Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2025-жылдын 7-ноябры № 305
Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы “Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймагынын чектерин аныктоо жөнүндө
“Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы “Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймагы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:
1. Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы “Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймагынын чектери аныкталсын.
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы “Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймагынын чектеринин сыпаттамасы 1-тиркемеге ылайык;
2) өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы “Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймагынын жерлеринин экспликациясы 2-тиркемеге ылайык.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Жарлыктан келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
4. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
1-тиркеме |
Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагынын чектеринин СЫПАТТАМАСЫ
№ 1 участок
Чектердин сыпаттамасы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагында бурулуш бурчтарынын чекиттерин инструменталдык сүрөткө тартууга ылайык жүргүзүлдү.
Чектердин сыпаттамасынын баштапкы чекити катары № 1 чекит кабыл алынды, ал аймактын түндүк-батыш бөлүгүндө, Чоң-Тамчы дарыясынын кургак нук менен кесилишинен түндүк-чыгышты көздөй түз 301 м аралыкта (№ 1 байлоо) жана эки кургак нуктун кесилишинен түштүк-чыгышты көздөй түз 451 м аралыкта (№ 2 байлоо) жайгашкан.
Чек ара № 1 чекиттен Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын жерлери менен чектешип, түз кургак сай сызыгы менен түштүк-чыгышты көздөй № 2 чекитке чейин түз 5310 м аралыкта, андан ары № 3 чекитке чейин 964 м өтөт, ал талаа жолунун кургак нук менен кесилишинен түштүк-батышта түз 253 м (№ 1 байлоо) жана эки кургак нуктун кесилишинен түз 432 м (№ 2 байлоо) аралыкта жайгашкан. Чек ара № 3 чекиттен түз кургак сай сызыгы менен түштүк-чыгышка № 4 чекитке чейин 363 м аралыкта бурулат, ал эки кургак нуктун кесилишинен түндүк-чыгышта түз 148 м аралыкта, андан ары түштүк-чыгышка № 5 чекитке чейин түз 1003 м, андан кийин № 6 чекитке чейин 264 м жайгашкан, ал кашаанын бурчунан (Шайыбек Ата айыл аймагы) түштүк-батышта түз 340 м аралыкта Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 18-июлундагы № 128 "Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлиндеги административдик-аймактык бирдиктер жөнүндө" Мыйзамына ылайык Шайыбек Ата айыл аймагынын жерлери менен чектешип, № 7 чекитке чейин 398 м аралыкта жайгашкан.
Чек ара № 7 чекиттен түштүк-батышка түз кургак сай сызыгы менен № 8 чекитке чейин 516 м аралыкта бурулат, ал талаа жолунун аталышы жок дарыя менен кесилишинен түштүк-чыгышта 207 м аралыкта жайгашкан, бул жерден чек ара чыгышка карай № 9 чекитке чейин 278 м аралыкта өтөт, ал эки айыл аймагынын чек арасында, талаа жолунун аталышы жок дарыя менен түндүк-чыгыш кесилишинде 324 м аралыкта жайгашкан.
Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 18-июлундагы № 128 "Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлиндеги административдик-аймактык бирдиктер жөнүндө" Мыйзамына ылайык чек ара № 9 чекиттен Шайыбек Ата айыл аймагынын жерлери менен чектешип, түштүк-чыгышты көздөй түз кургак сай сызыгы менен № 10 чекитке чейин 1228 м аралыкта, андан ары № 11 чекитке чейин 704 м өтөт.
Чек ара № 11 чекиттен Шайыбек Ата айыл аймагынын жерлери менен чектешип, түштүк-чыгышты көздөй түз кургак сай сызыгы менен № 12 чекитке чейин 2128 м аралыкта өтөт, бул кургак жардын жер нугундагы канал менен кесилишинен түштүк-чыгышта 171 м (№ 1 байлоо) аралыкта жана эки кургак нуктун кесилишинен түндүк-чыгышка 153 м аралыкта жайгашкан.
