Редакцияот 16.09.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖУСУП АБДРАХМАНОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊешинин  кезексиз 11- сессиясы

 

 

16.09.2025жылдагы     № 11-2             

 

“Акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө”

 

        Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б.Алиевдин Ысык – Көл райондук мамлекеттик администрациясынын 02.10.2025ж. №01-13/5295 катынын негизинде “Үзөнгү Кууш” чек ара кызматынын №2028 аскер бөлүгүнө  материалдык жардам бөлүп берүү жөнүндө  сунушун угуп, талкуулап  Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊеши токтом кылат:

 

  1. “Үзөнгү Кууш” чек ара кызматынын №2028 акер бөлүгүнө  материалдык жардам катары 10000(он миң)сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.
  2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы  Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б.Алиевке жүктөлсүн.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, финансы, экономика жана инвестиция тартуу боюнча комиссиясына тапшырылсын.

 

  1. Ушул токтомду каттоо жагы Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ  ʏчʏн областтык Юстиция башкармалыгына Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊешинин 21.02.2024ж.   №28/1-5- токтомунун негизинде мамлекеттик  тилде жиберилсин жана  ММКда жарыялансын.

 

 

Төрага                                                                          А.Ш.Кыштобаев