Редакцияот 18.08.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖУСУП АБДРАХМАНОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊешинин  кезексиз 10- сессиясы

 

2025-жылдын 18-августундагы №10-1

 

“Акча каражатын жылдыруу (передвижка) жөнүндө токтомуна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө ”

 

         Жусуп Абдрахманов айыл өкмөтүнүн башчысы башчысы М.Б.Алиевдин жана финансы – экономикалык бөлүмдүн башчысы З.М.Аттоеванын 7 ай ичинде тендерди үнөмдөөнүн эсебинен статьяланган калдыктар үчүн каржылоо суммаларынын болжолдуу чегерилишине өзгөртүүлөрдү киргизүүсунушун угуп, талкуулап Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊеши токтом кылат:

  1. 2025 –жылдын “ 10 ”июлундагы №7-4 “Акча каражатын жылдыруу (передвижка) жөнүндө” токтомуна 7 ай ичинде тендерди үнөмдөөнүн эсебинен статьяланган калдыктар үчүн каржылоо суммаларынын болжолдуу чегерилишине төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

-        ТКЧ(ЖКХ) бөлүмү 2221ст. – 40,0 миң.сомго азайтуу;

-        ТКЧ(ЖКХ) бөлүмү 2214ст. – 40,0 миң.сомго көбөйтүү;

-        ТКЧ(ЖКХ) бөлүмү 2222ст. – 105,0 миң.сомго азайтуу;

-        Маданият бөлүмү 3111ст. – 1 581,4 миң.сомго азайтуу;

-        Китепкана бөлүмү 3112ст. –  30,0 миң.сомго азайтуу;

-        ТКЧ(ЖКХ) бөлүмү 3112ст. – 1 716,4 миң.сомго көбөйтүү;

-        Китепкана бөлүмү 2222ст. –  30,0 миң.сомго азайтуу;

-        Маматов орто мектеби 2221ст. –  12,4 миң.сомго азайтуу;

-        Маматов орто мектеби 3111ст. –  874,2 миң.сомго азайтуу;

-        Балалык бала бакчасы 2221ст. –  7,9 миң.сомго азайтуу;

-        Балалык бала бакчасы 2222ст. –  2,1 миң.сомго азайтуу;

-        Лященко орто мектеби 2221ст. –  8,2 миң.сомго азайтуу;

-        Абдрахманов орто мектеби 2221ст. –  18,7 миң.сомго азайтуу;

-        Балалык бала бакчасы 3112ст. –  953,5 миң.сомго көбөйтүү;

  1. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы  Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б.Алиевке жүктөлсүн.
  2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, финансы, экономика жана инвестиция тартуу боюнча комиссиясына тапшырылсын.
  3. Ушул токтомду каттоо жагы Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ  ʏчʏн областтык Юстиция башкармалыгына Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊешинин 21.02.2024ж.  №28/1-5-токтомунун негизинде мамлекеттик тилде жиберилсин жана  ММКда жарыялансын.

 

Төрага                                                                                А.Ш.Кыштобаев