Чек ара № 12 чекиттен түз кургак сай сызыгы менен төмөнкү аралыктарда түштүк-батышка бурулат: № 13 чекитке чейин 284 м, андан кийин Шайыбек Ата айыл аймагынын жерлери менен чектешүү аяктаган 382 м аралыкта жана № 14 чекитке чейин (лотоктуу каналда жайгашкан) Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын жерлери менен чектешүү башталган 147 м аралыкта, андан ары бастырманын бурчунан түштүк-батышка 131 м аралыкта. Чек ара ушул чекиттен түштүк-чыгышка түз кургак сай сызыгы менен төмөнкү багыттарга түз бурулат: Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын 261 м жери менен чектешет, № 15 чекитке чейин Шайыбек Ата айыл аймагынын 261 м жери менен чектешет, ал түштүк-чыгышта эки кургак нуктун кесилишинен (№ 1 байлоо) 69 м аралыкта жана түндүк-чыгышка эки кургак нуктун (№ 2 байлоо) кесилишинен түндүк-чыгышка 228 м аралыкта жайгашкан.
Чек ара № 15 чекиттен түз үзүк сызыктар менен төмөнкү багыттарда жана аралыктарда түз өтөт: № 16 чекитке чейин 448 м түштүк-чыгышка, ал каналдын кургак жар менен кесилишинен 174 м аралыкта (№ 1 байлоо) түштүк-батышта, андан кийин каналдын кургак жар менен кесилишинен 100 м (№ 2 байлоо) түндүк-батышка, түндүк-чыгышка № 17 чекитке чейин 559 м, ал жер нугундагы (№ 1 байлоо) эки каналдын кесилишинен түштүк-чыгышка карай 316 м аралыкта, андан ары жер нугундагы (№ 2 байлоо) эки каналдын кесилишинен түндүк-чыгышка карай 321 м аралыкта, түштүк-чыгышка № 18 чекитке чейин 332 м жайгашкан, ал жер нугундагы эки каналдын кесилишинен түндүк-батышта 85 м аралыкта, түндүк-чыгышка № 19 чекитке чейин 56 м жайгашкан, ал жер нугундагы эки каналдын кесилишинен түндүк-батышты көздөй 85 м аралыкта, андан кийин түндүк-батышка № 20 чекитке чейин 98 м, түндүк-чыгышка № 21 чекитке чейин 471 м жайгашкан, ал талаа жолунун кургак жар менен кесилишинен түндүк-батышка 126 м аралыкта, түштүк-чыгышка № 22 чекитке чейин 227 м, түндүк-чыгышка № 23 чекитке чейин 39 м жайгашкан, ал курулманын бурчунан түндүк-батышта 76 м аралыкта жайгашкан, андан ары түштүк-чыгышка № 24 чекитке чейин 248 м, ал Чок-Тал айылынын үйүнүн бурчунун түштүк-батышында 24 м аралыкта жайгашкан.
Андан ары чек ара жалпы түштүк-батышты көздөй түз үзүк сызыктар менен төмөнкү аралыктарда бурулат: № 25 чекитке чейин 476 м, № 26 чекитке чейин 167 м, № 27 чекитке чейин 159 м, № 28 чекитке чейин 195 м, № 29 чекитке чейин 39 м, № 30 чекитке чейин 109 м, № 31 чекитке чейин 95 м, № 32 чекитке чейин 85 м, андан кийин түштүк-чыгышка № 33 чекитке чейин 365 м, андан ары түштүк-батышка 491 м республикалык маанидеги Бишкек - Каракөл автожолунун бөлүнгөн тилкесинде № 34 чекитке чейин, мында Шайыбек Ата айыл аймагынын жерлери менен чектешүү аяктайт.
Чек ара № 34 чекиттен Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын жерлери менен чектешип, жалпы түштүк-батышты көздөй республикалык маанидеги Бишкек - Каракол автожолунун бөлүнгөн тилкесинде төмөнкү аралыктарда түз өтөт: № 35ке чейин 440 м, № 36 чекитке чейин 748 м, № 37 чекитке чейин 409 м, № 38 чекитке чейин 186 м, № 39 чекитке чейин 110 м, № 40 чекитке чейин 221 м.
