Загрузка документа…
ЭЛМИРБЕК ИМАНАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Элмирбек Иманалиев айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги V сессиясы
2025-жылдын 19-мартындагы №30
«Элмирбек Иманалиев айыл аймагына караштуу Камыш Башы айылына Таза Суу чыгаруу жөнүндө»
Элмирбек Иманалиев айыл аймагына караштуу Камыш Башы айылындагы Таза Суу чыгаруу маселесинде скважина бүткөрүлүп калгандыгына байланыштуу, айылдарга таза суу тартып кетүү боюнча Кыргыз Республикасынын I-II-II Элдик Курултайдын делегеты болуп шайланып келген Э.Иманалиев айыл аймагынын тургуну Э.Бакиевди 2025-жылдын 3-февралындагы кайрылуу катын угуп жана талкуулап Элмирбек Иманалиев айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Элмирбек Иманалиев айыл аймагына караштуу Камыш Башы айылындагы Таза Суу чыгаруу маселесинде скважина бүткөрүлүп калгандыгына байланыштуу, айылдарга таза суу тартып кетүү боюнча Э.Иманалиев айыл аймагынын тургуну Э.Бакиевтин кайрылуу каты аткарууга алынсын.
2. Элмирбек Иманалиев айыл аймагына караштуу Камыш Башы айылындагы Таза Суу чыгаруу маселесинде скважина бүткөрүлүп калгандыгына байланыштуу, айылдарга таза суу тартып кетүү боюнча иш аракеттерин жасоо жагы айыл өкмөт башчысы М.Сатаровго милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Н.Бешкемпировага жүктөлсүн.
4.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага |
А.Т.Уметалиев |