Загрузка документа…
ЭЛМИРБЕК ИМАНАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Элмирбек Иманалиев айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги V сессиясы
2025-жылдын 19-мартындагы №27
«Элмирбек Иманалиев айыл аймагына караштуу №14 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратынын 1 кабатындагы 22,56 чарчы метрди түзгөн 2 бөлмөсүн жана 0,4 чарчы метр жер аянтын Элмирбек Иманалиев айыл өкмөтүнүн балансына алуу жөнүндө»
Токтогул районунун прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципиалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын, “Жер кодексинин” талаптарынын аткарылышы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 1995-жылдын 6-февралындагы ПУ № 37 “Социалдык инфраструктура объекттерин мындан ары пайдалануунун шарттарын камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Жарлыгынын аткарылышы боюнча кетирилген доо арыздын жыйынтыгы менен ченемдик укуктук актылардын бузулуусун четтетүү жөнүндө Токтогул районунун 2025-жылдын 28-февралындагы №25/146-07-11/2-4-00228 чыгыш сандуу талабын негиз кылып Элмирбек Иманалиев айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 Токтогул районунун 2025-жылдын 28-февралындагы №25/146-07-11/2-4-00228 чыгыш сандуу талабы эске алынсын.
2.Элмирбек Иманалиев айыл аймагына караштуу №14 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратынын 1 кабатындагы 22,56 чарчы метрди түзгөн 2 бөлмөсүн жана 0,4 чарчы метр жер аянтын Элмирбек айыл өкмөтүнүн балансына алуу жагы айыл өкмөт башчысы М.Сатаровго милдеттендирилсин.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы тиешелүү туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
5.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага |
А.Т.Уметалиев |