Чек ара № 40 чекиттен түндүк-батышка бурулуп, талаа жолуна чыгат жана бул жолдун огу боюнча 152 м аралыкта № 41 чекитке жетет, ушул эле жол менен 327 м № 42 чекитке чыгат. Бул чекиттен чек ара жалпы түштүк-батышты көздөй түз кургак сай сызыгы менен төмөнкү аралыктарда бурулат: № 43 чекитке чейин 89 м, № 44 чекитке чейин 595 м, № 45 чекитке чейин 219 м, ал талаа жолунун кургак нук менен кесилишинен түштүк-батышты көздөй 266 м аралыкта (№ 1 байлоо), андан ары лотоктуу каналдын бурулушунан түндүк-чыгышка 375 м аралыкта жайгашкан.
Чек ара № 45 чекиттен батышка карай 873 м аралыктагы түз кургак жер сызыгы менен № 46 чекитке чейин барат, ал жер нугунда эки каналдын кесилишинин түштүк-чыгышында 180 м аралыкта жайгашкан. Андан ары чек ара 177 м аралыкта түндүк-батышка бурулат жана жер нугунда эки каналдын кесилишинин түндүк-чыгышында 195 м (№ 1 байлоо) аралыкта жайгашкан № 47 чекитке, андан кийин жер нугунда эки каналдын кесилишинен 249 м түштүк-чыгышка чыгат (№ 2 байлоо). Андан ары чек ара 624 м аралыкта түндүк-чыгышка карай № 48 чекитке чейин бурулат. Андан кийин чек ара түндүк-батышты көздөй 12 м аралыкта № 49 чекитке чейин бурулат. Чек ара ушул чекиттен 553 м аралыкта № 50 чекитке чейин түндүк-чыгышка бурулат.
Чек ара № 50 чекиттен кургак жер үзүк сызыктары менен төмөнкүдөй багыттарда: № 51 чекитке чейин түндүк-батышка 350 м, № 52 чекитке чейин 503 м, андан кийин № 53 чекитке чейин түштүк-батышка 375 м, № 54 чекитке чейин түндүк-батышка 107 м, № 55 чекитке чейин түштүк-батышка 176 м, жер нугунда эки каналдын кесилишинен 281 м аралыкта түштүк-батышты көздөй жайгашкан № 56 чекитке чейин 1146 м (№ 1 байлоо), андан кийин кесилишкен эки талаа жолдорунан түндүк-чыгышка 181 м аралыкта (№ 2 байлоо) өтөт. Чек ара № 56 чекиттен түштүк-батыш багытында 1183 м аралыктагы түз кургак жер сызыгы менен түштүк-батышты көздөй эки талаа жолунун кесилишинен түз сызык боюнча 321 м аралыкта жайгашкан № 57 чекитке чейин (№ 1 байлоо), эки кургак нуктун кесилишинен түштүк-чыгышка 210 м аралыкта өтөт (№ 2 байлоо). Чек ара бул чекиттен 5261 м аралыктагы түз кургак жер сызыгы менен түндүк-батышты көздөй бурулат жана № 58 чекитке чыгат, ал эки кургак нуктун кесилишинин түштүк-чыгышында 176 м аралыкта (№ 1 байлоо) жана талаа жолунун кургак нук менен кесилишинен түндүк-чыгышка 150 м аралыкта жайгашкан (№ 2 байлоо).
Чек ара № 58 чекиттен түндүк-чыгышка 1187 м аралыктагы түз кургак жер сызыгы менен эки кургак нуктун кесилишинде түштүк-чыгыш багытында 351 м аралыкта жайгашкан № 59 чекитке чейин, (№ 1 байлоо), андан ары эки кургак нуктун кесилишинен 320 м аралыкта түштүк-батышка бурулат (№ 2 байлоо). Чек ара бул чекиттен жалпы түндүк-батыш багыты боюнча төмөнкүдөй аралыктарда өтөт: № 60 чекитке чейин 680 м, № 61 чекитке чейин 1449 м, талаа лагеринин бурчунан (бастырманын бурчу) 147 м аралыкта түштүк-чыгышта жайгашкан № 62 чекитке чейин 738 м (№ 1 байлоо), Чоң-Тамчы дарыясынын талаа жолу менен кесилишинен түндүк-чыгышка 316 м (№ 2 байлоо), чектердин сыпаттамасы аяктаган баштапкы № 1 чекитке чейин 1876 м.
