Загрузка документа…
ЭЛМИРБЕК ИМАНАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Элмирбек Иманалиев айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги V сессиясы
2025-жылдын 19-мартындагы №26
«Элмирбек Иманалиева айыл аймагынын атуулу Кыргыз Республикасынын эл артисти Талипова Шахра Талиповнага “Айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндө»
Элмирбек Иманалиев айылдык кеңешинин Регламент, депутаттык этика жана мандат, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссиянын сунушун угуп, талкуулап Элмирбек Иманалиев кеңешинин I чакырылышынын кезектеги V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Регламент, депутаттык этика жана мандат, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссиянын сессиядагы сунушу эске алынсын.
2. Элмирбек Иманалиев айыл аймагынын атуулу Кыргыз Республикасынын эл артисти Талипова Шахра Талиповнага “Айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамын берүүдөгү жободо көрсөтүлгөн критерийлердин аткарылышына байланыштуу, маданият тармагында көп жылдык үзүрлүү эмгегин эске алып, “Элмирбек Иманалиев айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамы берилсин.
3. ”Элмирбек Иманалиев айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамын берүүдөгү тиешелүү иш-кагаздарын (күбөлүк, сертификат жана төш белги) даярдап бүткөрүү жагы айыл өкмөтүнүн тиешелүү кызматкерлерине жана айыл өкмөт башчысы М.Сатаровго милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы тиешелүү туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага |
А.Т.Уметалиев |