-октябры № 108

Суу-Башы  айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан 2025-2026 жылдардын  күз-кыш мезгилине карата көрүлүп жаткан даярдык иштери жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”  Мыйзамынын жана Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин регламентине  ылайык, Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Макановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1.    Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан 2025-2026 жылдардын күз-кыш мезгилине карата көрүлүп жаткан даярдыктары жана аткарган иштери кээ бир кемчиликтерди эске алуу менен канаттандырарлык деп табылсын.

 

2.    Суу-Башы айыл аймагында арзан баада көмүр сатуучу жайларды уюштуруп, калкты сапаттуу көмүр менен камсыздоо иштерин колго алуу жагы  Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Макановго милдеттендирилсин.

 

3.    Токтом каттоодон өткөрүлүп, suu-bashy.gov.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук  актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү  үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

4.    Ушул токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

 

 

 

Төрага

К.Шакиров