№ 2 участок
Чектердин сыпаттамасы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагынын бурулуш бурчтарынын чекиттерин инструменталдык сүрөткө тартууга ылайык жүргүзүлгөн.
Чектердин сыпаттамасынын баштапкы чекити катары № 1 кабыл алынган, ал аймактын түндүк-батыш бөлүгүндө, мусулман көрүстөнүнүн бурчунан түштүк-чыгышты көздөй түз сызык боюнча 117 м (№ 1 байлоо) жана республикалык маанидеги Бишкек - Каракол автожолу менен талаа жолунун кесилишинен түндүк-чыгышты көздөй түз сызык боюнча 394 м аралыкта жайгашкан (№ 2 байлоо).
Чек ара № 1 чекиттен республикалык маанидеги Бишкек - Каракол автожолуна бөлүнгөн тилке боюнча Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын жерлери менен чектешип, жалпы түндүк-чыгыш багыты боюнча төмөнкүдөй аралыктар менен өтөт: № 2 чекитке чейин 85 м, № 3 чекитке чейин 32 м, № 4 чекитке чейин 38 м, № 5 чекитке чейин 93 м, № 6 чекитке чейин 49 м, № 7 чекитке чейин 50 м, № 8 чекитке чейин 108 м, № 9 чекитке чейин 110 м, № 10 чекитке чейин 36 м , № 11 чекитке чейин 193 м, № 12 чекитке чейин 18 м, № 13 чекитке чейин 81 м, № 14 чекитке чейин 263 м, № 15 чекитке чейин 266 м, № 16 чекитке чейин 408 м, № 17 чекитке чейин 288 м, Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын жерлери менен чектешүү аяктаган № 18 чекитке чейин 358 м, Шайыбек Ата айыл аймагынын жерлери менен чектешкен, автожолдун бурулушунан түштүк-батышта "Кооператор" пансионатына чейин 579 м аралыкта жайгашкан № 19 чекитке чейин 120 м.
Чек ара № 19 чекиттен түштүк-чыгышты көздөй 493 м аралыктагы түз кургак жер сызыгы менен № 20 чекитке чейин бурулат, ал автожолдун "Кооператор" пансионатына карай экинчи бурулушунан түштүк-батышты көздөй 585 м аралыкта жайгашкан.
Чек ара № 20 чекиттен жалпы түштүк-батышты көздөй кургак жер үзүк сызыгы менен төмөнкү аралыктарга бурулат: № 21 чекитке чейин 112 м, № 22 чекитке чейин 123 м, № 23 чекитке чейин 194 м, № 24 чекитке чейин 139 м, № 25 чекитке чейин 24 м, № 26 чекитке чейин 98 м, № 27 чекитке чейин 45 м, № 28 чекитке чейин 77 м, № 29 чекитке чейин 37 м, № 30 чекитке чейин 60 м, № 31 чекитке чейин 84 м, № 32 чекитке чейин 83 м, № 33 чекитке чейин 54 м, № 34 чекитке чейин 134 м, № 35 чекитке чейин 132 м, № 36 чекитке чейин 249 м, № 37 чекитке чейин 40 м, № 38 чекитке чейин 17 м, № 39 чекитке чейин 69 м, № 40 чекитке чейин 145 м, № 41 чекитке чейин 131 м, № 42 чекитке чейин 192 м, № 43 чекитке чейин 94 м, № 44 чекитке чейин 44 м, № 45 чекитке чейин 58 м, № 46 чекитке чейин 48 м, мусулмандардын көрүстөнүнүн бурчунан түштүк-батышта 474 м аралыкта жайгашкан № 47 чекитке чейин 4 м.
Чек ара № 47 чекиттен түндүк-батышты көздөй 45 м алыстыктагы түз кургак жер сызыгы менен № 48 чекитке чейин бурулат, чек ара бул чекиттен ошол эле багытта 358 м аралыкта өтөт жана баштапкы № 1 чекитке чыгат.
