Загрузка документа…
ЭЛМИРБЕК ИМАНАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Элмирбек Иманалиев айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги V сессиясы
2025-жылдын 19-мартындагы №28
«Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин “Кыргызавтожол-Түштүк” мамлекеттик ишканасына караштуу № 30 Жол эксплуатациялоо ишканасы филиалынын 2024-жылга аткарган иштери жана 2025-жылга белгиленген иш чаралары жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин “Кыргызавтожол-Түштүк” мамлекеттик ишканасына караштуу № 30 Жол эксплуатациялоо ишканасы филиалынын жетекчиси З.С.Жекшеевдин 2024-жылга аткарган иштери жана 2025-жылга белгиленген иш чаралары боюнча маалыматын угуп жана талкуулап Элмирбек Иманалиев айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин
Кыргызавтожол-Түштүк” мамлекеттик ишканасына караштуу № 30 Жол эксплуатациялоо ишканасы филиалынын 2024-жылга аткарган иштери боюнча маалыматты эске алынсын.
2.Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин“Кыргызавтожол-Түштүк” мамлекеттик ишканасына караштуу № 30 Жол эксплуатациялоо ишканасы филиалынын 2025-жылга белгиленген иш чаралары айтылган кошумчалар менен кабыл алынсын.
3. Бул токтомдун аткарылышы Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин “Кыргызавтожол-Түштүк” мамлекеттик ишканасына караштуу № 30 Жол эксплуатациялоо ишканасы филиалынын жетекчиси З.С.Жекшеевге милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын ишке ашыруу жагы Курулуш, архитектура, энергетика транспорт жана экология боюнча комиссиянын төрагасы Э.Бусурмановго
тапшырылсын.
5. Токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Т.К.Эрмекбаевге жүктөлсүн.
6. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага |
А.Т.Уметалиев |