Загрузка документа…
САРЫ-ЧЕЛЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Челек айылдык кеӊешинин IХ чакырылышынын
кезексиз II сессиясы
2024-жылдын 28-декабры №2/3
«Сары-Челек айыл аймагына караштуу Кызыл –Туу айылындагы бала бакчага Улуу Ата Мекендик согуштун жана эмгектин ардагери Чондубаев Абасбек атындагы «Күн Нуру» бала бакчасы деген ат берүү жөнүндө»
Сары-Челек айыл аймагынын 2024-жылдын 25-декабрындагы 01-3/293 сандагы сунушуна жана айылдык Кеңештин «Укук,мыйзам жана этика»маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 26-декабрындагы корутундусуна негиз,сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Сары-Челек айыл аймагына караштуу Кызыл –Туу айылындагы бала бакчага Улуу Ата Мекендик согуштун жана эмгектин ардагери Чондубаев Абасбек атындагы «Күн Нуру» бала бакчасы деген ат ыйгарылсын.
2.Сары-Челек айыл аймагына тиешелүү иш кагаздарын жана базасын ушул токтомго ылайык жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Айткуловго милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары А.Шайдиевге жүктөлсүн.
4.Аталган токтомду расмий жарыялоо,Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык Кеңештин жооптуу катчысы У.Барпиевге тапшырылсын.
5.Токтом мамлекеттик тилде жазылды.
Төрага |
Н.Абдыраманов |