№ 3 участок
Чектердин сыпаттамасы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагынын бурулуш бурчтарынын чекиттерин инструменталдык сүрөткө тартууга ылайык жүргүзүлгөн.
Чектердин сыпаттамасынын баштапкы чекити катары аймактын түндүк-батыш бөлүгүндө жайгашкан Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын жерлери менен чектеш № 2 участокко жанаша турган № 1 чекит кабыл алынган.
№ 1 чекиттен парк-пляж зонасынын чек арасы кургак жер үзүк сызыгынын жалпы түндүк-чыгыш багыты боюнча төмөнкү аралыктарда: № 2 чекитке чейин 4 м, № 3 чекитке чейин 48 м, № 4 чекитке чейин 58 м, № 5 чекитке чейин 44 м, № 6 чекитке чейин 94 м, № 7 чекитке чейин 192 м, № 8 чекитке чейин 131 м, № 9 чекитке чейин 145 м, № 10 чекитке чейин 69 м , № 11 чекитке чейин 17 м, № 12 чекитке чейин 40 м, № 13 чекитке чейин 249 м, № 14 чекитке чейин 132 м, № 15 чекитке чейин 134 м, № 16 чекитке чейин 54 м, № 17 чекитке чейин 83 м, № 18 чекитке чейин 84 м, № 19 чекитке чейин 60 м, № 20 чекитке чейин 37 м, № 21 чекитке чейин 77 м, № 22 чекитке чейин 45 м, № 23 чекитке чейин 98 м, № 24 чекитке чейин 24 м, № 25 чекитке чейин 139 м, № 26 чекитке чейин 194 м, № 27 чекитке чейин 123 м өтөт, бул жерде Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын жерлери менен чектешүү аяктайт.
Чек ара № 27 чекиттен Шайыбек Ата айыл аймагынын жерлери менен чектешип, түштүк-батышты көздөй 112 м аралыктагы түз кургак жер сызыгы менен № 28 чекитке чейин барат. Бул чекиттен чек ара түштүк-чыгышты көздөй 163 м аралыкта № 29 чекитке чейинки түз кургак жер сызыгы менен барат, ал Ысык-Көлдүн суусунун жээгинде жайгашкан.
Чек ара № 29 чекиттен 116 м аралыкта түндүк-батышты көздөй бурулат, мында Шайыбек Ата айыл аймагынын жерлери менен чектештиги аяктайт жана № 30 чекитке чейин 69 м аралыкта Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын жерлери менен чектештиги башталат.
Чек ара № 30 чекиттен Ысык-Көлдүн жээги менен төмөнкү багыттар боюнча төмөнкүдөй аралыктар менен түз үзүк сызыгы менен өтөт: № 31 чекитке чейин түштүк-батышка 54 м, № 32 чекитке чейин 91 м, № 33 чекитке чейин түндүк-батышка 104 м, № 34 чекитке чейин түштүк-батышка 72 м, № 35 чекитке чейин 83 м, № 36 чекитке чейин батышка 125 м, № 37 чекитке чейин түштүк-батышка 42 м, № 38 чекитке чейин 69 м, № 39 чекитке чейин 43 м, № 40 чекитке чейин 48 м, № 41 чекитке чейин 36 м, № 42 чекитке чейин 44 м, № 43 чекитке чейин 103 м, № 44 чекитке чейин 45 м, № 45 чекитке чекин 73 м, № 46 чекитке чейин 65 м, № 47 чекитке чейин 56 м, № 48 чекитке чейин 119 м, № 49 чекитке чейин 211 м, № 50 чекитке чейин 143 м, № 51 чекитке чейин 195 м, № 52 чекитке чейин 179 м, № 53 чекитке чейин 113 м, № 54 чекитке чейин 173 м, № 55 чекитке чейин 12 м.
Чек ара андан ары 102 м аралыкта түндүк-батышка бурулат жана № 1 чекиттин чектеринин сыпаттамасынын баштапкы чекитине чыгат.
№ 4 участок
Чектердин сыпаттамасынын баштапкы чекити катары аймактын түндүк-батыш бөлүгүндө жайгашкан Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын жерлери менен чектеш № 3 участокко тийип турган № 1 чекит кабыл алынган.
