Загрузка документа…
ЭЛМИРБЕК ИМАНАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Элмирбек Иманалиев айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги V сессиясы
2025-жылдын 19-мартындагы №29
«Элмирбек Иманалиев айыл аймагына караштуу №37 С.Чекиров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебине жаңы типтүү имарат курууга тиешелүү документтерин даярдоо жөнүндө»
Элмирбек Иманалиев айыл аймагына караштуу №37 С.Чекиров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебине жаңы типтүү имарат куруу боюнча иш аракеттерин жасоо боюнча Кыргыз Республикасынын I-II-II Элдик Курултайдын делегеты болуп шайланып келген Э.Иманалиев айыл аймагынын тургуну Э.Бакиевдин 2025-жылдын 3-февралындагы кайрылуу катын угуп жана талкуулап Элмирбек Иманалиев айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Элмирбек Иманалиев айыл аймагына караштуу №37 С.Чекиров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебине жаңы типтүү имарат куруу боюнча иш аракеттерин жасоо боюнча кайрылуу каты аткарууга алынсын.
2.Элмирбек Иманалиев айыл аймагына караштуу №37 С.Чекиров атындагы жалпы орто
билим берүүчү мектебине жаңы типтүү имарат курууга тиешелүү документтерин даярдоо боюнча иш жүргүзүү жагы айыл өкмөт башчысы М.Сатаровго милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын ишке ашыруу жагы Курулуш, архитектура, энергетика транспорт жана экология боюнча комиссиянын төрагасы Э.Бусурмановго
тапшырылсын.
4.Токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Т.К.Эрмекбаевге жүктөлсүн.
5.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага |
А.Т.Уметалиев |