Редакцияот 16.09.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖУСУП АБДРАХМАНОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊешинин  кезексиз 11- сессиясы

 

16.09.2025ж.                   № 11-1                                                                  

 

“Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊешинин  2025 –жылдын

“21” июлундагы №8-3 кабыл алынган токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө”

 

Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б.Алиевдин жергиликтүү Кеӊешинин  2025 –жылдын “21” июлундагы №8-3 кабыл алынган токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунушун угуп, талкуулап  Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊеши токтом кылат:

 

  1. Чоң-Өрүктү айылындагы идентификациялык коду – 2-03-13-1001-0002  Токтогул көчөсүнүн №18 дарегинде жайгашкан Уланбек уулу Амандын наамына алынган  Мамлекеттик актысы  боюнча 1818,1м2 жер тилкесин идентификациялык номер

2-03-13-1001-0755 боюнча 1318,1м2жер тилкеси айыл өкмөтүнүн балансасына алынсын жана муниципалдык менчигине бекитилип берилсин, ал эми идентификациялык номер 2-03-13-1001-0756 боюнча 500,0м2 жер тилкеси Уланбек уулу Амандын менчигине бекитилип берилсин деп токтомго өзгөртүү – толуктоолор киргизилсин.

 

  1. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы  Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б.Алиевке жүктөлсүн.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы транспорт, курулуш, байланыш, өндүрүш, ишмердикти өнүктүрүү, отун энергетика, туризм, курортту өнүктөрүү,  жаратылыш ресурстарын пайдалануу, экология, жер, агрардык реформа жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү боюнча туруктуу комиссияна тапшырылсын.

 

  1. Ушул токтомду каттоо жагы Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ  ʏчʏн областтык Юстиция башкармалыгына Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊешинин 21.02.2024ж.   №28/1-5- токтомунун негизинде мамлекеттик  тилде жиберилсин жана  ММКда жарыялансын.

 

Төрага                                                                                А.Ш.Кыштобаев