Чек ара № 1 чекиттен Ысык-Көлдүн жээги менен кургак жер үзүк сызыгынын жалпы түндүк-чыгыш багыты боюнча төмөнкү аралыктарда өтөт: № 2 чекитке чейин 186 м, № 3 чекитке чейин 113 м, № 4 чекитке чейин 179 м, № 5 чекитке чейин 195 м, № 6 чекитке чейин 143 м, № 7 чекитке чейин 210 м, № 8 чекитке чейин 119 м, № 9 чекитке чейин 56 м, № 10 чекитке чейин 65 м, № 11 чекитке чейин 73 м, № 12 чекитке чейин 46 м, №13 чекитке чейин 103 м, № 14 чекитке чейин 43 м, № 15 чекитке чейин 36 м, № 16 чекитке чейин 48 м, № 17 чекитке чейин 43 м, № 18 чекитке чейин 69 м, № 19 чекитке чейин 42 м, № 20 чекитке чейин 125 м, № 21 чекитке чейин 83 м, № 22 чекитке чейин 71 м, № 23 чекитке чейин 104 м, № 24 чекитке чейин 91 м, № 25 чекитке чейин 54 м, № 26 чекитке чейин 185 м.
Чек ара № 26 чекиттен Ысык-Көл боюнча түштүк-батышты көздөй 200 м аралыкта № 27 чекитке чейин барат. Чек ара бул чекиттен түндүк-батышты көздөй 138 м аралыкта № 28 чекитке чейин созулат.
Чек ара № 28 чекиттен 105 м аралыкта № 29 чекитке чейин түндүк-батышка бурулат. Чек ара бул чекиттен багытын № 30 чекитке чейин 101 м аралыкта түндүк-батышты көздөй өзгөртөт.
Чек ара № 30 чекиттен Ысык-Көл менен жалпы түштүк-батыш багыты боюнча төмөнкү аралыктар менен түз сызык аркылуу өтөт: № 31 чекитке чейин 42 м, № 32 чекитке чейин 71 м, № 33 чекитке чейин 22 м, № 34 чекитке чейин 22 м, № 35 чекитке чейин 121 м, № 36 чекитке чейин 60 м, № 37 чекитке чейин 70 м, № 38 чекитке чейин 41 м, № 39 чекитке чейин 35 м, № 40 чекитке чейин 105 м, № 41 чекитке чейин 46 м, № 42 чекитке чейин 30 м, № 43 чекитке чейин 102 м, № 44 чекитке чейин 53 м, № 45 чекитке чейин 49 м, № 46 чекитке чейин 173 м, № 47 чекитке чейин 146 м, № 48 чекитке чейин 120 м, № 49 чекитке чейин 176 м, № 50 чекитке чейин 176 м, № 51 чекитке чейин 271 м.
Андан ары чек ара 200 м аралыкта түндүк-батышка бурулат жана № 1 чекиттин чектеринин сыпаттамасынын баштапкы чекитине чыгат.
|
| 2-тиркеме |
Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагынын жерлеринин ЭКСПЛИКАЦИЯСЫ
Жердин түрү | Жалпы | Шайыбек Ата айыл аймагы | Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагы |
Айыл чарба багытындагы жерлер: | 5768,83 | 186,77 | 5582,06 |
кайрак айдоо | 34,64 | 0,00 | 34,64 |
бакчалар | 38,96 | 12,35 | 26,61 |
жайыттар | 3736,2 | 131,06 | 3605,14 |
токой аянттары | 1798,62 | 31,95 | 1766,67 |
токой фондуна кирбеген токой аянттары | 31,75 | 0,40 | 31,35 |
суу астындагы жерлер | 85,9 | 3,83 | 82,07 |
жолдор, мал өтүүчү жерлер | 14,13 | 0,54 | 13,59 |
коомдук курулуштар, короо-жайлар, көчөлөр | 3,12 | 0,22 | 2,90 |
башка жерлер | 25,51 | 6,42 | 19,09 |
Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргоонун жерлери жана башка багыттагы жерлер | 146,34 | 36,54 |
|